Газа тилкесинде ХАМАС радикал тобунун барымтасында турган дагы 14 киши 29-ноябрдын кечинде бошотулду. Алардын 10у Израилдин жараны, экөө Таиланддын тургундары экени маалымдалды. Анын алдында Орусия менен Израилдин кош жарандыгы бар эки аял бошотулганы айтылган.
АКШ жана Евробиримдик террордук уюм деп тааныган ХАМАС тобу менен Израилдин ортосундагы ок атышпоо режиминин алтынчы күнү аяктады. Маалымат каражаттары эл аралык арачылар Газа тилкесинде ок атпоо режимин улантуу аракетин көрүп жатканын жазды.
Израил ХАМАС менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө элек. Сүйлөшүүлөр Катар, Египет жана кээде АКШнын ортомчулугу менен өтүүдө.
24-ноябрда жаатташкан эки тараптын ортосунда ок атышпоо жана туткундарды айырбаштоо келишими күчүнө кирген. Убактылуу тынчтык режими алгач төрт күнгө макулдашылып, кийин дагы эки күнгө узартылган. Бул аралыкта ХАМАС радикал уюму барымтадан 51 туткунду бошоткон. Израилдин түрмөлөрүнөн бошотулган палестиндердин саны 350гө жетти.
ХАМАСтын согушкерлери Израилге 7-октябрда кол салып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган.
Газада согуш башталганы 15 миңдей палестин набыт болуп, гуманитардык кризис уланууда. БУУ соңку күндөрү толук курчоодо калган анклавга гуманитардык жардам киргизүүнү көбөйттү. Бирок ал деле Газа тилкесинде аргасыз жер которгон 1.8 миллион тургундун "эң зарыл керектөөсүнө өп-чап жетерин" дүйнөлүк уюм эскертти.
Представлен кооперативный геймплей Warhammer 40,000: Space Marine 2
Мафия-НН: отличная команда сплоченных коллег, которые стали друг другу почти как семья.
Today's Wordle answer for Sunday, May 26
Bungie wins a little walkin' around money in first of its kind jury trial against Destiny 2 cheat maker, but the victory will likely make it even easier for game companies to keep taking cheaters to court
Компания ICDMC приняла участие в торжественном открытии выставки “Тульское качество”
Врач Бобрикова: маска и очки помогут аллергикам защититься от тополиного пуха
Эксперт сенсационно раскрыл загадку Мессинга и Жириновского.
Лидер движения «Всеармянский фронт» Аршак Карапетян 24 мая 2024 года встретился с членами Координационного совета российско-армянских организаций России и политологами
Доктор Кутушов заявил, что оливковое масло предотвращает повреждение мозга
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Соцфонд с начала года обеспечил техническими средствами реабилитации 13,6 тыс. детей с инвалидностью
Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о импортозамещении в сфере фармации
Ведущий стоматолог клиники «Мегастом» Владимир Лосев: болезни полости рта, которые мы можем не замечать