ТИМ Израилдеги кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты
Израилдеги согуштук аракеттер маалында кыргыз жарандары жабыр тартканы тууралуу маалымат түшкөн жок. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Израилдеги элчилиги (резиденциясы Анкарада жайгашкан) билдирди. Элчилик муну менен катар Израилде жашаган кыргыз жарандарын өлкөнүн чек арага жакын, куралдуу кармаш жүрүп жаткан аймактарына барбай турууга чакырды. Маалыматта элчилик израил тарап менен кырдаалга мониторинг жасап жатканы, бул өлкөдө жашаган кыргыз жарандары менен байланышта экени жазылган. Читать дальше...