Газадагы ооруканага урулган соккудан жүздөгөн киши мүрт кетти
Газа тилкесинин Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 17-октябрда шаардык ооруканага жасалган Израил армиясынын соккусунан 500дөй адамдын өмүрү кыйылды. Израил армиясы ооруканага жасалган чабуулга тиешеси жок экенин билдирип, палестин жоочуларынан көрдү. Согуш маалында тараптардын билдирүүлөрүн көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. MedGlobal эл аралык кайрымдуулук уюмунун башчысы Захер Сахлул чабуулду медициналык мекемеге жасалган "акылга сыйбас кол салуу" деп атап, аны "аскердик кылмышка" теңеди. Читать дальше...