Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 15.10.2023

Ван аймагындагы кыргыздар: Тарыхый көчтү эскерүү жана көйгөйлөр

Azattyk.org 

Сиирт университетиндеги эл аралык түркологиялык илимий жыйын аяктаган соң, анын бир катар катышуучулары Ван аймагындагы Улуу Памир кыштагына келишти. 7-октябрда Эржиш ооданына караштуу бул айылда оогандык кыргыздардын көчүнүн 41 жылдыгына арналган маданий чаралар өткөрүлүп, Ван кыргыздарынын азыркы жетишкендиктери жана көйгөйлөрү да иликтенди. Тарыхчынын блогу.   Кызыктуу илимий шеринеден учугу уланган сапар Мурдагы блогубузда жазганыбыздай, 2023-жылдын 4–6-октябрында Түркиянын Сиирт шаарындагы... Читать дальше...

Салливан: Иран Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга аралашпайт деген кепилдик жок

Azattyk.org 

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Иран Израил менен ХАМАСтын ортосундагы согушка аралашпайт деген кепилдик жок экенин билдирди. «Биз бардык күтүүсүз кырдаалдарга даяр болушубуз керек», - деди ал 15-октябрда CBS телеканалына курган маегинде. Израилге ХАМАС радикал тобунун кол салганына тогуз күн болду. 1300 адамдын өмүрүн алган чабуулдан бери ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат. Газада жалпысынан 2300дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик билдирди. Читать дальше...

Илхам Алиев Тоолуу Карабакта азери туусун көтөрдү

Azattyk.org 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев жикчил Тоолуу Карабак аймагынын борборунда азери туусун көтөрдү. Салтананттуу иш-чара азербайжандыктар Ханкенди, этностук армяндар Степанакерт деп атаган шаарда 15-октябрда болду. Соңку жыйырма жылдан бери бийликте отурган Алиев  Баку сентябрь айында өз көзөмөлүнө алган аймакка биринчи жолу барды. Тоолуу Карабактын айынан Армения менен Азербайжан 1980-жылдардын соңунан бери жаңжалдашып келген. Негизинен этностук армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном... Читать дальше...

Газада абал оор. Израил аскердик операцияны баштай элек

Azattyk.org 

Израилдин кургактагы операциясы аба ырайынан улам жылып калышы мүмкүн. Бул тууралуу New York Times басылмасы Израил армиясы-ЦАХАЛдагы өз булактарына таянып жазды. 14-октябрдын кечинде Израил бийлиги кургактагы операциясын баштоого даяр экенин билдирген. Израилге ХАМАС радикал тобунун кол салганына тогуз күн болду. 1300 адамдын өмүрүн алган чабуулдан бери ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат. Газада жалпысынан 2300дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылганын жергиликтүү бийлик билдирди. Газа тилкесинин... Читать дальше...

Сузакта 96 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулду

Azattyk.org 

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында "Үмүт" деп аталган социалдык шаарча пайдаланууга берилди. Долбоор облустук бийлик жана "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин колдоосу менен ишке ашырылды. Шаарча курууга 3 гектар жер аянты берилген. Анда турак жайлардан тышкары тигүү цехи, фельшердик-акушердик пункту (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчалары курулган. Шаарчадагы 96 үй көп балалуу жалгыз бой энелерге, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, жашоо-шарты оор деп аныкталган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлгөн. Читать дальше...

Кыргызстанда жашоо минимуму 7 756 сом деп эсептелди

Azattyk.org 

2023-жылдын үчүнчү кварталына карай, Кыргызстанда жалпы жашоо минимуму 7 756 сом деп эсептелди. Улуттук статистика комитети маалымдагандай, эмгекке жарактуу калктын жашоо минимуму - 8 888 сом. Ал эми пенсия курагындагылардыкы - 6 878 сом, балдардыкы - 6 598 сомду түзөт. Быйылкы жылдын биринчи кварталында жашоо минимуму 7 500 сом деп эсептелген. Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. Эл аралык республикалык... Читать дальше...

Аба ырайы: күн ачык болот

Azattyk.org 

Кыргызстанда 16-октябрда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2...7, күндүз 16...21; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 12…17; Нарын облусунда түнкүсүн -1…-3, күндуз 13…15 градус жылыйт. Бишкек шаарында жаан жаабайт. Батыштан секундасына 4-9 метрге жеткен жел согот. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 16…18 градус жылуу болот.

Жакынкы Чыгыш: Иран согушка кийлигишүүгө даяр экенин билдирди

Azattyk.org 

Ирандын бийлиги эгер Газа тилкесин аткылоо токтобосо, Израил менен ХАМАСтын согушуна аралашууга даяр экенин жарыялады.  The Jerusalem Post маалымдагандай, Тегерандын бул эскертүүсү Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) аркылуу Тель-Авивге берилди. Израилдин армиясы Иран согушка кийлигишүү менен Сирия жана Ливандын түштүгүндө "Хезболла" радикал уюму менен чогуу "экинчи фронт" ачууну көздөй турганын билдирди.  Ишембиде Ирандын тышкы иштер министри Хоссейн Абдоллахиан Бейрутта БУУнун Жакынкы Чыгыштагы координатору Тор Веннесланд менен жолугушкан. Читать дальше...



Жалал-Абад: окуучу экинчи кабаттан секирген окуянын чоо-жайы иликтенип жатат

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаардык милициясы билдиргендей, 10-октябрь күнү жергиликтүү тургун 11 жаштагы кызы мектептин экинчи кабатынан секирип кеткенин айтып кайрылган. Ал шаардагы №14 мектепте окуган кызы телефонун мугалим алып койгондуктан ушундай жолго барганын айткан. Натыйжада окуучу кыздын сол буту сынып, ооруканага жаткырылган. Бул факты бирдиктүү реестрге катталды. Учурда териштирүү жүрүп жатат. Облустук ооруканасынан кыздын буту сынып кеткендиктен, он күндөн кийин операция жасаларын билдиришти.... Читать дальше...

Көлбаевдин империясы: кримтөбөлдөрдү ким калкалайт?

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети кримтөбөл Камчы Көлбаев эсепсиз байлык топтогонун, кезинде саясий жараяндарга чейин таасир этип турганын жарыялады. Атайын операцияда өлтүрүлгөн Көлбаевдин таасирдүү империясына кимдер же кайсы жагдайлар шарт түзгөн? Кыргыз бийлигинин кылмыштуу топторго каршы жаңы күрөшү Грузиянын тажрыйбасынан эмнеси менен айырмаланат? Деги эле тамыры Советтер Союзуна барып такалган «мыйзамдагы уурулардын» доору бүтүп бара жатабы? Бул жана башка суроолорго “Биз жана дүйнө” берүүсүндө жооп издедик. Читать дальше...

"Карылыкты чыгыш акылмандарындай өткөрүш керек"

Azattyk.org 

Кыргыз эл жазуучу, агартуучу, тарыхчы Кеңеш Жусупов быйыл 86 жашка толду. Учурда калемгер карылыкка моюн сунбастан, китеп түзүү менен алектенүүдө. Жарык көрүү алдында турган “Кыргыздар” аттуу 40 томдук китепти Каныбек Иманалиев менен бирге түзгөн.

Самара Сагынбаеванын тасмасы Азия фильмдер академиясынын сыйлыгын алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык режиссер Самара Сагынбаева тарткан тасма Түштүк Кореяда Азия фильмдер академиясынын Promising Award сыйлыгын утуп алды. Аталган академияга өтүү үчүн Азия өлкөлөрүнөн 500дөн ашуун адистер ат салышкан. Тандалган 24 режиссер үч апта академияда окуп, кино тартышты. Режиссер Сагынбаеванын айтымында, анын командасы сынакта "Кореядагы акыркы түн" деп аталган кыскаметраждуу тасма тарткан. Баш каармандын ролун кыргызстандык актер Илим Калмуратов ойноду. Сыйлыкка татыган кинолор 28-Пусан эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Читать дальше...

Иранда белгилүү режиссер жана анын аялы киши колдуу болду

Azattyk.org 

Иранда белгилүү режиссер Дариуш Мехржуи жана анын аялы өз үйүндө бычакталып өлтүрүлдү. Бул тууралуу 15-октябрда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. IRNA агенттиги прокуратура өкүлү Хоссейн Фазелиге шилтеме кылып билдиргендей, алардын сөөгүн кызы ишембиде Тегерандан 30 чакырым аралыкта жайгашкан үйүнө барганда көргөн. Маалыматтарга ылайык, учурда иликтөө жүргүзүлүүдө. Маркумдун жубайы мурдараак соцтармактан коркутууга кабылганын билдирген, алардын өлүмүнүн себеби тууралуу расмий маалымат бериле элек. Читать дальше...

Соттор кеңеши алты судьяны жоопко тартууга макулдук берген жок

Azattyk.org 

Соттор кеңеши 12-октябрдагы жыйынында Тартип комиссиясынын корутундусун карап, алты судьяны жоопкерчиликке тартуу сунушун жана арыздарды четке какты. Соттор кеңеши маалымдагандай, жыйында Башкы прокуратуранын Бишкектин Октябрь райондук сотунун судьясы Кубанычбек Касымбековду жана төраганын милдетин аткаруучу Элмира Барыктабасованы жоопкерчиликке тартуу сунушу колдоо тапкан жок. Ошондой эле бир катар жарандардын Сузак райондук сотунун судьясы А. Койломбаеваны, Сүлүктү шаардык сотунун судьялары... Читать дальше...

Ооганстанда күчү 6,3 баллдык дагы бир жер титирөө болду

Azattyk.org 

Бүгүн, 15-октябрда Ооганстандын батышында күчү 6,3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды. 7-октябрдагы катуу зилзала 2 500дөй кишинин өмүрүн алган. АКШнын Геологиялык көзөмөлдөө борбору 15-октябрдагы жер титирөөнүн очогу Герат шаарына 34 чакырым аралыкта орун алганын билдирди. "Ассошиэйтед Пресс" агенттигинин жазганына караганда, силкинүүдөн жабыркагандар жана кыйроолор тууралуу расмий маалымат жок. 7-октябрдагы жер титирөөнүн очогу да 700 миң калктуу Гераттан алыс эмес аймакта жайгашкан. Читать дальше...

Израилдин армиясы Газадагы операциясын күчөтүп жатканын билдирди

Azattyk.org 

Израил аскерлери (ЦАХАЛ) Газадагы аскердик операцияларын күчөтүп, кургакта да чабуулун баштады. Жума күнү ЦАХАЛ Газа тилкесин ХАМАСтын согушкерлеринен тазалаоого киришти. ЦАХАЛдын Телеграмдагы билдирүүсүндө аскерлер абадан, деңизден жана жерден бирдей чабуул жасоого даярданып жатканы жазылган. "ЦАХАЛдын аскерлери жана артиллериясы кийинки операцияларды баштоого даяр", - деп жазылган анда. Израил армиясынын маалымат кызматы Ливан тараптан жасалган чабуулдарга да жооп кайтарылганын билдирген. Читать дальше...

“Чет элдик өкүл” мыйзамы: Эл аралык уюмдар эмнеге кабатыр?

Azattyk.org 

БУУ баштаган эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин "чет элдик өкүл” жөнүндө талаштуу мыйзам долбоорун четке кагууга чакырууда. Алар бул документ Кыргызстандын жарандык коомунун жетишкендиктерин жокко чыгарарын эскертип жатышат. Депутат Надира Нарматова башында турган бул долбоор боюнча 17-октябрда парламенттик угуу өткөнү турат.  Мыйзам эмнени көздөйт? Орусиядагы репрессивдүү “чет элдик агент” мыйзамынын Кыргызстандагы аналогу катары сыпатталып жаткан бул мыйзам долбоору “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *