Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 05.10.2023

Алматыда абакта жаткан дагы бир каракалпак активисти бошотулду

Azattyk.org 

Казакстанда бир жыл мурун камалган каракалпакстандык активист Зиуар Мирманбетова 4-октябрда Алматыдагы тергөө абагынан чыкты. Бул тууралуу каракалпак диаспорасынын өкүлү Акылбек Муратбай билдирди. Интернетте туугандары аны түрмөнүн жанында кантип тосуп алганы тартылган видеолор жарыяланды. Мирманбетова Казакстанда түрмөдөн эркиндикке чыккан каракалпак диаспорасынын төртүнчү өкүлү. Сентябрда Раиса Худайбергенова, Жангелди Жаксымбетов жана Кошкарбай Төрөмуратов абактан бошотулган. Укук коргоочулар... Читать дальше...

Ташиевдин эскертүүсү, кримтөбөлдүн өлүмү

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин атайын операцияда өлтүрүлүшү тууралуу комментарий берип, өлкөдө мындай кийин “мыйзамдагы ууру” болбой турганын, “караларга” каршы күрөш уланарын дагы кайталады. Ташиев криминал топторго дагы эскертүү берди Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев 5-октябрда Токмок шаарында УКМКнын жаңы оңдолгон имаратын ачып жатканда, мындан өлкөдө ары "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтып, жаңы лидер шайлоого, топ түзүүгө аракет кылгандар катуу жазаланарын эскертти. Читать дальше...

Казакстанда кылмыштуу топторду жапырт кармоо операциясы болду

Azattyk.org 

Казакстандын бир нече аймагында 5-октябрда кылмыштуу топторду жапырт кармоо операциясы болгонун "Казинформ" агенттиги кабарлады. Кармоолорду Улуттук коопсуздук комитети (УКК) Ички иштер министрлиги (ИИМ) менен биргеликте, Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө жүргүздү. Атайын кызматтан билдиришкендей, кылмыштуу топторду кармоо операциялары бир учурда Жамбыл, Түркстан жана Жетисуу облустарында ишке ашырылды. Расмий маалыматта алар Казакстандын Кыргызстан, Кытай жана Өзбекстан менен чектешкен аймактарында мыйзамсыз иштерди жасаганы айтылат. Читать дальше...

Ошто жаңы курулган үйдүн лифтиндеги кырсыкта киши өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

4-октябрь күнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө жаңы салынган көп кабаттуу үйдүн лифтинде бир адам каза тапты. Бу тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ырастады Маалыматка ылайык, лифт ичиндеги адам менен төмөн көздөй катуу түшүп кеткен. Милиция окуя болгон жерге барып кароо жүргүзгөндө көп кабаттуу үйдүн жер төлөсүндөгү лифт түшкөн жерде 35-40 жаштагы кишинин сөөгү табылган. Маркум эки айдан бери үйдү курган компания менен келишимдик негизде лифт оңдоп, иштеп жүргөнү аныкталган. Тийиштүү экспертизалар дайындалып... Читать дальше...

Грузия Орусиянын Абхазияга база куруу аракетине тынчсыздануу билдирди

Azattyk.org 

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги жикчил Абхазиянын башчысы Аслан Бжаниянын "Очамчира аймагында Орусиянын Аскер-деңиз флотунун жаңы базасы курулат" деген маалыматына тынчсыздануусун билдирди. "Мындай аракеттер Грузиянын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн одоно бузуу жана Абхазия менен Цхинвал аймагын мыйзамсыз басып алууну мыйзамдаштырууга багытталган кезектеги чагымчыл аракет", - деп айтылат Тбилисинин билдирүүсүндө. Ошондой эле дүйнө коомчулугу Грузиянын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бекем колдой турганы белгиленип... Читать дальше...

Кыргызстанда ЖККУнун аскердик машыгуусу өтөт

Azattyk.org 

9-13-октябрь күндөрү Балыкчыдагы "Эдельвейс" аскердик машыгуу базасында Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн “Бузулгус боордоштук-2023” деп аталган машыгуусу өтөт. Машыгуу "Тынчтыкты сактоочу операцияны даярдоо жана жүргүзүү" деп аталып, өздүк курамдардын тажрыйбасын өркүндөтүүнү көздөйт. Бул тууралуу Башкы штаб кабарлады. ЖККУнун буга чейинки аскердик машыгуусу сентябрдын башында Беларуста өттү. Кыргызстан уюмдун былтыр күзүндө Тажикстанда өткөн аскердик машыгууларына катышкан эмес. Читать дальше...

Адабият боюнча Нобел сыйлыгын норвегиялык жазуучу Юн Фоссе алды

Azattyk.org 

Норвегиялык жазуучу, акын Юн Фоссе адабият боюнча Нобел сыйлыгын алды. Ал "айтып берилгис нерселерди чагылдырган инновациялык пьесалары жана прозалык чыгармалары үчүн" сыйлыкка татыганын Нобел комитети билдирди.  64 жаштагы Юн Фоссе драматург, акын жана прозаик катары белгилүү. Анын чыгармаларына сахналаштырылган спектаклдер дүйнөнүн көптөгөн театрларында коюлган. “Жайдын бир күнү”, “Периште сахнада жүргөндө” аттуу пьесалары таанымал. Алгачкы "Кызыл, кара" деген романы 1983-жылы жарык көргөн. ... Читать дальше...

Октябрь окуяларына үч жыл: Эмне өзгөрдү?

Azattyk.org 

Кыргызстанда Октябрь окуяларына үч жыл болду. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл менен саясий партиялардын митинги 5-октябрдан алтысына караган түнү бийликтин кулатылышы менен аяктаган.  Элдик толкундоонун арты менен бийликке келген президент Садыр Жапаров конституциялык реформа демилгесин көтөрүп, Кыргызстан парламенттик башкаруу формасынан толук президенттикке өттү. Бул убакыт ичинде Кумтөр кени мамлекетке алынып, өкмөт кенди буга чейин иштетип келген канадалык “Центерра Голд... Читать дальше...



2030-жылы дүйнөлүк футбол чемпионаты үч мамлекетте өтөт

Azattyk.org 

Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) 2030-жылы дүйнөлүк футбол чемпионаты үч мамлекетте өтө турганын жарыялады. Кошуна өлкөлөр - Испания, Португалия жана Марокко чемпионатты чогуу өткөрүүгө арыз беришкен. Ошол эле учурда мелдештин ачылышы Латын Америкасында болуп, алгачкы үч беттеш Уругвайда, Аргентинада жана Парагвайда өтөт.  Муну менен FIFA 1930-жылы Уругвайдын борбору Монтевидеодо өткөн биринчи чемпионаттын жүз жылдыгын белгилейт. Уюмдун президенти Жанни Инфантино юбилейлик чемпионатты үч континенттеги алты өлкөдө - Европа... Читать дальше...

Криминалга каршы күрөш кандай жүрөт?

Azattyk.org 

4-октябрда Бишкекте “уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн анабашы” атыккан Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлдү. Камчы Көлбаевдин кылмыштуу аракети Кыргызстан менен эле чектелип калбайт. Ага АКШ өкмөтү эки жолу санкция салып, эл аралык кылмыштуу топтун мүчөсү деп “кара тизмеге” киргизген.

Гамбургда Европадагы алгачкы кыргызча IT конференциясы өтөт

Azattyk.org 

Германиянын Гамбург шаарында Маалыматтык технологияларга арналган Европадагы алгачкы кыргызча конференция өтөт. Дүйнөлүк IT жана технология, билим берүү эксперттери жаңылыктарды бөлүшүп, чет элдик адистердин айткандары кыргызча котормо менен сунушталат. IT тармагындагы тенденциялар талкууланып, жаңы ойлор жана мыкты идеяларды жайылтууга аянтча берилмекчи. "Кыргыз-Немис IT" уюму 7-8-октябрда уюштуруп жаткан иш-чара "IT. Билим. Келечек" деп аталат. Ага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев... Читать дальше...

ЖК министр кызматына Кендирбаеванын талапкерлигин колдоду

Azattyk.org 

Парламент бүгүн, 5-октябрда билим берүү жана илим министри кызматына Догдуркүл Кендирбаеваны дайындоого макулдук берди. Депутаттар андан билим берүү тармагындагы көйгөйлөр тууралуу маалыматтарды угуп, аларды чечүү боюнча тапшырмаларды беришти. Аягында каттоодон өткөн 75 депутаттын баары бир добуштан Догдуркүл Кендирбаеваны кызматка дайындоого макулдугун беришти. Кендирбаева президент Садыр Жапаровдун 28-сентябрдагы жарлыгы менен министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Буга чейинки... Читать дальше...

"Жунда" заводун жаңылоо үчүн Кытайдан жумушчу топ келди

Azattyk.org 

Кара-Балтадагы мунай иштеткен "Жунда" заводун калыбына келтирүү, модернизациялоо маселелерине байланыштуу Кытайдан жумушчу топ келди. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кытайлык эксперттер менен 5-октябрда жолуккан. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.  Мунун алдында, 4-октябрда өкмөт башчы Акылбек Жапаров "Жунда" эки жылдын ичинде ишин кайра жандантарын билдирген. Ал Бакыт Төрөбаев жакында эле Кытайга барып, бул маселени чечип келгенин маалымдаган. ... Читать дальше...

Кыргызстандык эки балык чарбага Орусияга азык ташууга уруксат берилди

Azattyk.org 

Орусиянын Россельхознадзор ишканасы Кыргызстандагы "Аква Пром" жана "Аква Сервис" балык чарбаларына азыктарды Орусияга ташууга уруксат берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги маалымдады. Буга чейин Кыргызстандан эки балык чарбасына Орусияга товар ташууга уруксат берилген. Быйыл февраль айында Россельхознадзор кыргыз балыгын өлкөгө алып кирүүгө тыюу салган. Ага кыргызстандык ишкерлер алып барган балыктан жана икрадан мите курттар чыкканы тууралуу дооматтар негиз берген. Июнда бир катар балык чарбаларга уруксат берилген. Читать дальше...

"Өзүң күнөөлүүсүң". Ыдык көргөн кыз шектүүнүн басымына даттанды

Azattyk.org 

Бишкекте 27 жаштагы кыз сексуалдык ыдык көргөнүн айтып, милицияга кайрылганы менен кылмышка шектүү эркиндикте калып жатканын жакындары айтып чыкты. Үч ай мурда Бишкектин көчөлөрүнүн биринде мамлекеттик кызматта иштеген адам кызга ыдык көрсөттү деген тасма тараган. Көп өтпөй милиция кылмышка шектүү кармалып, тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканын кабарлаган. Шектүүнүн жактоочусу зордуктоо жана сексуалдык зомбулук аракеттери болбогонун айтууда. Соңку окуя зордук-зомбулукка байланыштуу сот, укук коргоо... Читать дальше...

Кыргызстанда нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл кирди

Azattyk.org 

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда нандын баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилгенин билдирди. Ага ылайык, мындай чара үч айга чейин созулмакчы. "Мындай буйрук 3-октябрда социалдык жактан маанилүү өнүм болгон нан жана дан азыктарынын баасынын кымбаттап кетишине жол бербөө үчүн Министрлер кабинетинин 8-сентябрдагы токтомуна ылайык, Монополияны жөнгө салуу кызмвтынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынды",- деп жазылган маалыматта. Өткөн айда Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар... Читать дальше...

Тажикстанда "Группа 24" кыймылынын мурдагы активисти 8,5 жылга соттолду

Azattyk.org 

Дүйшөмбүнүн Сомони райондук соту өлкөдө тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын мурдагы активисти Низомиддин Насриддиновду 8,5 жылга эркинен ажыратты. "Озоди" радиосунун маалыматына караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин "Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакырык жасоо" беренеси менен күнөөлүү деп табылды. Өзү күнөөнү моюнга албай, президент Эмомали Рахмонду сындаганы үчүн камалып жатканын айтты. Низомиддин Насриддинов 2015-жылдан бери Германияда жашаган. Берлин ага жана үй-бүлөсүнө башпаанек берген. Читать дальше...

"Күн кармаган бала": Коомду силкинткен жылаңач чындык

Azattyk.org 

Бишкекте Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук драма театры койгон “Күн кармаган бала” спектакли кызуу талкуу жаратты. Эл жазуучусу Султан Раевге таандык бул чыгарманы жаш режиссер Уланмырза Карыпбаев коюп, спектакль 29-сентябрда “Арт-одо-2023” театр фестивалында гран-приге татыган. "Турсийчен койсоңор болбойбу?" “Күн кармаган баланы” сындап жаткандарга спектаклдеги эне оорукчан бакма баласын жылаңач жуунтуп жаткан жери жаккан эмес. Эдилбек Амантур аттуу Фейсбук колдонуучусу актёрдун... Читать дальше...

"Кыргыз геология" ишканасына 2024-жылы бир миллиард сом бөлүнөт

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Кыргыз геология" ишканасына эмдиги жылы бир миллиард сом бөлүнөрүн билдирди. Бул тууралуу ал 5-октябрда Кыргыз геология кызматынын 85 жылдыгына арналган мааракеде айтты. Анда тоо-кен тармагынан түшкөн киреше соңку жылдары көбөйгөнүн билдирди. "Тоо-кен тармагы мамлекетке миллиарддаган кирешелерди берип жатат, ал эми ички дүң өнүмдүн көлөмү бир триллиондон ашты. Кумтөргө токтолсом, чындыгында Кумтөр экономиканын локомотиви, сыймыгы. Бийликтин ниети... Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасындагы үч бекетте 500дөн ашык фура топтолду

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы өткөрмө бекеттерде 569 жүк ташуучу машине кезекте турат. Кыргызстандын Чек ара кызматынын 5-октябрь,  саат 14:00гө карата маалыматы боюнча 395 автоунаа "Ак-Тилек" бекетинде, 121и "Кең-Булуң" бекетинде, 53ү Чалдыбар  бекетинде Казакстанга өтө албай кезек күтүүдө.  Мекемеден “Азаттыкка” кабарлашкандай, эки мамлекеттин тең чек ара бекеттери штаттык негизде иштеп жатат. Тыгындын пайда болушуна ташылып бараткан жүктөрдүн көлөмү көбөйгөнү себеп болду. Эки тараптан тең эч кандай чектөө жок. Читать дальше...

Ташиев Кыргызстанда мындан ары "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыш топторуна эскертүү берди. Ал 5-октябрда Токмок шаарында атайын кызматтын оңдолуп, жаңыланган имаратын ачып жатып, өлкөдө мындан "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтып, жаңы лидер шайлоого, топ түзүүгө аракет кылгандар катуу жазаланарын билдирди. "Кечээ жок кылынган кримтөбөлдүн жанында жүргөндөр коомго каршы баш көтөрүүгө аракет жасай турган болсо, же мыйзамсыз иш-аракеттерге барса мыйзамдын негизинде катуу жазаланат. Мен эскерткен нерсени аткарам. Читать дальше...

Берлин мыйзамсыз миграцияга каршы алты өлкө менен келишим түзөт

Azattyk.org 

Германиянын өкмөтү мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча Кыргызстан, Өзбекстан, Грузия, Молдова, Кения жана Колумбия менен келишим түзөт. Deutsche Welle Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып кабарлагандай, Федералдык өкмөт бул өлкөлөр менен “миграция өнөктөштүгү” деп аталган келишим боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Документте Германияда мыйзамсыз иштеген мигранттарды мекенине тез арада кайтаруу маселеси да камтылган. Ички иштер министрлиги муну Германияга мыйзамдуу жол менен... Читать дальше...

Козак Борбор Азиядагы сөз эркиндигинин абалына тынчсызданды

Azattyk.org 

АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Майкл Козак Тажикстанда жарандык коомго кысым болуп жатканына тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу ал Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Варшавада өтүп жаткан конференциясында айтты. Ал Америка Сенаты өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнөн мыйзамды сактоону, адам укуктарын жана жарандардын негизги эркиндиктерин коргоону талап кыларын белгиледи. Козактын айтымында, Вашингтон Тажикстандын өкмөтү коомдук уюмдарды кысымга алганына, өзгөчө Тоолуу Бадахшан... Читать дальше...

Чолпон-Атадагы скутер кырсыгы боюнча кылмыш иши кыскартылды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы скутер менен эки адамды өлтүрө сүзгөн айдоочунун иши кыскартылганын билдирди. Маалыматка караганда, каза болгон эки баланын ата-энеси шектүү адамга карата тосмо арыз жазып беришкен. Мындан улам иш сотко жетпей кыскартылды.   Быйыл 23-июлда Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде скутердин айдоочусу көлдүн үстүндө “таблетка” баллонун сүйрөтүп бара жатып теплоходго урунган. Андан үч адам денесинен жараат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага жеткирилген. Читать дальше...

Аба ырайы: айрым аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

6-октябрда түнкүсүн Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу аймактарда карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *