Рахманкул хандын швейцариялык ини досу Бернар Репонд
Дүйнө кыргыздарынын ичиндеги чакан ооганстандык топтун мурдагы ханы Рахманкул Жапаркул уулуна бир нече ирет кезиккен жана Ала-Тоодо элет жеринде көпүрө салдырган швейцариялык саякатчы Бернар Репонд тууралуу блог. Кыргызстан – Швейцария XX кылымдын башында Кыргызстанды Швейцария сыяктуу бакыбат өлкө болсо экен деп самаган саясатчылардын алгачкысы, биз билгенден, Жусуп Абдыракманов болсо керек эле. Албетте, Кыргызстандын эгемендиги доорунда да демократияга багыт алган жумуриятыбызды көп этностуу Швейцарияга теңегиси келгендер арбыган.