Газага гуманитардык жардам жүктөлгөн 20 автоунаа жөнөп кетти
Газа тилкесинин жашоочулары үчүн биринчи гуманитардык жүк жүктөлгөн 20 автоунаа Египет тараптагы Рафах өткөрмө бекетинен өттү. Жүктү Кызыл жарым ай уюмунун кызматкерлери коштоп барды. Алар көбүнесе ХАМАС радикал тобу менен Израилдин ортосундагы кагылышууда жабыркаган палестиналыктарга керектүү дары-дармектер жана медициналык буюмдарды алып келишкени айтылды. Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газа секторунун жашоочулары үчүн кеминде 100 жүк ташуучу автоунаа жардам керек экенин билдирген. Бирок Израил 20 гана машинаны өткөрүүгө уруксат берди. Читать дальше...