Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2023

Новости за 12.09.2023

Ишкер Абдыкеримовго беш берене менен айып тагылды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы "Аю холдингине" байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында анын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго беш берене менен айып такты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы 12-сентябрда тергөөчүнүн сотко келтирген материалдарына таянуу менен билдирди. Маалыматта айтылгандай, Абдыкеримовго Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси – "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)" боюнча айып тагылган. Бул беренеде... Читать дальше...

ЖК: комитет мамлекеттик мекемелерде Коомдук кеңештерди жоюуну колдоду

Azattyk.org 

Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети 12-сентябрдагы жыйынында мамлекеттик мекемелердин Коомдук кеңештерин жоюу каралган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Анда юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов баяндама жасап, бул институт ашыкча экенин айтты. "Коомдук кеңештердин мүчөлөрү демократиялык шайлоолордо тандалбайт. Бирок ага карабай алар коомдун башка өкүлдөрүнө салыштырмалуу артыкчылыктуу орунга ээ болуп... Читать дальше...

ЖК: Акаев Санарип министрлигиндеги Ширшовдун таасирин айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин жыйынында депутат Жанарбек Акаев Санарип өнүктүрүү министрлиги жана бул мекемеге берилген ишканалар, коррупциялык иштерде аты аталган Алексей Ширшовдун таасири тууралуу дагы маселе көтөрдү. Ал санарип өнүктүрүү министри кызматына көрсөтүлгөн Нурия Кутнаеваны айтылган дооматтарды жоюуга, паракорчулукка байланыштуу аты аталган адамдардан оолак болууга чакырды. "Санарип... Читать дальше...

Жогорку Сот Болот Темировду өлкөдөн чыгарган чечимдерди күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Жогорку Сот 12-сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарууга негиз болгон сот чечимдеринин мыйзамдуулугу боюнча маселени карап, Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимдерин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Соттук кароо 11-сентябрда башталган. Кыска отурумдан соң сот бир күнгө тыныгуу жарыялаган. 12-сентябрдагы жараянда прокурор мурдагы өкүмдөрдү мыйзамдуу жана негиздүү деп эсептеп, ошону күчүндө калтырууну суранды. Темировдун адвокаттары өкүмдөрдү жокко чыгарып... Читать дальше...

ЖК: Азербайжанга көлдөн жер берүү келишиминин долбоору талкуу жаратты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети Азербайжанга беш жылдыздуу мейманкана куруу үчүн Ысык-Көлдүн жээгинен 17 гектардан ашык жерди 49 жылга ижарага берүү тууралуу келишимдин долбоорун кароону келеркиге калтырды. Депутат Улугбек Ормонов долбоорго байланыштуу бир топ суроолор бар экенин айтып, өкмөт өкүлдөрүнө аларды тактап келүүнү тапшырды. Ошондой эле жыйынга президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жаңы дайындалган жетекчиси Талантбек Имановдун келбегени сынга алынып... Читать дальше...

"Жан дүйнөм мекенге кабатыр". Көлөкөдөгү турмуш

Azattyk.org 

Бишкектеги Сүрөтчүлөр союзунун "Эмен багы" көргөзмө залында фотосүрөтчү Алимжан Жоробаевдин “60° көлөкөдө” аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды. Анда Жоробаевдин өлкөнүн эгемендүүлүк жылдардагы оош-кыйыш турмушу чагылдырылган 60 эмгеги коюлду. Көрүүчүнү ойго салган кадрлар камтылган көргөзмө 30-сентябрга чейин уланат жана кирүү акысыз.

Сот ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сырттан камакка алды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 8-сентябрда "АЮ холдингдин" негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сырттан камакка алганы белгилүү болду. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы 12-сентябрда "Азаттыкка" ырастады.  Маалыматка караганда, чечимде Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канаатандырылганы, Абдыкеримов Бишкектеги №1 тергөө абагына (№21 абак деп да аталат) камалышы керектиги жазылган. Райондук сот ишкерге кайсы берене менен айып тагылганын тактаган жок. Читать дальше...

Нурия Кутнаева 5G технологиясын өнүктүрүүгө басым жасарын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети 12-сентябрдагы жыйынында санарип өнүктүрүү министри кызматына Нурия Кутнаеванын талапкерлигин жактырды. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, министр болуп калса ириде өлкөдө 5G технологиясын өнүктүрүүгө басым жасарын айтты. Кутнаева буга чейин "Түндүк" жана "Электрондук өз ара аракеттешүү борбору" ишканаларынын директору болгон. Ушул жылдын башында аталган министрлик Кыргызстандын аймагында 5G технологиясы... Читать дальше...

Алымкадыр Бейшеналиев баштаган реформасын улантарын айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитети саламаттык сактоо министри кызматына Алымкадыр Бейшеналиевдин, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин жактырды. Анда Бейшеналиев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, буга чейин министр кезинде баштаган реформаларды улантып, аягына чыгарарын айтты. Бейшеналиев саламаттык сактоо министри болуп турганда бир катар таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алган. Читать дальше...

Кайра шайлоо: Талапкерлердин дооматы, БШКнын жүйөсү

Azattyk.org 

Бишкектеги бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда 10-сентябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Кубанычбек Самаков алдыга чыкты. Бирок бир канча талапкер шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын айтып жатат. Бул жолку шайлоодо милицияга 28 арыз түшкөн, териштирүү учурунда кылмыш ишин козгоого негиз жок деген бүтүм чыккан. Аталган округда шайлоо ушуну менен үчүнчү жолу болду. Расмий жыйынтык 24-сентябрда жарыяланат. Анда алдыга чыккан талапкер Кубанычбек Самаков жалпы добуштардын 26,14% алган. Читать дальше...

Кыргызстандын аймагында көмүр сатылган 550дөй база ачылат

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 11-сентябрда көмүргө байланыштуу Экономика жана коммерция министрлиги, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү. Анда баанын жогорулашына жол бербөө керектигин эскертип, такай көзөмөл жүргүзүп турууну тапшырды. Айрыкча Баткен менен Ош облусуна көңүл бурулушу зарылдыгын белгиледи. Төрөбаев ошондой эле кышында жалпысынан 1,2 миллион тонна көмүр жагыларын, өлкө аймагында 550дөй база ачыларын кошумчалады. ... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *