Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 31.10.2023

Жунушалиев кайрадан мэр болду. Бишкектин көйгөйү чечилеби?

Azattyk.org 

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматынан алынып, анын ордуна Айбек Жунушалиев келди. Жунушалиев буга чейин да Бишкек шаарын башкарып кеткен. Президенттик аппарат Абдыкадыров “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду” деп кабарлады. Бирок азырынча кайсы кызматка өткөнү айтыла элек. Эмилбек Абдыкадыровду коштогон сын жана мактоо Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин мэри болуп 2022-жылы февралда дайындалган. Эки жылга жакын иштеген мэр Абдыкадыровдун калаадагы таштанды, коомдук транспорт... Читать дальше...

КГБ архивинине катылган сыр ачылабы?

Azattyk.org 

Жакында Жогорку Кеңеште "1918-1953-жылдардагы саясий репрессия курмандыктарын актоо жөнүндөгү" мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды. Анын максаты - КГБнын архивиндеги материалдарды ачыкка чыгаруу менен кыргыз тарыхынын актай барактарын толуктап, ак жеринен атылып кеткендерди, жазыксыз камалгандарды дагы бир ирет эскерип, келечекке сабак алуу. Студиябыздагы талкууга Президенттин кеңешчиси, тарых илимдеринин кандидаты, белгилүү жазуучу Арслан Капай уулу, Жогорку Кеңештин депутаты, мыйзамдын... Читать дальше...

Газа: Израил армиясы менен ХАМАСтын согушу уланууда

Azattyk.org 

Израил менен ХАМАС радикал уюмунун согушуна 25 күн болду. Израилдин өкмөт башчысы аскердик аракеттерди токтотуу чакырыгын четке какты. 31-октябрга караган түнү ЦАХАЛ Газа тилкесиндеги согушкерлерге тиешеси бар делген 300дөй жайга сокку урганы маалым болду. Газада миңдеген карапайым тургундардан тышкары, БУУнун 60тан көп кызматкери, маалымат каражаттарынын 30дан ашуун өкүлү мүрт кеткени кабарланды. 31-октябрга караган түнү Израил армиясынын аскерлери Газа тилкесинин түндүгүндө ХАМАСтын согушкерлери менен кармашып... Читать дальше...

IPHR Макронду Казакстан, Өзбекстандагы адам укуктары жөнүндө маселе көтөрүүгө чакырды

Azattyk.org 

Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк (International Partnership for Human Rights - IPHR) уюму Франциянын президенти Эммануэл Макронду Казакстан жана Өзбекстандагы сапарлары учурунда адам укуктары темасын козгоого чакырды. Кеңсеси Брюсселде жайгашкан IPHR 31-октябрда билдиргендей, Макронго жолдонгон ачык катта Казакстанда кандуу Январь окуялары маалындагы укук бузууларга баргандар жазасыз калганы, былтыр Каракалпакстанда болгон нааразылык акцияларынан кийин жергиликтүү активисттердин, журналисттердин... Читать дальше...

Орусияда мигранттарды каттоонун тартиби өзгөрдү

Azattyk.org 

Израил менен ХАМАС радикал уюмунун согушуна бир айга жакындап калды. Газада миңдеген карапайым тургундардан тышкары, БУУнун 60тан ашуун кызматкери, медиа каражаттарынын 30дан көп өкүлү мүрт кеткени кабарланды. Акыйкатчы Жамила Жаманбаева бийлик сунуштап жаткан “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун айрым беренелерин жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин айтты. Орусияда чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды миграциялык каттоодон өткөрүүнүн жаңы тартиби күчүнө кирди. Кыргызстандыктар... Читать дальше...

Газанын ооруканаларында жарык тартыш

Azattyk.org 

31-октябрга караган түнү ЦАХАЛ Газа тилкесиндеги экстремисттерге тиешеси бар делген 300дөй жайга сокку урганы маалым болду. Газада миңдеген карапайым тургундардан тышкары, БУУнун 60тан ашуун кызматкери, медиа каражаттарынын 30дан көп өкүлү набыт кеткени кабарланды.

Блогер Адилет Балтабайдын иши. Пробация капканга айландыбы?

Azattyk.org 

Адилет Балтабай деген ат менен таанымал блогер жана жарандык активист Адилет Али Мыктыбек боюнча сот отуруму 3-ноябрга жылды. Буга чейин Сокулуктун сотуна Пробация кызматы кайрылып, Адилет Балтабайга байланыштуу чечимди жокко чыгарып, камакка алууну суранганы белгилүү болгон.  Ал “Жапырт башаламандык" беренеси менен күнөөлү деп табылып, үч жылдык пробациялык мөөнөткө кесилген. Активисттин жакындары бул окуяны Балтабайга болгон кысым катары баалап жатышат. "Адилет кабыргасы сынып ооруканада" ... Читать дальше...

БУУ Газадагы санитардык абалга жана балдардын саламаттыгына кабатыр

Azattyk.org 

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) Газадагы саламаттыкты сактоо тармагы апаат коркунучуна кептелгенин эскертти. Уюм 31-октябрдагы билдирүүсүндө, жер которгондор көбөйгөнүн, суу, канализация системалары кыйраганын белгиледи. Уюмдун басма сөз катчысы Кристиан Линдмайер карапайым тургундар арасында Израилдин бомбалоолоруна туздөн-түз байланышпаган жоготуулар көбөйүшү ыктымал деп айтты. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израил соккуларын баштагандан бери 8 миң 300дөн ашуун палестиналык өмүр менен кош айтышканын билдирген. Читать дальше...



Аскат Алагөзов президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Аскат Алагөзов мамлекет башчынын басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды. Бул кызматты аркалап келген Эрбол Султанбаев президенттин 31-октябрдагы жарлыгы менен Кыргызстандын Беларустагы элчиси болуп дайындалды. 39 жаштагы Аскат Алагөзов кесиби боюнча журналист. Буга чейин президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүндө иштеп келген. Ага чейин "Пирамида" медиахолдингин жетектеген. (КЕ)

Хельсинки комитети тажик жараны Шариповдун тагдырына тынчсызданууда

Azattyk.org 

Норвегиянын Хельсинки комитети (Norwegian Helsinki Committee) Тажикстандын Ашт районунун 36 жаштагы тургуну Аслиддин Шариповдун тагдырына тынчсыздануусун билдирди. “Озоди” радиосу кабарлагандай, Шарипов бозгундагы тажик оппозициясына таандык Паём ТВ деген каналдын директору Шавкат Мухаммадинин бир тууганы. Үй-бүлөсү жана адвокаты бир айдан бери анын тагдыры белгисиз экенин айтышууда. Маалыматка караганда, 2016-жылдан бери Шарипов Орусияда жашаган, былтыр сентябрда Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен кармалган... Читать дальше...

Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларустагы элчиси болуп дайындалды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Эрбол Султанбаев Кыргызстандын Беларустагы элчиси, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Президенттин дагы бир жарлыгына ылайык, Эрмек Ибраимов Кыргызстандын Беларустагы элчиси кызматынан бошотулду. Муну менен катар ал КМШнын уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү, Латвия жана Эстонияда... Читать дальше...

"Уулумду өгөй атасы кордоп, качып кетти". Жалгыз бой эненин муңу

Azattyk.org 

Баткендин тургуну тестиер баласын өгөй атасы зордуктап, соттук-медициналык экспертизанын корутундусу турса да милиция чара көрбөй, шектүү чет өлкөгө качып кеткенин айтууда. Ички иштер министрлиги бул дооматтарды четке кагып, райондук милиция дароо эле кылмыш ишин козгогонун билдирди. Учурда шектүүгө издөө жарыяланган. "Милиция мени "жалган жалаа үчүн камалып кетесиз" деп коркутту" Баткен районунун 36 жаштагы тургуну (атын атагысы келбеди-ред.) жети жаштагы баласын күйөөсү зордуктаганын айтып даттанды: "Мен ага былтыр турмушка чыккам. Читать дальше...

Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматтан кеткени кабарланды

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматтан алынганын бүгүн 31-октябрда “Азаттыктын” өз булактары кабарлашты. Анын ордуна Айбек Жунушалиев келгени белгилүү болду. Кыргызстандын азыркы мыйзамдары боюнча, Бишкектин башчысын дайындоо жана кызматтан алуу укугу президентте. 47 жаштагы Жунушалиев Бишкекти 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын февралына чейин башкарган. Кийин ал президенттик администрациянын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалып... Читать дальше...

Бишкек: 1-ноябрдан тартып автобус-троллейбуста накталай жол кире 25 сом болот

Azattyk.org 

1-ноябрдан тартып Бишкекте муниципалдык автобус-троллейбуста жол кире накталай төлөнсө 25 сомдон болот. Бул тууралуу 31-октябрда «Азаттыкка» вице-мэр Максат Сазыкулов билдирди. Сазыкуловдун айтымында, мындай пилоттук долбоордун негизги максаты – жол кире төлөөнү толук бойдон электрондук ыкмага өткөрүү, жүргүнчүлөрдү ошого көндүрүү, себеби азыр накталай 11 сом төлөнгөндө акча бюджетке түшүүсүн көзөмөлдөө оор болууда: «Ал акча айдоочунун чөнтөгүндө калат. Ошондо жүргүнчү мамлекетти да, өзүн да алдаган болот. Читать дальше...

Кытайдын "Шэньчжоу-16" космос кемеси Жерге кайтып келди

Azattyk.org 

Кытайдын "Шэньчжоу-16" космос кемеси шейшембиде Ички Монголия автономдуу аймагындагы Гоби чөлүнө ийгиликтүү конду. Анын бортунда үч кишиден турган экипаж бар болчу. Жерге кеменин командири Цзин Хайпэн, тайконавттар (космонавттар) Гуй Хайчао жана Чжу Янчжу кайтып келишти. Алар "Тяньгун" орбиталдык станциясына май айында барган. Кытайдын улуттук станциясында эми үч кишиден куралган "Шэньчжоу-17" миссиясы иштеп жатат. Алар 26-октбярда ааламга жөнөгөн. Болжол менен бул экипаж дагы станцияда беш ай болмокчу. Читать дальше...

Израил ХАМАС менен Газа шаарынын айланасында согушканын билдирди

Azattyk.org 

Израилдин жөө аскерлери Газанын түндүгүндө ХАМАСтын согушкерлерине жана инфраструктурасына чабуул койду. Бул тууралуу "Ассошиэйтед Пресс" агенттиги кабарлады. Жөөт армиясы – ЦАХАЛдын айтымында, ал аймактан жаңжал башталгандан бери 800 миңдей киши чыгып кетти. Бирок израилдик учактар камалоодогу районду бомбалоону улантууда. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху атышууну токтотуу чакырыктарын четке какты жана Газа тилкесин башкарган радикал топту экинчи жөөт мамлекетине коркунуч жаратпагыдай кылып талкалоо убадасын кайталады. Читать дальше...

Ишкер Токтобүбү Оргалча алдамчылыкка шек саналып кармалып, үй камагына чыкты

Azattyk.org 

"Шыдыр Жол Кей Жи" компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Токтобүбү Оргалча алдамчылыкка шек саналып кармалып, үй камагына чыкканы 31-октябрда белгилүү болду. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастагандай, анын бөгөт чарасы 25-октябрда каралган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча шек саналган. Соттун чечимине ылайык, Оргалча 25-ноябрга чейин үй камагында болот. Ички иштер министрлиги жана шектүүнүн адвокаттары, жакындары ишкердин кармалышы боюнча маалымат берген жок. Читать дальше...

HRW: Пакистан оогандык бозгундарды чыгаруу үчүн күч колдонууда

Azattyk.org 

Пакистандын өкмөтү оогандык мыйзамсыз келгендерди чыгаруу үчүн коркутуп-үркүтүүлөргө, күч колдонууга барып жатат. Бул тууралуу Хьюман Райтс Уотч (HRW) эл аралык уюму 31-октябрда билдирди. Исламабад оогандар 1-ноябрга чейин чыгып кетүүгө тийиш деген шарт койгон. Уюмдун Ооганстан боюнча изилдөөчүсү Ферешта Аббасинин айтымында, ур-токмокко, кармоолорго, опузалоого кабылган оогандар келечегине чочулоо менен карап жатышат. “Ооганстандагы кырдаал бозгундардын көбү үчүн кооптуу бойдон калууда. Депортация алардын коопсуздугуна... Читать дальше...

Интеллигентти кордогон коом өнүкпөйт

Azattyk.org 

Жазуучу, публицист Аким Кожоевдин блогу. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбай турганын эскертебиз.   Интеллигент болуш үчүн сөзсүз жогорку окуу жайда окуп, диплом алуу керекпи? Көрсө, андай эмес экен. Дүйнөнүн не бир макталып жүргөн университеттеринде окуп, атүгүл илимдин доктору, академик сыяктуу дүңгүрөк даражаларга жеткендердин арасында да интеллигент боло албай калгандар көп кездешет турбайбы. Интеллигенттик көбүнесе адамдын тубаса дээрине, акыл-эсине, баам-парасатына, сезим-туюмуна тиешелүү касиет экен. Читать дальше...

Шаардык сот Мадумаровдун бөгөт чарасын кароону 13-ноябрга жылдырды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештеги оппозициячыл "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасын кароону 13-ноябрга жылдырды. Буга Мадумаровдун ооруканада экени себеп болгон. Саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүп, адвокат шаардык сотко аппеляциялык арыз менен кайрылган. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда 18-октябрда Мадумаровго козголгон кылмыш ишине байланыштуу алдын ала соттук угуу жабык өткөн. Жараянга анын адвокаттары гана киргизилген. Мадумаров... Читать дальше...

Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган машинелерге чектөө киргизилди

Azattyk.org 

Аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка - Төө-Ашуу постунда жүк ташыган автоунаалардын каттамына убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана байланыш министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, азырка тапта Бишкек - Ош жолунда кар жаап,  124-136-чакырым аралыгы тазаланып, кум себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды  дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырууга чакырат. Кыргыз гидромет борбору... Читать дальше...

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргыз гидромет борбору билдиргендей, 1-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден... Читать дальше...

ИИМ министрликтердин биринин кызматкерин маңзат жасоого шек санап кармады

Azattyk.org 

Кыргызстандын министрликтеринин биринин жетектөөчү адиси (Ч.М.Т.) баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын кызматкерлери 34 жаштагы жаранды Бишкек шаарынын Манас проспектисинде жайгашкан турак үйдүн короосунан кармашкан. Кармоо учурунда ал тоголоктошкон формадагы кочкул... Читать дальше...

Темировдун ишин караган судья Акылбек Адимов үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов үй камагына чыгарылганы 31-октябрда белгилүү болду. Бул маалыматты Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады. Райондук сот Адимовдун бөгөт чарасын 23-октябрда караган. Аны үй камагына чыгарууну тергөөчү өтүнгөн. 20-октябрда судья Адимовдун бөгөт чарасын карап, 17-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган болчу. Айрым маалымат сайттары Акылбек Адимов... Читать дальше...

Шакиев мамлекеттик тууну өзгөртүү аракети тууралуу комментарий берди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мамлекеттик тууну өзгөртүү демилгеси боюнча “Азаттыкка” 31-октябрда комментарий берди. “Бул өтө маанилүү маселе. Бирок биз бул өзгөртүүнү жасайбыз”, - деди Шакиев Бишкекте талаштуу ЖМК жөнүндө мыйзам долбоору талкууланган жыйындан кийин "Азаттыктын" кабарчысынын суроосуна жооп берген учурда. Ал коомдук пикир, авторлордун да, коомдогу активдүү жарандардын да пикири "сөзсүз эске алынат" деп кошумчалады. Коомдогу сын-пикирлер тууралуу суроого спикер: “Анын жарымы жалган, жарымы чын. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *