Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 19.10.2023

Израил армиясы кеминде 203 киши ХАМАСтын барымтасында калганын билдирди

Azattyk.org 

Израилдин армиясы ХАМАС радикал тобу барымтага алган 203 кишинин үй-бүлөлөрүнө кабар берилгенин тастыктады. Буга чейин 199 киши туткунда экени тууралуу маалымдалган. 7-октябрда ХАМАСтын жоочулары Израилдин аймагына чабуул койгондо 1 миң 400дөй кишини өлтүрүп, дагы бир нечесин барымтага алган. Арасында канча чет өлкөлүк киши бар экени белгисиз. 19-октябрда Франциянын Тышкы иштер министрлиги ал кол салууда 28 жараны окко учканын, жетөө дайынсыз болуп жатканын билдирди. 18-октябрда АКШнын президент... Читать дальше...

Орусияда такси айдаган мигранттарга соттуулугу тууралуу маалымат берүү эскертилди

Azattyk.org 

Орусиянын такси кызматында иштеген мигранттар соттуулугу жана кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматтарды бериши керектиги эскертилди. Бул маалымат Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги 18-октябрда түшүндүрүү иштеринин алкагында "Яндекс Такси" компаниясынын өкүлдөрү жана кыргызстандык активисттер менен уюштурган жолугушууда айтылды. Анда "Яндекс такси" компаниясынын өкүлдөрү Орусия мыйзамдарындагы такси кызматындагы жаңы тартип тууралуу маалымат беришти. Ага ылайык, Орусияда жүргүнчү... Читать дальше...

Кытай көз арткан Сибирдеги токой

Azattyk.org 

Томск облусундагы Асино шаарында жеңил өнөр-жай паркын түзүү боюнча орус-кытай биргелешкен долбоору ойдогудай ишке ашкан жок. Дээрлик 15 жыл мурда кытайлык инвесторлор совет доорунда шаардын күрөө тамыры болгон жыгач комбинатын калыбына келтире баштаган. Келишим боюнча инвесторлор токойду гана кыйбастан, жыгач иштетүүчү бир нече завод дагы курушу керек эле. Бирок ишкана бир нече жылдан бери чыгым тартып келе жатат. Комбинаттын чабал иши социалдык дагы көйгөйлөрду жаратууда. Анткени Сибирдеги чакан... Читать дальше...

Казак президенти Токаев Шинжаңга барды

Azattyk.org 

Египет Рафах өткөрмө бекети аркылуу Газа тилкесине гуманитардык жардам киргизүүгө уруксат берди. Кызыл жарым ай эл аралык уюму Египет тарапта гуманитардык жардам жүктөлгөн 200дөй машине турганын билдирди. Орусиялык активист Лев Скорякин Кыргызстанда уурдалганы кабарланды. Кытайда расмий сапар менен жүргөн Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 18-октябрда Шинжаңга барды.

Аралдагы сай сейил бакка айланат

Azattyk.org 

Ноокаттын Арал айылындагы жаштар алты гектар сайды тазалап, топурак төгүп, 500 түп көчөт тигүүнүнүн аракетинде. Эки жээгин кум-таш чайпаган сай эми айыл эли үчүн сейил бакка айланат. Долбоор коомдук уюмдардын колдоосу жана жергиликтүү жаштардын күчү менен ишке ашууда.

УКМК кылмыштуу жол менен алынган мүлктөр аныкталганын айтты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кримтөбөл деп айтылып келген Камчы Көлбаевдин (Камчы Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө карата “кылмыштуу кирешелерди адалдоо” фактысы боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө дагы бир нече мүлк аныкталганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы 19-октябрда тараткан маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө: "Илбирс-Саадат" эс алуу борборундагы коттедж;  Чолпон-Ата шаарындагы соода борбору; "Коста Браво" эс алуу борборундагы коттедж;... Читать дальше...

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда 90 күн каттоосуз жүрө алат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) быйыл 10-октябрда чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында жүрүү тартиби жөнүндө Жобо бекиткен. Башкы дипломатиялык мекеме бүгүн, 19-октябрда маалымат таратып, бул жобо Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандарына да тиешелүү экенин эскертти. Ага ылайык, уюмга мүчө мамлекеттердин жарандары өлкөгө кирген күндөн тартып ар бир 180 күндүк мезгил ичинде 90 күндөн ашпаган мөөнөткө уруксат документтерисиз Кыргызстанда жүрө алат. Андан... Читать дальше...

Египет Газага жардам киргизүүгө жол ачат

Azattyk.org 

Газа секторунда аба чабуулдардан мерт болгондордун саны үч жарым миңге жеткенин жергиликтүү бийлик маалымдады. Жүз миңдеген киши үй-жайсыз калды. Израил армиясы ХАМАС радикал тобуна караштуу жайларга гана сокку уруп жактанын билдирүүдө. ХАМАСтын кол салуусунан Израилде 1400дөй адамдын өмүрү кыйылган.



Бишкекке келген орусиялык активист табылбай жатат

Azattyk.org 

Орусиялык активист Лев Скорякинди Бишкекте 17-октябрь түнү белгисиз адамдар уурдап кеткени кабарланды. Бул тууралуу укук коргоочулар маалымдап, учурда Скорякин кайда экени белгисиз болуп жатканын айтышууда.  Орусиялык активисттин дайыны белгисиз Орусиялык активист Лев Скорякиндин Бишкекте уурдалышы жөнүндө кабарлаган укук коргоочулар коопсуздуктан улам аты-жөнүн жарыялабоону өтүнүштү. "Новая газета Европа" басылмасы дагы укук коргоочулардын маалыматына таянып, 17-октябрга караган түнү Скорякин... Читать дальше...

Кумтөр өкмөткө өткөн эки жылда эмне өзгөрдү?

Azattyk.org 

Бишкекте Кумтөр алтын кенинин иштетиле баштаганынын 30 жылдыгы белгиленди. Анда президент Садыр Жапаров "Кумтөр" долбоору убагында коррупциянын символуна айланганын, толугу менен Кыргызстанга өтүшү менен жаңы доору башталганын айтты. Келечекте Тоголок алтын кенин иштетүү, калдыктардан алтын иргеп алуу иштери башталарын белгиледи. Мааракеде Садыр Жапаров өзүнүн саясий карьерасында Кумтөр маселеси маанилүү болгонун белгиледи. Кенди элге кайтаруу мүдөөсү мындан 21 жыл мурда башталганын, Жогорку... Читать дальше...

Репрессия курмандыктарын актоо мыйзамы биринчи окууда кабыл алынды

Azattyk.org 

Өткөн кылымдын биринчи жарымындагы саясий репрессияларда куугунтукка кабылган, жок кылынган кыргызстандыктарды реабилитациялоо тууралуу мыйзам долбоору бүгүн 19-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда каралып, кабыл алынды. “Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө”, “Улуттук архив фонду жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун депутаттар Жанарбек Акаев, Нурланбек Шакиев... Читать дальше...

Чек ара жаңжалында жарадар болгон жоокерге үй берилди

Azattyk.org 

2022-жылы 16-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу жаңжалда атышуу учурунда жараат алган чек ара кызматкери Таирбек Инхамовго Бишкектен батир берилди. Бардык шарты бар эки бөлмөлүү батирдин ачкычын чек арачыга Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 19-октябрда тапшырды. Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында, Таирбек Инхамов чек ара тилкесинде атышуу учурунда минометтун огунан жарадар болгон. Эки буту катуу жабыркап, ок колун тешип өтүп кеткен, сол көзүнөн ажыраган. Читать дальше...

Токтогул суу сактагычында 11,875 млрд метр куб суу бар

Azattyk.org 

19-октябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 875 млн метр кубду түздү. Бул былтыркы ушул күнкү көрсөткүчтөн дээрлик 2 млрд метр кубга аз. 2022-жылы 19-октябрда суу сактагычта 13 млрд 696.15 млн метр куб суу болгон. "Электр станциялары" ишканасынын сайтындагы маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү суу чөйчөгүнө секундасына 310 метр куб суу агып кирсе, дал ошончо өлчөмдө кайра агып чыгууда. Агып кирген суунун көлөмү бир жыл мурдагыдан (238 метр куб) көбүрөөк, секундасына 310 метр куб болгону менен... Читать дальше...

"Ала качуу салт" деп айткан депутаттын сөзү талкуу жаратты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Мейкинбек Абдалиевдин "кызды уурдоо ата-бабаларыбыздан бери келаткан үрп-адат экени" тууралуу айткан сөзү коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Бүгүн 19-октябрда Жогорку Кеңеште мал уурдаган кылмышкерди жазалоо тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда депутат Дастан Бекешев кыз уурдоонун жазасына салыштырганда көбүрөөк жаза мөөнөтү сунушталып жатканын айтты. Ал малга караганда адам укугу, өмүрү жогору турарын белгиледи. Бекешевдин мындай пикирине мыйзам долбоорунун авторлорунун бири... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бөгөт чарасын кароо 25-октябрга калды

Azattyk.org 

Кемпир-Абад иши боюнча камалган 11 адамдын бөгөт чарасын кароо жараяны бүгүн 19-октябрда болбой калды. Бишкек шаардык сотунда электр жарыгы өчүп калганына байланыштуу айыпталуучулар сотко алып келинген жок. Бул тууралуу айыпталуучулар Равшан Жээнбеков менен Марат Баязовдун адвокаты Эркин Саданбеков билдирди. Анын айтымында, соттук отурум 25-октябрга жылды. Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, камакка алынган 11 кишинин бөгөт чарасын Бишкек шаардык соту жабык кароодо. Кыргыз-өзбек чек арасындагы... Читать дальше...

БУУ Ооганстандагы жер титирөөлөрдөн жапа чеккендерге 19 миллион доллар бөлүүгө үндөдү

Azattyk.org 

Дүйнөлүк Азык-түлүк программасы Ооганстандагы жер титирөөлөрдөн жапа чеккен он миңдеген кишиге чукул гуманитардык жардам берүү үчүн 19 миллион доллар бөлүүгө үндөдү. БУУнун агенттигинин Ооганстандагы директорунун орун басары Ана Мария Салхуананын айтымында, жаратылыш кырсыгынан аман калгандарга жардам берилүүдө, бирок кошумча каражат керек, себеби программа ансыз деле начар каржыланып жатат. Ушу тапта 100 миң кишини тамак-аш менен камсыздоо аракети көрүлүүдө. 7-октябрда Ооганстандын чыгышындагы... Читать дальше...

Ысык-Көлдө "Зомбулукка жол жок" деген аталышта форум-театр өттү

Azattyk.org 

Үй-бүлөдөгү зомбулукка жана балдар арасындагы укук бузууларга каршы өткөн форум-театр 9-октябрда башталып, 18-октябрда жыйынтыкталды. Иш-чара Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) демилгеси менен өткөрүлдү. "Зомбулукка жол жок" форум-театрына окуучулар менен милиция кызматкерлеринен тышкары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, социалдык кызматкерлер, мугалимдер жана ата-энелер да катышты. Окуучулар үй-бүлөдөгү зомбулук жана балдар арасындагы укук бузуулар маселесин чагылдырган спектаклдерди, инценировкаларды коюшту. Читать дальше...

Өпкө оорусуна чалдыккан бейтаптар бир жылда 700 миңге жетти

Azattyk.org 

Бүгүн 19-октябрда Бишкекте Дем алуу органдары жана аллергия илдеттери боюнча кезектеги улуттук конгресси башталды. Быйыл 13-жыл уюштурулуп жаткан иш-чарага кыргызстандык дарыгерлерден, окумуштуулардан тышкары Улуу Британия, Дания, Швейцария, Польша, Бельгия, Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн өкүлдөр катышууда. Уюштуруучулардын айтымында, негизги көңүл респиратордук илдетке чалдыккан бейтаптарды реабилитациялоо, катардагы антибиотик дарылардын күчү жетпей калган оорулар маселесине арналат. Катышуучулар... Читать дальше...

"Кумтөрдүн" 30 жылдыгына карата бир катар мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров “Кумтөр” алтын кенин иштетүүнүн 30 жылдыгына карата жана кендин мамлекеттин менчигине өтүшүнө салым кошкондорго бир катар сыйлыктарды ыйгарды. Анда юстиция министри Аяз Баетовго III даражадагы “Манас” ордени ыйгарылды. “Даңк” медалы менен Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги Илдар Гильфановго, “Кумтөр Голд Компаниясы” ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөсү Умбеталы Кыдыралиев сыйланды. Читать дальше...

Ташиев кылмыштуулукту колдогондор да жазаланарын айтты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторго болушуп, аларды колдогон адамдар чыгып жатканын белгиледи. Ал мындан ары кылмыштуулукту колдоп, жактагандар да жазага тартыларын айтты. Ташиев бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда коопсуздук кызматынын Чүй облусундагы Жайыл райондук бөлүмүнүн имаратын ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө билдирди: "Кылмыштуулукту жоготуп, камап жатканыбызга кээ бирөөлөр нааразы, аларды аягандай болуп жатышат. Мындан ары кылмышкерлерди гана эмес... Читать дальше...

Египет Газага гуманитардык жардам жеткирүү үчүн коридор ачыларын жарыялады

Azattyk.org 

19-октябрга караган түнү Египет Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүү үчүн туруктуу коридор ачыларын жарыялады. Жүк Рафах чек ара текшерүү пунктунан өтүп турмакчы. Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Египет тилкеге бет алган 20 чакты машинаны коё берүүгө көнгөнүн билдирген. Президент ал жүктү ХАМАС өзүнө тартып алса, бул жараян токторун эскерткен. Египеттин президенти Абдел Фаттах ал-Сисинин басма сөз катчысы макулдашууга жетишилгенин айтып, бирок жүк качан жеткириле баштарын тактаган жок. Читать дальше...

"Фейктер" жөнүндө мыйзам: Nazarnews.org сайтын эки айга жабуу чечими кабыл алынды

Azattyk.org 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Nazarnews.org сайтынын ишин мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык эки айга токтотуп туруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу 19-октябрда “Азаттыкка” аталган министрликтен кабарлашты. Мекеме билдиргендей, Интернеттеги маалымат мейкиндигине мониторинг жүргүзүлүп, бул сайтта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирүүчү макала жарыяланганы аныкталган. “Министрлик Nazarnews.org... Читать дальше...

Барнаул шаарында “Кең Алтай” долбоорунун илимий шеринеси өтүүдө

Azattyk.org 

Орусиянын Алтай аймагында тарыхчы, алтай таануучу, түрколог жана славян таануучулардын илимий шеринеси өткөрүлүп жатат. Бейшембиде (19-октябрда) Орусиянын Алтай чөлкөмүнүн борбору Барнаул шаарындагы Алтай мамлекеттик университетинде “Тарыхтагы жана азыркы замандагы славян жана түрк элдеринин биримдиги” аттуу III Эл аралык алтай таануу шеринеси (форуму) расмий ачылды. Алтай таануучу, түрколог, кыргыз таануучу, славян таануучу, тарыхчы, археолог, этнограф, тилчи ж.б. илимпоздордун бул эл аралык... Читать дальше...

5-6 жыл мурда сатылган мүлктүн киреше салыгын азыр төлөтүү талабына парламентте сын айтылды

Azattyk.org 

5-6 жыл мурда сатылган мүлкүнө киреше салыгын төлөө талабы азыр коюлуп жаткан жарандар көйгөйү бүгүн 19-октябрда Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. Депутат Улугбек Ормонов бул боюнча эл арасында нааразылык болуп жатканын айтты: «Албетте, мыйзамды бардыгы аткарышы керек, бирок бул жерде жалгыз эле ошол кишилердин күнөөсү эмес. Салык кызматынын да күнөөсү бар, убагында салыктарды чогултпаган. Беш жыл мурун саткан үйүнө же транспортуна кагаз келип, 10% киреше салыгын айыппул, үстөгү менен кошо төлө деп жатышыптыр. Читать дальше...

Талас: мектептин чатырынан кулаган окуучу боюнча окуя иликтенип жатат

Azattyk.org 

Талас районунун Сасык-Булак айылындагы Жумагул уулу Алымкул атындагы орто мектебинин чатырынан кулап түшкөн окуучу боюнча окуя иликтенип жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Талас райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Борончу Өмүрканов билдирди. Маалыматка караганда, окуя 7-октябрда болгон. Анда 10-11-класстын окуучулары мектептин чатырын оңдоо иштерине тартылып, арасынан 11-класстын окуучусу жерге кулап кеткен. Окуя боюнча комиссия түзүлүп, аталган мектептин директору кызматтан четтетилген. Облустук ооруканадан билдиришкендей... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *