Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 03.10.2023

"Эмне үчүн казакча сүйлөбөйсүңөр?"

Azattyk.org 

Казак полициясы блогер Диас Кузайыровдун үйүн тинтип, буюмдарын конфискациялады. Чыгыш Казакстан облусунун Риддер шаарынын акимчилигинин төрт кызматкери анын үстүнөн арыз жазган. Буга блогердин кызматкерлерге "эмне үчүн казакча сүйлөбөйсүңөр" деп талап койгон видеосу себеп болгон.

Бишкек ЖЭБи көмүр менен камсыздоо кечиккенин төгүндөдү

Azattyk.org 

Бишкек жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) басма сөз кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган кабарларга түшүндүрмө берип, мекемени көмүр менен камсыздоо кечиккенин төгүндөдү. Түшүндүрмөдө айтылгандай, ЖЭБдин кампалары 330 миң тонна көмүрдү батырууга жөндөмдүү болсо ушул тапта аларда 310 миң тонна көмүр сакталып турат. Борбордун өкүлдөрү бул быйылкы күзгү-кышкы сезонун баштоого жете турганын маалымдап, отун менен камсыздоо бекитилген графиктин негизинде жүрүп жатканын тактаган. ЖЭБдин басма сөз кызматы билдиргендей... Читать дальше...

БУУ Тоолуу Карабакта миңге жакын армян калганын билдирди

Azattyk.org 

Тоолуу Карабакта жашаган 120 миңдей армян тектүү калктын 1000дейи гана калды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) миссиясы билдирди. 3-октябрда таратылган маалыматта  Степанакерт шаарында жарандык инфраструктурага эч кандай зыян келтирилбегени, бирок калаа ээн калганы айтылат.   Степанакертти Азербайжан Ханкенди деп атайт.  БУУнун түрдүү багыттарында иштеген адистерден турган топ жеринде абал менен таанышуу жана тургундардын гуманитардык муктаждыктарын аныктоо максатында 1-октябрда Толуу Карабакка барган. Читать дальше...

"Чет элдик өкүл": комитет талаштуу долбоорду биринчи окууда кабыл алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бир нече мезгилден бери жарандык коом менен эл аралык уюмдардын тынчсыздануусун жараткан бул демилгени депутат Надира Нарматова коргоп, жыйынга катышкан беш депутат колдоп добуш берди.  Бейөкмөт уюмдардын саясий процесстерге катышуусун чектеп, ашыкча көзөмөлдү күчөтүүнү көздөгөн мыйзам долбоору жарандык коомго кезектеги сокку катары бааланууда. Читать дальше...

Кичи Арал тартылды. Кароосуз кайыкка толгон жээк

Azattyk.org 

Арал деңизинин айлана-тегерегиндеги казак айылдарында балыкчылар азайып баратат. Айрымдары курулушка кетсе, кайсы бири жалданып иштеп, акча табууга аргасыз. Соңку беш жылда Кичи Арал тартылып, суунун деңгээли эки жарым метрге чейин төмөндөп кетти. Балык уулап, жан баккандар да азайды.

Президент Жапаров "Конституциялык сот жөнүндө" талаштуу мыйзамга кол койду

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады. Аталган конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. “Конституциялык сот жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү сунушун камтыган долбоорду Жогорку Кеңеш 28-сентябрда дароо экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз колдогон. Экинчи окууда 64 “макул”, эки депутат “каршы” добуш берген. Үчүнчү окууда документти 63 депутат колдоп, беш эл өкүлү каршы болгон. Читать дальше...

БУУ Гаитидеги кылмыштуу топторго каршы миссияга уруксат берди

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюумунун (БУУ) Коопсуздук Кеңеши Гаитидеги кылмыштуу топтор менен күрөшүү үчүн чет элдик миссияга уруксат бергенин Reuters агенттиги жазды. Аны ишке ашыруу убактысы азырынча белгисиз. Гаити бир жыл мурун БУУдан жардам сураган. Бул убакыт аралыгында бир дагы өлкө макул болгон эмес. Быйыл июлда Кения Гаитиге 1000 полиция кызматкерин жөнөтүүнү убада кылган. Андан соң Багам аралдары Гаитинин коопсуздугун камсыздоо үчүн 150 кишини берүүгө макул болгон. Кийинчерээк Ямайка, Антигуа жана Барбуда кошулду. Читать дальше...

Түркмөнстанда дем алуу органдарынын оорулары күч алды

Azattyk.org 

Түркмөнстанда суук тийүүгө окшош белгилер менен ооругандар көбөйгөнүн "Азаттыктын" түркмөн кызматы жергиликтүү дарыгерлерге таянып жазды. Маалыматта дем алуу органдарынын оорулары күч алганы айтылат. Күбөлөрдүн белгилешинче, Мары шаарында ооруканалар бейтапка толуп калганын, айрым райондордо дарыгерлер оорулууларга үйдө дарыланууну сунуштап жатышат. Адистер дем алуу органдарынын ооруларынын күчөшүн аба табынын өзгөрүшү менен байланыштырууда. Дарыгерлер "Азаттыктын" Ашхабаддагы кабарчысына коронавирустун... Читать дальше...



Кыргыз-тажик чек арасы: Жаңы протокол бардык маселени чечеби?

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн делегациялары 2-октябрда Баткен шаарында жолугуп, жаңы протоколго кол коюшту. Бул документ чек арадагы талаштарды чечүүгө өбөлгө болору айтылды. Протоколдордун мазмуну белгисиз Кыргызстандын Министрлер кабинети жана Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуусунда кол коюлган протокол жөнүндө окшош маалымат таратты. Бирок документтин мазмуну тууралуу маалымат бериле элек. “Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик... Читать дальше...

“Клооп” өзү жөнүндө экспертизанын корутундусун “компетентсиз” деп атады

Azattyk.org 

“Клооп” медиасынын юристтери редакцияга карата соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет дайындаган соттук психологиялык экспертизанын корутундусун окуп чыгып, андагы бүтүмдөрдү кескин сынга алды. Басылманын билдирүүсү анын сайтында жарыяланды.  Медиа кабарлагандай, экспертизага 2022-жылдын 11-ноябрында эле кол коюлганын, бирок документ прокуратура “Клооп Медиа” фондун жабууну талап кылып, бул боюнча соттук териштирүү башталганда гана редакциянын колуна тийген. Читать дальше...

Чүйдө эки жашар баланын өлүмүнө шек саналып анын энеси камалды

Azattyk.org 

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Көк-Жар конушунда эки жашар баланын өлүмүнө шек саналып анын энеси жана чогуу жашаган түгөйү камалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, 28-сентябрда милицияга 2021-жылы туулган наристе белгисиз себептерден улам чарчап калганы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүүдө баланын денеси көгала экени белгилүү болгон. Бул фактыга байланыштуу Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмү "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Читать дальше...

Аскарбек Жаныбеков: Тоют даярдоонун жаңы ыкмасына өтүү керек

Azattyk.org 

Быйыл жылдагыга караганда чөп аз жыйналды. Ошол эле маалда өндүрүлгөн түшүмдү сатууда да маселелер бар. Азык түлүк коопсуздугуна тиешелүү 9 товардын канчасын Кыргызстан өзү камсыздай алды. Ушул жана башка суроолорго Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков жооп бермекчи.

Физика боюнча Нобел сыйлыгы электронду, жарыкты изилдеген илимпоздорго берилди

Azattyk.org 

Физика боюнча Нобел сыйлыгына окумуштуулар Пьер Агостини, Ференц Краус жана Анна Л'Юилье татыктуу деп табылды. Америкалык, германиялык жана швециялык бул илимпоздор электронду жана жарыктын табиятын изилдегени үчүн жогорку сыйлыкка ээ болгонун Нобел комитети билдирди. Бир күн мурун Медицина жана физиология тармагындагы Нобел сыйлыгы венгриялык окумуштуу Каталин Карико менен америкалык илимпоз Дрю Вайсманга берилген. Алар Covid-19га каршы РНКнын (рибонуклеин кислоталарынын) негизинде вакцинанын жаңы түрүн ойлоп тапканы үчүн сыйланды. Читать дальше...

Трамптын үй-бүлөсүн алдамчылыкка айыптаган иш боюнча сот башталды

Azattyk.org 

АКШда мурдагы президент Дональд Трамптын бизнес империясына чоң сокку урары айтылган иш Манхеттен сотунда 2-октябрда карала баштады. Анын күнөөлүү экени тастыкталса, 250 миллион доллар айыппул төлөп, Нью-Йорк штатында бизнес жүргүзүүгө тыюу салынат. Эл аралык маалымат каражаттары Трамптын активдеринин көбү ушул штатта экенин жазышты. Өткөн аптада Нью-Йорк штатынын судьясы Артур Энгорон "Трамптын үй-бүлөсүнүн алдамчылыгы далилденди" деген өкүм чыгарган. Дүйшөмбүдө башталган сотто иштин маңызы каралууда. Читать дальше...

Бишкекте кол салууга кабылган орусиялык ишкер камалды

Azattyk.org 

Орусиялык бизнесмен Александр Гайдуков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу "Азаттыкка" анын бөгөт чарасын карап, чечим кабыл алган Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Гайдуковду атайын кызматтын Башкы тергөө башкармалыгынын кызматкерлери 8-сентябрда кармашкан. Алгач тергөөчүлөр аны 6-октябрга чейин камакка алууну суранып, сот аны канааттандырган. Алардын жаңы өтүнүчүнүн негизинде... Читать дальше...

ЖК комитети "Чет элдик өкүл" мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети бүгүн, 3-октябрдагы жыйынында "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда кабыл алды. Талкуу учурда юрист Таттуубүбү Эргешбаева коммерциялык эмес уюмдардын иши ачык-айкын эместиги, каражаты тууралуу отчет бербей келгени тууралуу сөздөрдү четке какты. "Азыркы мыйзамдардын негизинде коммерциялык эмес уюмдар жабык түрүндө үч отчет тапшырат. Алар биринчиден, Салык кызматына... Читать дальше...

Түркия: күрд согушкерлерине катышы бар деген негизде 150дөй киши кармалды

Azattyk.org 

Түркияда "Күрд жумушчу партиясы менен байланышы бар" деген шек менен 150гө жакын адам кармалды. Түрк полициясы аларды 3-октябрда, Анкарадагы жардыруудан эки күн өткөндөн кийин өлкөнүн ар кайсы аймактарынан колго түшүргөнүн Reuters агенттиги жазды. 1-октябрда эртең менен Түркиянын Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында жанкечти өзүн жардырып жиберген. Расмий маалыматка караганда, анын дагы бир шеригин полиция жок кылган. Ички иштер органынын эки кызматкери жараат алган. Эл аралык маалымат... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолордо кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 4-октябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25, Талас жергесинде түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19, Нарын облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 15…20... Читать дальше...

Ташиев менен Ятимов соңку протокол чек ара маселесин чече турганын айтты

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик маалымат каражаттары 3-октябрда Баткендеги эки тараптуу жолугушууда тартылган видео билдирүүлөрдү жарыялашты. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов баштаган делегациялар 2-октябрда кездешип, чек ара боюнча протоколго кол коюшкан. Кол коюу аземинен кийинки сөзүндө Саймумин Ятимов бул протокол чек арадагы калган талаштарды чечүүгө өбөлгө болорун билдирди. Читать дальше...

ЖК комитети “Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоорун карап жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети бүгүн, 3-октябрдагы жыйынында “Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоорун карап жатат. Жыйындын башында бейөкмөт уюмдарды бир тараптуу жамандаган сегиз мүнөттүк видео көрсөтүлдү. Документтин автору, депутат Надира Нарматова баяндама жасап жатат жана анда мамлекеттик эмес уюмдарды көзөмөлдөө керектигин, ачык-айкын иштеши зарылдыгын айтып, өлкөдө бийлик алмашуу менен аяктаган окуяларда алардын салымы болгон деген оюн билдирди. Читать дальше...

Күйүүчү майды Казакстан аркылуу ташууда маселе жаралганы кабарланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын мунай ташуучулар ассоциациясы Орусиядан ташылган күйүүчү майларды Казакстан аркылуу алып өтүүдө кыйынчылыктар пайда болгонун билдирди. Бирикменин 3-октябрда тараткан маалыматына караганда, 1-сентябрдан бери “Казакстан Темир Жолы” улуттук компаниясы эч кандай расмий түшүндүрмө бербей туруп жүк алып өтүүлөрдүн айлык планын макулдашууну кабыл албай жатканы айтылат. “Мунай ташуучу жергиликтүү компаниялар “Кыргыз Темир жолу” ишканасы менен бирге бул көйгөйдү чечүүгө аракет кылып жатат. Читать дальше...

Тажикстанда Берлиндеги акцияга катышкандардын жакындарын кармоо уланууда

Azattyk.org 

Тажикстанда президент Эмомали Рахмондун Берлиндеги сапары учурунда нааразылык акциясын уюштурган активисттердин жакындарын кармоо уланууда. Оппозициячыл активист Шохражаб Шохиминин үй-бүлө мүчөлөрү Пенжикент райондук милиция бөлүмүнө жеткирилгени 3-октябрда белгилүү болду. Буга чейин тажик оппозициясынын Европадагы башка өкүлдөрү да туугандары суракка алынганын билдиришкен. Тажикстанда тыюу салынган “Группа 24түн” ырастоосунда, коопсуздук күчтөрү топтун онго жакын мүчөсүнүн туугандарын кармап кеткен. Читать дальше...

"Элге чындыкты айтуу абзел". Казакстан КГБ архивдерин ачууда

Azattyk.org 

Казакcтандын бийлиги 1929-1956-жылдары саясий репрессиянын курмандыктарына тиешелүү жана купуя сакталган жүз миңдеген архивдик маалыматтарды ачыкка чыгарууда. Бул үчүн атайын комиссия иштеп жатат. Казакстандын Башкы прокуратурасы "сүргүнгө айдалгандардын, атайын жер которгондордун жана кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын ичинен 311 миң адам акталганы" тууралуу маалымат таратты. Архив материалдарда эмне сыр бар? Анын тарых үчүн мааниси кандай? Кыргызстанда архивдерди ачуу демилгелери эмне үчүн ишке ашпай жатат? Читать дальше...

Словакия шайлоого байланыштуу Орусияга нааразылык билдирди

Azattyk.org 

Словакия парламенттик шайлоого Москва кийлигишкенин айтып, Орусиянын Братиславадагы элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырды. Deutsche Welle жазгандай, мындай чечимге Орусиянын Тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкиндин добуш берүү күнүн утурлай жарыяланган билдирүүсү себеп болду. Орус тарап "АКШ Словакиядагы ички саясий кырдаалга кийлигишүүсүн күчөткөнүн" белгилеген. Министрлик 2-октябрда элчини чакырып, өлкөдөгү "эркин жана демократиялык шайлоолордун бүтүндүгүнөн күмөн санаган"... Читать дальше...

Салык кызматы автоунаа жана батир алып сатуудагы төлөм боюнча түшүндүрмө берди

Azattyk.org 

Мамлекеттик салык кызматы унаа сатууда анын баасынын 10% салык катары кармалып жатканын айткан жарандын видео кайрылуусу боюнча түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыков “Азаттыкка” билдиргендей, унаа жана турак жай алып сатуудагы мындай талап мурунтан эле бар. Эгер жаран сатып алган унаасын же турак жайын бир жылдын ичинде кайра сата турган болсо, андан көргөн пайданын 10% салык катары төлөшү керек. “Эгер жаран мүлкүн сатып алгандан бир жылдан кийин сатса, эч кандай салык төлөбөйт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *