Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Жаңы салык эрежеси: "Дордойдо" митинг, "Мадинада" иш таштоо

0

Бишкектеги "Дордой" базарынын соодагерлери жаңы салык системасына каршы митингге чыгышты. Ал эми "Мадина" базарларынын соодагерлери иш таштады. Айрым маалымат каражаттары "Орто-Сай" базарында иштегендер да нааразылык акциясы өткөнүн жазып, видеолорун таратышты.

Соодагерлердин нааразылыгы

Бир күн мурда Оштогу Кара-Суу базарынын сатуучулары акция өткөрүшкөн.

30-ноябрда нааразылык акциясына чыккан “Дордой” базарынын айрым соодагерлери Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана тиешелүү мекеме жетекчилердин келишин талап кылышты.

Алар көзөмөл-кассалык машинесин (ККМ) колдонууга каршы чыгып, өкмөт патент менен иштөө системасын калтырып, ишкерлерге шарт түзүп бериши керектигин айтышууда.

"Дордойдо" акция учурунда чогулгандардын Акылбек Жапаровдун кеңешчиси Урмат Токтожумаев менен пикир келишпестик чыгып, аны милиция элдин арасынан чыгарып кетти. Соодагерлердин бири Урмат Байматов ызы-чууга эмне негиз болгонун айтып берди.

"Ал менден «эмнеге антип атасың, эмнеге антип сүйлөйсүң, кайсы өтмөктө иштейсиң, эртең көрөбүз, сүйлөшөбүз» деди. Мейли, ал киши премьер-министрдин өкүлү экен, биз чагымга алдырбайлы. Бизге ызы-чууну кереги жок, биз митинг же бийликтин алмашуусун каалабайбыз. Биз андан көрө ушул аянтты колдонуп туруп, Садыр Жапаровго кайрылалы. Патент системасын калтыргыла!", - деди ал.

Кагазга байланган түйшүк көп

Чогулгандар ошондой эле өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылышты. Ишкерлер жаңы салык саясаты бир катар элди жумушсуз калтырып, кирешени азайтат деп кооптонууда.

"Кагазга байланган түйшүк көп болуп атат. Мисалы, "Мадина" базарынан алган 10 рулон кездемеден кийим тигип, анын ар бирин базага киргизип, сатыкка чыгарганда ар бири үчүн эсеп-фактура жазуу талабы коюлууда. "Ошол документ менен Орусиядан же Казакстандан келген аларман алып кетет товарды" деп атат. Ушундай чабал системанын айынан соодагерлер азыр кыйналып жатат. Биз мындан ары кандай иштешти, эмне кылышты билбей турабыз. Анын баары ашыкча түйшүк жана убара. Биз алган товарыбыз үчүн дароо салык төлөйт экенбиз, анын баары сатылбайт да. Арасында кайра бизге "жараксыз" деп жөнөтүлгөндөрү болот, аны биз же сата албайбыз, же жок кыла албайбыз. Анын чыгымын ким төлөйт? А биз болсо ал үчүн эбак салыгын төлөп коюп атпайбызбы", - деди Урмат Байматов.

30 жылдан ашык "Дордойдо" иштеген Елена Турдалиева буларды айтты:.

"Биз патенттен сырткары ижара акысын, бул жердеги коопсуздукту сактоочуларга, тазалыкты карагандарга, айтор барына акча төлөйбүз. Эми булар салыкты дагы көтөрөбүз деп атышат, анда биз бекер иштеп аткан болуп калабыз. Мисалы, кенедей арабасына салып самын саткандар да салык төлөйт экен. 15 сомдук самын сатса, кирешеси айына ашып кетсе 10 миң сом болсо, алар эмнесине салык төлөйт? Пенсияга бир аз акча кошуп коюшат дагы кайра эле барына бааны көтөрүп салып атышат. Мен мисалы "Дордойдо" иштейм деп бир бутуман ажырап, протез тагып жүрөм, бул базардын суугуна өздөрү келип иштеп көрүшсүнчү. Азыр эл өзүн өзү багып аткан учур. Ушул күнгө чейин бир да шарт түзүлгөн жок базарда. Кайсы жерге барба суук, унаа токтотконго жер жок, жайында бир көлөкө жок. Талап кылардан мурда шарт түзүш керек. Биз патентти калтыраса, анын баасын эки эсе көбөйтсө төлөп берүүгө макулбуз. Өзгөчө режимдин бизге кереги жок".

"Дордой" базарындагы ишкерлер менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров келерки аптада жолукмай болду.

Ушундай эле талапты "Мадина" базарынын соодагерлери да койду. Алар 30-ноябрда иш таштады. Бул базар өзгөчө режимде салык төлөйт деген статуска ээ эмес. Ошондуктан 1-январдан тарта бир топ кыйынчылыктар болорун ишкер Нурбек Шайбылдаев белгиледи.

 

"ККМ, ЭТТН, ЭСФ дегенди жок кылып бергиле, бизде ага шарт жок. Бизди жеке ишкер деген статус алгыла деп жатышат. Биз салыктан качпайбыз, төлөйбүз, бирок биз күндө отчет тапшырууга шартыбыз жок. Ал үчүн юрист, эсепчи болушу керек экен. Жеке ишкер деген статусту ишкананын статусуна теңеп коюшууда. Маселен, биз виртуалдык кампа ачып, келген-чыккан товарды эсептеп, жазып турушубуз керек экен. Буга биз жетишпейбиз".

"Мадинада" көп жылдан бери кездеме саткан Анаргүл Назирова салык төлөөнүн жаңы шарттары чоң коррупцияга жол ачат деген пикирде.

"Кездеме ташыган карго кызматчылары бизге товар сатканда эсеп-фактураларын беришпейт, демек биз да өз алармандарыбызга кездеме сатканда эч кандай эсеп-фактурасын бере албайбыз. Бул бизди чыныгы коррупцияга түртөт, маселен салык кызматынан адистер келип, бизди улам чукуй баштайт".

Ушундай эле талаптар менен Бишкектеги Орто-Сай базарында иштегендер да акцияга чыгышты.

Бир күн мурда, Оштогу Кара-Суу базарынын 300дөн ашык соодагери кыргыз өкмөтүнүн салык саясатына нааразы болуп митингге чыккан. Алар көзөмөл-кассалык аппаратын иштетүүгө, электрондук эсеп-фактура толтурууга каршылыгын билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев кырдаал чоң базарларда иштеген соодагерлердин маалыматы жоктугунан чыгып жатат деген пикирде. Парламент жыйынында ал салык кызматын түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.

“Киреше 8 миллиондон ашса эмне болот, 10 миллиондон ашса кандай болот, 20 миллиондон көп болсо эмне болот, эч ким билбейт. Ушундан улам чатак чыгып атат. Өкмөт ушул чоң базарларга салык системасын жакшы билген адистерди жиберсеңер. Барып 10 күн түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. Иштебесеңер айткыла да биз барып түшүндүрөлү”,- деди Түлөбаев.

Кара-Суудагы акциядан кийин Мамлекеттик салык кызматы маалымат таратып, аталган базарда иштеген ишкерлер көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуудан бошотула турганын билдирген.

Маалыматта салык мыйзамдары боюнча Кыргызстанда стратегиялык объектилерге кирген "Дордой", “Тураталы эл базары” (Кара-Суу-ред.) базарларындагы ишкерлер өзгөчө салык режими менен иштей турганы белгиленген.

Салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычов 30-ноябрда Жогорку Кеңеште "өзгөчө салык режими" тууралуу маалымат берди.

Ал“Дордой” жана "Кара-Суу" базарлары бири-бирине товар саткан учурда ККМ, ЭТТН жана ЭСФ колдонулбай турганын, ал эми, мисалы, “Дордойдон” сатып алып, Бишкектеги соода борборлорунан сата турган болсо, ал “өзгөчө режимден” тышкары деп эсептелерин жана эсеп-фактураны жаздыртып кетиши керек болорун айтты. Эгер товар Кыргызстандан тышкары, экспортко кетсе, бул документтерди колдонуу талап кылынбайт.

““Өзгөчө режим” деп кирип жатат. Кыргызстанда товар келип, таратылуучу эң чоң базарлар “Дордой” жана "Кара-Суу". Салык кодексине өзгөртүү киргизип жатканда ошол тараптан ишкерлерди чакырып, режимдерди чогуу иштеп чыккан элек. Алар патентке окшош эле системаны калтырып берүүнү суранган. Патентте 8 миллион сомго чейин деген чектөө бар, а “Дордойдо” соода жүгүртүүсү 20 миллионго жеткен ишкерлер бар. Ошолордун товар жүгүртүүсүн мыйзамдаштыруу максатында аларга ставкаларды бекитип бергенбиз. Кыргызстандын ичинде эле башка субъектке сатылса, электрондук эсеп-фактурасы (ЭСФ) колдонулушу керек. Дүкөндөр боюнча сүйлөшкөндө аларга ЭСФ алгыла дегенбиз. Алар товарды базардан аларын айтып, ошолорду камсыз кылып берүүбүздү суранышкан. Биз базарга барып, дүкөндөргө товар сатып жатканда эсеп-фактура жазып бериши керектигин айтсак, алар патент менен иштегендиктен көлөмү 8 миллиондон ашып кетип жатканын айтышты. Ошондуктан аларга ставкаларын өзгөртүп, чектөөнү алып, мыйзамдаштырып бердик. Эми бир гана талап – алар бирин бири каттап, көрсөтүп турушу зарыл”, - деди Кыдыргычов.

Кыдыргычовдун айтымында, “өзгөчө режим” патенттин бир түрү. Бирок, патентте түшкөн акча боюнча чектөө бар болчу, эми ошол чектөө алынып, “өзгөчө режим” деген кирүүдө – 4 миллион, 8 миллион, 15 миллион сом жана андан жогору түшкөн акча деп ставка бекитилип берилип жатат.

Өкмөт чоң базарлардагы көтөрүлүштөн коркот

Экономист Азамат Аттокуров өкмөттүн "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларында өзгөчө салык саясатын киргизүү чечими тууралуу пикирин айтты:

"Өкмөт чоң базарлардагы тополоңдон коркот. Ошол эле "Дордой" жана "Кара-Суу" базарлары бир гана Кыргызстан эмес, жалпы Борбор Азиядагы ири базарлар болуп саналат. Мындагы соодагерлер митингге чыкса, коркунуч жаралат. Ошондуктан өкмөт булардын талабын аткарууга аракет кылууда. Башка маселе - көпчүлүк сатуучулар, ишкерлер ККМ аркылуу кирешесин же чыгашасын өткөрбөй калат. Ошол эле кафелердин кирешеси 15-18% түзөт, анын 6% салыкка берсе, алардын иши натыйжасыз болуп калат. Бирок ККМди киргизүү керек, бул салык чогултуунун бирден бир жакшы жолу. Базарда, дүкөндө, чоң соода борборлорунда ишкерлик кылгандардын баары ККМ колдонсун. Болбосо митинг, акция жолу менен талаптарыбызды аткартып алсак болот экен деген түшүнүк пайда болот элде. Салыктагы ачык саясатты ЭТТН, ККМ, ЭЭФ камсыздап бере алат. Бирок бул жерде да бир кемчилик бар. Базардагылар ЭТТН баспайт, демек аларга товар алып келген компаниялардын колуна электрондук эсеп-фактурасы тийбейт да алар алып келген товарын отургузуу маселесине тушугат. Ак иштеген ушундай ишканалар электрондук эсеп-фактураларды көмүскө адамдардын атына басып коюуга аргасыз болушат. Ал үчүн алар тааныштарынын атынан "Жеке ишкер" деген ишкана ачып, күбөлүгүн алып өзү менен өзү иштегенге өтүшөт. Азыр салык саясаты толук кандуу болбой атат. Базарлардагыларга өзгөчө шарт түзүп, башкаларга ошол бойдон калтырууда. Бул жерде ак иштейм деген компаниялар, ишкерлер абдан кыйналат".

Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ.







Новые вызовы и обеспечение технологического суверенитета квалифицированными кадрами обсудили в Москве

В РМАТ ПРОШЕЛ I БИЗНЕС-ФОРУМ ВЫПУСКНИКОВ РМАТ 1999-2023 ГОДА ВЫПУСКА, ПОСВЯЩЕННЫЙ 55-ЛЕТНЕМУ ЮБИЛЕЮ АКАДЕМИИ

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)


Футболисты ФК «Динамо Пушкино» заняли второе место в межрегиональном турнире Laffy Cup 2024

Почему употребляющим алкоголь и желающим похудеть надо каждый день пить томатный сок: раскрыта его невероятная польза

Мистический Тибет: путеводитель по местам силы от Кажетты Ахметжановой

Июньские дни духовности: Православные праздники месяца от ясновидящей Галины Янко


UFC plans to be ‘flexible’ in next broadcast rights deal, including potential end to traditional PPV

AML check crypto

Boeing passenger ‘DIES in horror turbulence’ on flight from London sparking emergency landing in latest airline tragedy

Precision in Motion: Exploring Baltic Bearing Company-Riga


Новые наушники Nothing Ear и Ear (a) уже доступны

Bluetooth-сканер штрих-кодов SAOTRON P04 на базе CMOS-матрицы

Экс-мэра Биробиджана осудили на 5 лет за злоупотребление полномочиями. Условно

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1


Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)

Sea War: Raid 1.131.0

Five new Steam games you probably missed (May 20, 2024)

Always keep backups: an 'unprecedented' Google Cloud debacle saw a $135 billion pension fund's entire account deleted and services knocked out for nearly two weeks


Estischool - Школа за британською програмою


Чеченка Лия Заурбекова поделилась подробностями конфликта с семьей в полиции

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице


Что там в IT: ИИ-отрыв Google, ChatGPT почти человек, отечественный BIOS

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» УЛУЧШАЕТ ЗАКОНЫ, управляет патентами и улучшает командное планирование в целях учёта интереса всего народа.

Эксперт Мурадян рассказал, как сэкономить на поездках в Европу

Ремонт Московского проспекта от Богоявленской площади до Фрунзе обещают вести по часам


Центр Всероссийского музея А. С. Пушкина откроется в библиотеке-читальне

В Алтайском крае суд вынес приговор мужчине, который пытался покинуть самолёт во время полёта и ударил бортпроводницу

Мужчине дали 2,5 года за попытку открыть дверь самолета Москва — Барнаул

Пока в Карелии тянут с решением по ОМК, в Москве вслед за Путиным говорят об амнистии для таких предприятий


Теннисист Медведев потеряет место в рейтинге ATP

Рыбакина узнала свое место в новом мировом рейтинге

Арина Соболенко сняла траур по Кольцову и завела новые романтические отношения

Сумасшедший матч «Реала», Медведев опустился в рейтинге ATP. Главное к утру


В Алтайском крае суд вынес приговор мужчине, который пытался покинуть самолёт во время полёта и ударил бортпроводницу

V Общероссийская конференция «Устойчивое развитие этнокультурного сектора» представит калейдоскоп успешных практик в сфере социального проектирования

Мужчине дали 2,5 года за попытку открыть дверь самолета Москва — Барнаул

Пока в Карелии тянут с решением по ОМК, в Москве вслед за Путиным говорят об амнистии для таких предприятий


Музыкальные новости

Мистический Тибет: путеводитель по местам силы от Кажетты Ахметжановой

В Иллюзионе пройдет ретроспектива «Персона: Булат Окуджава»

«Прыгала, как сумасшедшая»: Юлия Савичева рассказала об исполнении давней мечты в шоу «УТРО. ТНТ»

«Ты мне не понравилась!»: Мария Погребняк вспомнила знакомство с Ольгой Бузовой в студии «Шоу Воли» на ТНТ


Свыше 600 навалов мусора устранили в Подмосковье за неделю

Чеченка Лия Заурбекова поделилась подробностями конфликта с семьей в полиции

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

Lipatov Sound заявил о выходе нового трека “Red City”


Руководитель Росдетцентра Александр Кудряшов поздравил победителей номинации «Детская экскурсия» программы «Лига Экскурсоводов»

Сотрудник Дубненского отдела вневедомственной охраны Главного управления Росгвардии по Московской области встретился с учащимися МОУ СОШ №1

РОССИЯ И КИТАЙ: В МИРЕ ВОЗМОЖНА ГЕГЕМОНИЯ ЛИШЬ ИНТЕРЕСА НАРОДА, ЗАКОНА, ИСТИНЫ И СПРАВЕДЛИВОСТИ.

В Росгвардии стартовал чемпионат по боксу «Кубок Победы»


Сергей Лёвкин: вблизи деревни Дудкино возобновили строительство придорожного автоцентра

Источник 360.ru: на Ленинградском шоссе в САО Москвы случилось ДТП с 8 машинами

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения

Москвичам посоветовали быть внимательнее на дороге из-за тумана


Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге о качественном росте отечественного автомобилестроения

Король Бахрейна прибудет 22 мая с визитом в Москву

Король Бахрейна летит в Москву на переговоры с Путиным

Король Бахрейна сегодня прибудет в Москву


Шизофрения и болезнь Альцгеймера: симптомом какой болезни может стать потеря обоняния

Заболеваемость COVID-19 в России выросла почти на 14,7 процента за неделю



Россияне рассказали, какие вредные привычки коллег раздражают их больше всего

В Москве завершился Всероссийский форум «Здоровье нации – основа процветания России».

В Москве произошла драка с участием 15 человек, двое в больнице

Новое отделение вызовов врачей на дом открылось в МОЦОМД в Люберцах


Зеленский объяснил, почему не хочет приглашать РФ на «саммит мира»

Зеленский заявил, что обеспокоен заявлениями республиканцев в США


Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников

Олимпийский чемпион Роман Костомаров поздравил победителей номинации «Экскурсия без границ» программы «Лига Экскурсоводов»

Бонгонда: стадион и база «Спартака» — мои любимые места в Москве

Цена билетов на суперфинал Кубка России составит от 500 до 15 тыс. рублей


Запись от имени Президента Беларуси сделана в книге соболезнований в посольстве Ирана


Собянин рассказал о Международном форуме инноваций БРИКС

Сергей Собянин подвел итоги Московской олимпиады школьников

Сергей Собянин. Главное за день

Сергей Собянин: Колледжи проведут Дни открытых дверей


Якутия представила цветочную инсталляцию «Мост в будущее» на выставке «Россия» в Москве

Сергей Собянин. Главное за день

Собянин рассказал о развитии инновационной экосистемы Москвы

Четыре города ЦФО вошли в федеральный топ-10 по качеству жизни


Центр Всероссийского музея А. С. Пушкина откроется в библиотеке-читальне

Высокотехнологичную ферму племзавода «Повадино» построят в Домодедове

Учёные и производственники из России, Киргизии, ЮАР и Кот-д'Ивуар участвуют в геологическом семинаре на базе ИРНИТУ

Мужчине дали 2,5 года за попытку открыть дверь самолета Москва — Барнаул


У жителей Архангельской области есть возможность подработать на юге

Общее дело: в новом сезоне волонтеры продолжат работу по сохранению объектов культурного наследия в Архангельской области

Архангельск впервые принял Всероссийские соревнования по танцевальному спорту

Истории жителей Поморья представили в семейном мюзикле в Архангельске


Премию Фета получил поэт из Югры

Выставка славянских истоков «В бессмертье уходит всеведенье литер простых»

Театр и Культура, Россия и Дети: 15 мая театр кукол Ульгэр представил спектакль «Мүнгэн мүшэдүүд» в стенах Художественного музея для первых классов гимназии №29 Улан-Удэ

«Дефицитный продукт». В Севастополе малогабаритки стали дороже, Симферополь продемонстировал падение стоимости квадрата


«Очень плохая новость»: почему Запад пятый день кряду обсуждает назначение Белоусова

Екатеринбуржцы отсудили у авиаперевозчика больше 100 тысяч рублей за испорченный отпуск

В Якутске состоится фестиваль классического балета

Король Бахрейна 22 мая прибудет с визитом в Москву по приглашению Путина














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *