"Мега" Мамлекеттик өнүктүрүү банкына өттү. Өзгөрүү болобу?
"Mега" мобилдик байланыш компаниясы 14 млрд 800 млн сомго сатылды. Компаниянын 100% акциясын жакында түзүлгөн Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алганы айтылды. 2010-жылдан соң улутташтырылып, мамлекеттин карамагына өткөн мобилдик компанияны эми өкмөттүн курамындагы банкка өткөрүүдөн эмне өзгөрөт? Ушул суроо учурда коомчулукта талкууланып жатат. Кыргызстандагы мамлекетке караштуу кирешелүү компаниялардын бири - "Mега" бренди менен таанылган "Альфа Телеком" компаниясы аукцион аркылуу сатылганы 11-октябрда белгилүү болду. Читать дальше...