Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 22.10.2023

Кемпир-Абад иши: Абактан коркпогон аялдар

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 20дан ашуун саясатчы, активист бир жыл мурун камалган. Алардын ичинен алтоо аял. "Азаттык" бул жолу абакка камалып чыккан беш саясатчы аялдын үнүн угузат.

Газага гуманитардык жардам кирди

Azattyk.org 

Жекшембиде Газанын блокадада калган элине гуманитардык жардам жүктөгөн, 17 машинеден турган экинчи кербен Египеттин Рафах бекетинен өттү. Ишембиде жүк ташыган 20 машине блокадада калган аймакка жардам жеткирген. Эки аптадан бери Израил сокку уруп жаткан анклавда гуманитардык кырдаал курч.

Армениянын жана Азербайжандын  башкы дипломаттары Тегеранда жолугат

Azattyk.org 

23-октябрда Ирандын, Орусиянын, Армениянын, Түркиянын жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери Тегеранда жолугуп, аймактык маселелерди, анын ичинде Тоолуу Карабактан кийинки Баку менен Еревандын талашын чечүүнүн жолдорун талкуулайт. Армениянын тышкы иштер министрлиги өлкөнүн башкы дипломаты Арарат Мирзоян Тегерандагы жолугушууга катышарын ырастады. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров дүйшөмбүдө Иранга барарын мекеменин  басма сөз катчысы Мария Захарованын айтканына таянып, орус медиасы жазды. Читать дальше...

Бээжин: Кыргыз элчилеринин Жузеппе Кастилионе тарткан боёк сүрөтүнүн чоо-жайы

Azattyk.org 

Кытайда кыргыз элинин көөнө жана орто кылымдардагы тарыхы түгүл, жаңы доордогу тарыхы боюнча да мол маалымат сакталып келет. Алардын бири – теги италиялык болгон жана цин-манчжур падышасына кызмат өтөгөн сүрөтчү Жузеппе Кастилионе тарткан сүрөт. Тарыхчынын блогу.   Сүрөтчү тууралуу кыска маалымат Жузеппе Кастилионе (орусча Джузеппе Кастильоне; италиялыкча Giuseppe Castiglione; кытайча 郎世寧; кыргызчага бул ханзуча жаңы ысым “Лийаң Шыниң деп транскрипцияланат) – сүрөтчү жана христиан динин таркатуучу, теги италиялык. Читать дальше...

УТРК: Бажы кызматынан бюджетке 70 млрд сомго жакын акча түшпөй калган

Azattyk.org 

2016-2019-жылдары Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Эркечтам өткөрмө бекетинен кирген жүктөн жалпы суммасы 18 млрд 973 млн сом бажы төлөмү мамлекеттик бюджетке түшкөн эмес. Ошол кезде кыргыз бажысында иштеген кызматкерлер  коррупциялык схема аркылуу Эркечтам - Кызыл-Бел, Эркечтам - Достук жана Эркечтам - Карамык багытында жүк ташууда миллиарддаган сом бажы төлөмдөрүн кымырып турушкан. Бул тууралуу Аткезчиликке каршы күрөш кызматынын маалыматына таянып, Улуттук телерадиокомпания (УТРК) кабарлады. Читать дальше...

Газа секторуна гуманитардык жардам жүктөгөн экинчи автокербен кирди

Azattyk.org 

Маалымат каражаттары жекшембиде Газанын блокадада калган элине гуманитардык жардам жүктөгөн, 17 машинеден турган экинчи кербен Египеттин Рафх бекетинен өткөнүн жазышты. Ишембиде 20 жүк ташуучу машине эң керектүү болгон суу, тамак-аш, дары-дармек жүктөп Газа тилкесине кирген. Улуттар Уюму жардам жүктөп кирген 20 машине «деңизге тамган тамчыдай» деп, блокадада калган аймакта кырдаал апаатка айланып жатканын билдирген. "Зарыгып турган миллиондогон кишиге такай тамак-аш жеткирүү үчүн гуманитардык... Читать дальше...

Израил: ХАМАСтын чабуулунда набыт болгон 1075 кишинин сөөгү аныкталды

Azattyk.org 

Израилдин полициясы менен ЦАХАЛ жекшембиде билдиргендей, эки апта мурун ХАМАСтын чабуулдарында набыт болгон 1075 кишинин сөөгүнүн тек-жайы аныкталды. Алардын 769у карапайым жаран болсо, 307си аскерлер. Дагы 200 сөөктүн тек-жайы аныктала элек. ЦАХАЛдын өкүлү ХАМАСтын согушкерлери 212 кишини барымтада кармап турганын билдирди. Дагы 200дөй киши дайынсыз же тагдыры белгисиз экенин кошумчалады. Бул санга жума күнү согушкерлер туткундан бошоткон эки америкалык жаран - Жудит Раанан менен анын кызы Натали кирбейт. Читать дальше...

"Социалдык келишим" боюнча мыкты иштегендерге үстөксүз насыя берилет

Azattyk.org 

"Социалдык келишим" долбоорунун алкагында 100 миң сом алып, ишкерлигин мыкты жүргүзүп кете алган үй-бүлөлөргө 200 миң сомго чейинки көлөмдө үстөк пайызсыз насыялар берилет. Алардын насыялык тарыхы да таза болууга тийиш. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен "Азаттыкка" билдиришти. 2022-жылы аз камсыз болгон 2800 үй-бүлө өкмөт менен социалдык келишим түзүп, 100 миң сомдон алышкан. Министрлик алардын 99,6% ийгиликтүү иштеп кеткенин билдирген. 2023-жылы мындай келишим... Читать дальше...



Израил Газага сокку урууну "күчөтө" баштады, аймакка гумжардам кирди

Azattyk.org 

Израилдин армиясы Газа тилкесинде ХАМАС радикал тобуна каршы жерде жүргүзө турган операциянын алдында аба соккуларын катуулатып, элге коопсуз тарапка кетүүнү эскертти. Жердеги операция качан башталары так белгисиз. Толук блокадада калган Газадагы карапайым калкка биринчи жолу гуманитардык жардам ишембиде жетти. Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тынчсыздануу жаратууда. Пентагондун билдирүүсүндө, Иран союздаштары менен аймакта «эскалацияны» күчөтүүгө аракеттенип жатканы белгиленген. Израил армиясы – ЦАХАЛ... Читать дальше...

Бишкекте бир суткада 29 айдоочу мас болуп кармалды

Azattyk.org 

Бишкек Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Кайгуул кызматы 22-октябрга караган түнү борбор калаада "Бахус" атуу операциянын алкагында рейд жүргүздү. Натыйжада жол кыймылынын эрежелерин бузган 766 айдоочу кармалып, протокол түзүлдү. Булардын ичинен 29 адам мас абылында, 19 адам айдоочулук күбөлүгү жана документи жок машине башкарып жүргөнү үчүн кармалышты. "Бахус" рейдинин негизги максаты түн ичинде мас абалында рулга отургандарды аныктоого багытталган. Рейддин натыйжасында 124 автоунаа айып жайына киргизилди. Читать дальше...

Алты жылга соттолгон Боранбаев пробациялык көзөмөл менен абактан чыкты

Azattyk.org 

Казакстандын Акмола облустук соту ишкер Кайрат Боранбаевдин алты жылдык жаза мөөнөтүн эркиндигин чектеген өкүм менен алмаштырды. Ага ылайык, Кайрат Боранбаев пробациялык көзөмөл алдында болот. Облустук соттун маалымдашынча, өкүмдү алмаштырууда бир нече фактор эске алынган. Анын ичинде Боранбаев берилген жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн өтөп койгону (Казакстандын мыйзамдарында абакта өткөн ар бир күн 1,5 күн деп эсептелет), мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтиргени, кылганына өкүнгөнү... Читать дальше...

Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Azattyk.org 

23-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда карга айланат. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу аймактарда кар түшөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндуз 10…15; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 10…15; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12... Читать дальше...

Иран Өзбекстан менен визасыз режим киргизүүнү көздөп жатат

Azattyk.org 

Иран Өзбекстандын жарандары үчүн визасыз режим киргизүүнү жана эки өлкөнүн ортосундагы туризмди өнүктүрүүнү максат кылат. Бул тууралуу Tehran Times жазды. 18-октябрда Өзбекстандын экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү боюнча министри Азиз Абдухакимов менен Ирандын туризм министри Эзатолла Заргами Самаркандда жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Анда Ирандын туризм министри өлкөлөр арасында визасыз режим киргизүүнү сунуштады. "Мен Бухарага барганда эки элдин канчалык жакын экенин сездим. Читать дальше...

Сириядан дагы 21 аял, 62 бала Кыргызстанга кайтарылды

Azattyk.org 

"Айкөл-3" гуманитардык миссиясынын алкагында 22-октябрда Сириядан Кыргызстанга дагы 21 аял жана 62 бала алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта кыргыз тарап АКШнын өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөнү үчүн, ошондой эле, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетине ыраазычылык билдирген. Читать дальше...

Түркмөнстанда аялдарга айдоочулук күбөлүк берилбей жатат

Azattyk.org 

Түркмөнстандын  Балканабад шаарындагы айдоочулукка даярдоочу мектептерде кыз-келиндерди кабыл алууда жаңы чектөөлөр киргизилгени айтылууда. Транспорт жана Ички иштер министрлигинен 40 жашка чейинки аялдарды окууга киргизбөө тапшырмасы берилген. Бул тууралуу "Азаттыктын" түркмөн кызматына жергиликтүү автомектептердин биринин кызматкери билдирди. Жыл башында "Азаттыктын" кабарчылары Ички иштер министрлигинин компетенттүү органдары 40 жашка чейинки аялдарга айдоочулук күбөлүк берүүдөн баш тартып жатканын билдиришкен эле. Читать дальше...

Израил ХАМАСка каршы чабуулун күчөтөрүн билдирди

Azattyk.org 

Израилдин армиясы жердеги операцияларына чейин Газа тилкесиндеги ХАМАСтын жоочуларын аткылоону күчөтүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Израил армиясынын басма сөз катчысы Даниэль Хагари маалымдап, Газа тилкесинин түндүк тарабындагы элди коопсуз жакка чыгып кетүүгө чакырды. Ал ХАМАС карапайым элдин үйлөрүн пайдаланып жатканын айтты. "Газадагы биз сокку урган ар бир имаратты ХАМАС өз кызыкчылыгына пайдаланып жатат". ЦАХАЛ Газада пландалган жердеги операциялары качан башталарын маалымдай элек. Мурдараак... Читать дальше...

Текстил жана тигүү өндүрүшүнүн көлөмү 11 млрд сомдон ашты

Azattyk.org 

Кыргызстандагы кездеме токуу жана тигүү өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 11 млрд 070 млн 104 400 сомду түздү. Бул былтыркы тогуз айдын көрсөткүчүнө - 6 млрд 281 млн 976 800 сомго караганда дээрлик эки эсе көп. Улуттук статистика комитетинин сайтындагы маалыматка ылайык, мунун 8 млрд 849 млн 156 300 сому тигүү өнөр жайына таандык. Аталган тармактагы өндүрүш быйыл эки эсе көбөйгөн. Былтыркы тогуз айда көлөм 4 млрд 457,5 млн сом деп эсептелген. Кыргызстандын... Читать дальше...

Беринг деңизинде климаттан улам он миллиард краб кырылып калды

Azattyk.org 

Беринг деңизиндеги он миллиард крабдын ачкалыктан кырылып калышына аймакта климат өзгөрүп, күндүн ысып кеткени себеп. Science журналына жарыяланган баяндаманын авторлору крабдар мындан ары мурункудай көбөйбөй турганын белгилешүүдө. Окумуштуулардын маалыматына караганда, аба табынын жогорулашынан улам кырылган крабдардын саны 45 жыл аралыгындагы эсепке караганда төрт эсе көп. Изилдөөчүлөрдүн бири Коди Шувальски 2018-жылы Беринг деңизинде катуу күн ысып, эки жыл бою суу бетинин 4% гана муз менен капталып турганын белгиледи. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *