Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 24.11.2023

Садыр Жапаров Бакуда БУУнун Борбор Азия экономикасы үчүн программасынын саммитине катышат

Azattyk.org 

24-ноябрда Азербайжандын борбору Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Борбор Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Ага катышуу үчүн президент Садыр Жапаров 23-ноябрда Бакуга барганын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиевдин айтымында, Атайын программанын 25 жылдыгы белгиленген саммит Азербайжандын төрагалыгы алдында өтөт. Анда өлкө лидерлери экономикалык кызматташтыктагы маселелерди талкуулап... Читать дальше...

“ЦУМ” соода борборунун башкаруучу компаниясынын жетекчиси кармалды

Azattyk.org 

“Сити Центр” ишканасынын башкы директору Ж.З. кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (К.Асанбектин) кылмыш жолу менен алынган кирешелерин адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы 24-ноябрда билдирди.  Маалыматка ылайык, шектүү 22-ноябрда кармалып, УКМКнын тергөө абагынын убактылуу камоочу жайына киргизилди. Ага Кылмыш кодексинин 222-беренеси (“Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди адалдоо”) менен айып тагылды. Читать дальше...

Исмаилова: "Бир дүйнө Кыргызстан" фестивалында режиссер Купистинин тасмасы жабык көрсөтүлөт

Azattyk.org 

Италиялык режиссер Барбара Купистинин "Согуш мезгилиндеги жазуулар" деп аталган тасмасы адам укуктары боюнча документалдуу фильмдердин "Бир дүйнө Кыргызстан" эл аралык фестивалында жабык көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова "Азаттыкка" билдирди. "Кыргызтасмасы" мамлекеттик киноборбору аталган тасманы кинофестивалдын алкагында көрсөтүүгө тыюу салган. "Мындай тыюу Кыргызстандын Баш мыйзамына, эл аралык нормаларга туура келбейт. Эл аралык фестивалда... Читать дальше...

Улак тартып, ат таптаган лакайлар

Azattyk.org 

Тажикстанда өздөрүн лакайлар деп атаган түрк тилдүү этностун өкүлдөрү жашашат.“Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчысы бул уникалдуу элдин жашоосу, кылымдар бою сакталып келаткан каада-салты менен таанышып келди.

600 мектептин башталгыч класстарына ысык тамак берилет

Azattyk.org 

Кыргызстандагы 600 мамлекеттик мектептеги башталгыч класстын окуучулары үчүн акысыз ысык тамак уюштурулган. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева КМШ мамлекеттеринин мектептериндеги ысык тамакты уюштуруу боюнча форумда билдирди. Министр башталгыч класстын балдарына пайдалуу ысык тамак берүү окуучулардын сапаттуу билим алышын камсыздап, балдардын билимге ынтызарлыгын күчөтөрүн айтты. Кендирбаева мектеп окуучуларына ысык тамак берүүдө Бириккен улуттар... Читать дальше...

Тасмагамбетов Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара маселеси чечилип жатканын белгиледи

Azattyk.org 

Жамааттык коопсуздук келишим уюумунун (ЖККУ) баш катчысы Имангали Тасмагамбетов уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин жакынкы аралыкта чечерине ишенерин белгиледи. Тасмагамбетов бул тууралуу 23-ноябрда журналисттерге айтканын ТАСС жазды. "Мамлекет башчылары сүйлөшүүлөр жакшы жакка өнүккөнүн белгилеп, маселе жакын арада чечилерине ишеничин билдиришти, - деген баш катчы ошондой эле кыргыз-тажик чек ара маселесинин жөнгө салынышы - жалпы аймак үчүн жакшы, маанилүү фактор экенин белгиледи. Читать дальше...

Түркмөнстандык укук коргоочу Түркияга киргизилген жок

Azattyk.org 

Болгарияда жайгашкан Түркмөн Хельсинки фондунун жетекчиси Тажигүл Бегмедова 22-ноябрда Стамбул аэропортуна келгенде кайра Болгарияга депортацияланган. Укук коргоо уюмунун сайтындагы маалыматка караганда, ага Түркияга кирүүгө беш жылга тыюу салынган. Бегмедова Стамбулдан Бишкекке учуп, адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын "Бир дүйнө Кыргызстан 2023" эл аралык фестивалына катышмак. Аэропортто паспорттук текшерүүдөн кийин аны өлкөгө кирүүгө тыюу салынган адамдардын бөлмөсүнө алып кетишкен. Читать дальше...

"Колу ириңдеп кеткен". Азаматтын өлүмү, медиктердин жоопкерчилиги

Azattyk.org 

Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында каза болгон 38 жаштагы бейтаптын өлүмүнө байланыштуу териштирүү бүткөнчө бөлүм башчы жана бөлүмдүн дарыгери кызматынан четтетилди. 7-ноябрда столдон кулап, колу сынган Азамат Асанкожоев ооруканага кайрылган. Көп өтпөй ага операция жасалып, колу кесилген. Маркумдун жакындары анын өлүмүнө дарыгерлерди айыптап, прокуратурага да кайрылды. Оорукана жетекчилиги бейтапка бардык керектүү жардамды көрсөтүүгө аракет болгонун айтышууда. Адистер бейтап... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *