Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 16.10.2023

Бектур Искендер «Клооптон» кеткенин билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандагы көз карандысыз медиа - "Клооптун" негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер уюмдан кеткенин, мындан ары басылмага жана редакцияга тиешелүү бир дагы долбоордо иштебей турганын билдирди. Бул тууралуу маалымат "Клооптун" сайтына жарыяланды. Маалыматта Бектур Искендер өзүнүн жекече кат алышуусу коомчулукка тараганы үчүн мындан ары “Клооптун” катарында калууга моралдык укугу жоктугун билдирген. Ошондой  эле бул окуя анын кесиптик ишмердигине таптакыр тиешеси жоктугун белгилеген. Бирок ал... Читать дальше...

Газада набыт болгондор 2800дөн ашты, ХАМАСтын барымтасында 199 киши отурат

Azattyk.org 

Израил аскерлеринин Газаны бомбалоосунан бери дегенде 2808 палестиналык набыт болду, 10 миң 859у жараат алды. Бул тууралуу Газанын Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме менен БиБиСи 16-октябрда кабарлады. Маалыматка караганда, каза тапкандардын 64% аялдар менен балдар. Ал эми Израил өкмөтү маалымдагандай, палестиналык радикал ХАМАС уюмунун 7-октябрдагы кол салуусу 1 миң 400 кишинин өмүрүн алды. Жоочулар 199 кишини барымтада кармап турат. БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш ХАМАСты алардын бардыгын шартсыз кое берүүгө үндөп... Читать дальше...

Улуттук банк октябрь айында экинчи жолу интервенция жасады

Azattyk.org 

Улуттук банк октябрь айында экинчи жолу интервенция жасап, 16-октябрда 44,8 млн долларды валюта базарына сатты. 6-октябрда 27 млн 150 миң доллар саткан. Ага чейин 14-сентябрда 47 млн 690 миң долларды сатыкка чыгарган. Ушуну менен өлкөнүн башкы банкы жыл башынан берк валюта рыногуна $654 миллиона 840 миң доллар сатты. Быйылкы жылдын эсебинен Улуттук банк кайрадан доллар сатып ала элек. Улуттук банктын сайтындагы маалыматка караганда, 16-октябрда бир доллардын наркы 89 сом 17 тыйын, бир евро 94 сом... Читать дальше...

Израил армиясы Газага аба соккуларын улантты

Azattyk.org 

Газада аба чабуулдарынан жабыркаган карапайым тургундардын саны өсүүдө. Маалыматка караганда 2750дөн ашык киши мерт болуп, он миңге чукул адам жараат алды. Израил армиясы ХАМАСтын чабуулунан кийин абадан сокку ура баштаган. Анда 1400дөй израилдиктин өмүрү кыйылып, 130дан көп киши барымтага тушкөн.

Казакстандагы айылдын тургундары Алматы - Бишкек жолун тороого аракеттенди

Azattyk.org 

Алматы калаасынын четиндеги Камертоган айылынын тургундары Алматы-Бишкек жолун тороого аракеттеништи. Окуя 15-октябрда кечинде болгонун «Азаттыктын» казак редакциясы жазды. Инстаграмдагы kris.p.original баракчасы маалымдагандай, айылдыктар мындай аракети менен электр энергиясынын үзгүлтүккө учураганына нааразылык билдирди. Алар электр берүү токтогонун, газ мештери иштебей калганын, суусуз отурушканын айтышты. Карасай районунун акимияты Камертоган айылынын 20 тургуну жекшембиде кечки 10 жарымда... Читать дальше...

Көлбаевдин 500 миң долларлык асыл тукум жылкылары мамлекетке алынды

Azattyk.org 

4-октябрда Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөн, кылмыш дүйнөсүнүн анабашы деп таанылган Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) жалпы наркы 500 миң доллардан ашуун асыл тукум жылкылары мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирип, "уюшкан кылмыштуу топко катышуу" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын кошумчалады. Атайын кызматтын басма сөз кызматы маалымдагандай, Көлбаевге таандык делген жылкылар: англис тукумундагы “Баш кашка” - баасы 150 миң доллар... Читать дальше...

Атайын операция: Көлбаевдин өлтүрүлүшүн Аскер прокуратурасы иликтейт

Azattyk.org 

Криминалдык чөйрөнүн лидери саналган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) өлтүрүлгөн Улуттук кооопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин атайын операциясынын мыйзамдуулугун Аскер прокуратурасы териштирип жатканы белгилүү болду.

Иранда белгилүү режиссёр менен аялын өлтүрүүгө шектелген эки киши камалды

Azattyk.org 

Иранда белгилүү режиссёр Дариуш Мехржуи менен аялын өлтүрүүгө байланыштуу эки киши камакка алынды. Сот системасынын расмий өкүлдөрү жубайларды 14-октябрда Тегерандын жанындагы үйүндө бычактап кетишкенин билдиришти.  Полициянын басма сөз кызматы кылмышка байланыштуу төрт шектүү адам аныкталганын, экөө камалганын, калгандары камакка алынганы жатканын маалымдады. Маалыматтарга ылайык, Мехржуинин жубайы мурдараак соцтармактан коркутууга кабылганын билдирген. 83 жаштагы режиссёр 1970-жылдардын башында... Читать дальше...



Грузиянын Конституциялык соту президент Зурабишвили баш мыйзамды бузду деп тапты

Azattyk.org 

16-октябрда Грузиянын Конституциялык соту президент Саломе Зурабишвили өкмөттүн уруксатын албастан Еврошаркеттин мамлекеттерине баруу менен баш мыйзамды бузду деп тапты. “Азаттыктын” грузин кызматынын жазганына караганда, 9 судьянын алтоо мындай бүтүмдү колдоду. Башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын депутаттары ошол сапарлар үчүн президентке импичмент жарыялоо жараянын баштаганы 1-сентябрда маалым болгон. 80 мыйзам чыгаруучунун тиешелүү арызы сотко 14-сентябрда берилген. Президентти кызматынан кетирүү үчүн 100 депутаттын колдоосу керек. Читать дальше...

Ташиев менен Ятимов чек ара маселесин талкуулады

Azattyk.org 

Бүгүн, 16-октябрда эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов баштаган өкмөттүк делегациялар Тажикстандын Бустон шаарында жолугушту.  Бул тууралуу Баткен облустук администрациясынын басма сөз кызматы кабарлады.  Жолугушууда эки тараптын делегация башчылары кыргыз-тажик чек арасындагы калган тилкелер боюнча келишимди тараптар так аткарып жатканына канааттануусун билдиришти. Ошондой эле топографиялык жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топторго чек арага... Читать дальше...

Аялды кордогон эркек жөнүндө маалымат чогултуу сунушталды

Azattyk.org 

Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөн эркек тууралуу маалыматты каттоо органдарына жөнөтүп туруу сунушу бүгүн 16-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо жаатындагы мыйзамдарды өзгөртүү, толуктоо тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтылды. Депутат Дастан Бекешев эгер ошондой маалымат каттоо органдарында болсо, кыз-келиндерге болочок жолдошун туура тандоого жардам болот эле деп эсептейт... Читать дальше...

УКМК: Курулуш компаниясынын батирлери мамлекетке кайтарылды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаардык мэриясынын Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти менен бирге жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында үй курууга жер тилкесин ижарага алган тарап шарттарды аткарбаганын аныктаган. Буга байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Бирок кылмыш иши кайсы кодекстин кандай беренеси менен козголгону тууралуу маалымат жок.  Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, тергөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 2005-жылы Бишкек шаардык мэриясы И.М.С.... Читать дальше...

Жакынкы Чыгыш: Газанын ооруканаларында абал оор

Azattyk.org 

Израил армиясы - ЦАХАЛ - 16-октябрга караган түнү Газа тилкесиндеги ХАМАС радикал тобуна караштуу элүүдөй жайга сокку урганын билдирди. Алар экстремисттик топту толугу менен жок кылып, барымтадагыларды бошотуу максатын көздөйт. Газада аба чабуулдардан жабыркаган карапайым тургундардын саны өсүүдө. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, жалпы мүрт кеткендердин саны 2750дөн ашты, он миңге чукул адам жараат алды. Израил армиясы аба соккуларын ХАМАСтын кол салуусунан кийин баштаган. Анда 1400дөй израилдиктин өмүрү кыйылып... Читать дальше...

“Камбар-Ата-1”: Негиздемени иштеп чыгууга эки жылдай талап кылынат

Azattyk.org 

“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу эки жылдай убакытты талап кылат. Бул тууралуу бүгүн 16-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинде энергетика министринин орун басары Таалайбек Байгазиев билдирди. Жыйында аталган долбоор үчүн Дүйнөлүк банктын Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан техникалык грант алуу тууралуу маселе каралды. “Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда ниет меморандумуна кол коюлган. Читать дальше...

Жалал-Абад шаарында ипотекалык үйдүн курулушу башталды

Azattyk.org 

Бүгүн, 16-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында 639 батирден турган "Асман резиденс" ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушуна капсула салынды. Иш-чарага мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.   Облустук бийликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, долбоор президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен жарандарды мамлекеттик ипотекалык программа аркылуу арзан турак жай менен камсыз кылуу максатында ишке ашырылууда. Аны куруу үчүн президенттин Иш башкармалыгы... Читать дальше...

Ооганстанда бир жумада үчүнчү жер титирөө катталды

Azattyk.org 

Жекшембиде Ооганстандын Герат провинциясында дагы бир жолу жер титиреди. 7-октябрдан бери Ооганстандын батышында муну менен үчүнчү жолу зилзала катталды. АКШнын Геологиялык кызматы күчү 6,3 баллга жеткен силкинүүнүн очогу Иран менен чек ара аймагындагы Герат шаарынан 34 километр алыс жерде болгонун маалымдады. “Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык уюму эки киши набыт болгонун, ооруканаларга жараат алган 150 киши түшкөнүн билдирди. Уюмдун Ооганстандагы программасынын директору Яхья Калила Ажанс Франс Пресс (АФП) агенттигине айтып бергендей... Читать дальше...

Бишкекте жол кирени 20 сомго көтөрүү сунушталууда

Azattyk.org 

Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспорттордо жүрүү акысын кымбаттатууну сунуштоодо. Бул тууралуу токтом долбоору шаардык кеңештин сайтына жарыяланды. Ага ылайык, муниципалдык жана менчик транспорттордо жол кире 20 сом болот. Демилгечилер шаардагы коомдук унаалардын баарында: автобус, троллейбус, кичи автобустар менчигине карабай, бир гана баада - 20 сомдон болушу керек деп сунушташкан. Буга жараша электрондук жол кире картасынын да баасы көтөрүлөт. Мектеп окуучулары үчүн 430 сом, ал эми стандарттуу карта 1200 сом болот. Читать дальше...

Аксы: такырланган жайытка кам көргөн айылдыктар

Azattyk.org 

Аксынын Кашка-Суу аймагынынын жергиликтүү бийлиги такырланган жайыттарды калыбына келтирүүгө умтулууда. Алар бейөкмөт уюмдарга долбоор жазып, тоют чөптүн уруктарын жана айдоо аянттарды тосмологонго керектүү материалдарды сатып алышты.

Баткенге жана Ысык-Көлгө шамалдан энергия алуучу станция куруу боюнча келишим түзүлдү

Azattyk.org 

"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасы "НоваВинд Кыргызстан" компаниясы менен келишим түзүп, Баткен жана Ысык-Көл облустарына шамалдан электр энергиясын алуучу станцияларды курууну макулдашты. Бул станциялардын кубаттуулугу 100 МВттан кем эмес болот. Энергетика министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай, макулдашуу Кыргызстан-Орусия ишканаларынын 11-октябрда Жалал-Абад облусунда өткөн аймактар аралык конференциясында түзүлгөн. Ага ылайык, "НоваВинд Кыргызстан" өндүргөн электр... Читать дальше...

Польшанын оппозициясы шайлоодо жеңгенин жарыялады

Azattyk.org 

Польшанын «Жарандык платформа» партиясынын лидери Доналд Туск парламенттик шайлоодо оппозициялык коалиция жеңгенин жарыялады. Саясатчы муну экзит-поллдун жыйынтыгына таянып билдирди. Жекшемби күнкү добуш берүүнүн расмий санактары даяр боло элек. Бул жолку шайлоого катышкандар рекорддук 71,8 процентке жетти. Экзит-поллго же добуш берүүдөн кийинки сурамжылоого ылайык, бийликтеги «Укук жана адилет» партиясы добуштардын 36,6 % алат, «Жарандык платформага» 31%, анын потенциалдуу өнөктөштөрү - «Үчүнчү... Читать дальше...

Замирбек Шамшидин уулунун камактагы мөөнөтү 8-ноябрга чейин узартылды

Azattyk.org 

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун бөгөт чарасы 16-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, 8-ноябрга чейин узартылды. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Замирбек Шамшидин уулуна Кылмыш жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал 278-беренеге (“Массалык баш аламандыктар”) алмаштырылган. Читать дальше...

Казакстан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандар үчүн ишеним телефонун ачты

Azattyk.org 

Казакстан өкмөтү үй-бүлөлүк зомбулуктан жана буллингден жабыркагандарга укуктук, психологиялык жана консультативдик жардам берүү үчүн ишеним телефонун ишке киргизди. Казак премьер-министринин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиешелүү көрсөтмөнү президент Касым-Жомарт Токаев өзү берген. 16-октябрдан тарта жабыркагандар күнү-түнү "111-Аманат" деген телефонго бекер чала алышат. "Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, демилгеде бардык мамлекеттик органдардын оперативдүү чара көрүүсү каралган. Мындан... Читать дальше...

Талаштуу ЖМК мыйзамы кайрадан талкууда

Azattyk.org 

"Медиа Полиси Институту” уюмунун юристтери "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунда коомчулуктан түшкөн сунуштар эске алынбаганын айтып чыкты. Маданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгы айтылган сын-пикирлер Экономика министрлигинде экспертиза учурунда караларын билдирүүдө. Ар арада Венеция комиссиясы бул документтин "кесепети оор" болорун эскертти. 13-октябрда "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны өттү. Читать дальше...

Баткен: мекеме аралык комиссия жапкан 32 мечиттин бири кайра ачылды

Azattyk.org 

Баткен облусунда мекемелер аралык жумушчу тобунун диний жайларды текшерүүсүнүн жыйынтыгында жабылган мечиттердин бири кайра иштей баштаганын Баткен облусунун казыятынан «Азаттык» радиосуна билдиришти. Маалыматта айтылгандай, текшерүү учурунда уруксат кагаздарындагы кемчилиги үчүн жабылган мечиттин кызматкерлери дароо аны жоюп, кайрадан ишин улантууга уруксат алышкан.  Баткен облусунда 32 мечит жана 5 диний окуу жайдын ишмердиги токтотулганын 10-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген. Читать дальше...

Улуттук курама команда Азиянын паралимпиада оюндарына катышат

Azattyk.org 

Кыргызстандын улуттук курама командасы Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган Азиянын паралимпиада оюндарына катышат. Бүгүн, 16-октябрь күнү улуттук курамага Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстандын туусу тапшырылды. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов катышып, курама командага ийгилик каалады. Азиянын паралимпиада оюндары 20-30-октябрь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан спорттун 6 түрүнөн: жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдодон 29 спортчу катышат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *