Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 23.10.2023

Люксембург: Кыргыз-тажик чек арасын тактоодогу жылышты кубаттайбыз

Azattyk.org 

23-октябрда Люксембург шаарында Евробиримдиктин жана Борбор Азия мамлекекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 19-жыйыны өттү. Анын соңунда таратылган биргелешкен билдирүүдө айтылгандай, Евробиримдиктин өкүлдөрү Орусияга салынган санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө маанилүү экенин белгилешти. Жыйындын катышуучулары бул багытта кызматташууну улантууну макулдашты. Андан тышкары мыйзам үстөмдүгү, демократия, гендердик теңчилик, адам укуктары, маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыздоодо прогресстин маанилүүлүгүн белгилешти. Читать дальше...

"Топон": Сөз учугу улана берет

Azattyk.org 

Султан Раевдин “Топон” романын окуш оңой да, кыйын да. Оңойлугу – текст чыйрак жазылган; анда бүтүндөй абзацка же бетке толгудай узун, татаал сүйлөмдөр жок. Чыгарманын фабуласы да жөнөкөй көрүнөт – адаттан тыш болсо да, аз эле окуялар, төрт-беш гана каарманы бар. Ырас, сюжет тереңдеген сайын, интертексттин улам кийинки түрмөгү көрүнгүс жиптен тартканда алыс-алыстардагы коӊгуроодой кагыла-жаӊыра берет; мифологиялык өзөгү бүтүндөй баянга сырдуу интонация тартуулайт. Ал өзгөчө ыргагы, айрым учурларда... Читать дальше...

Кыргызстанда ТикТокту жабууда техникалык кыйынчылыктар келип чыкты

Azattyk.org 

TикТок платформасын Кыргызстандын аймагында жабуу боюнча техникалык кыйынчылыктар келип чыкты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин Маалымат башкармалыгынын бөлүм башчысы Бектур Ибрагимов “Азаттыкка” билдирип, мекеме аталган платформаны жабуу боюнча чечимин өзгөртпөгөнүн да кошумчалады. “ТикТокту жабуу боюнча биздин чечим күчүндө. Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул ишти алып барышы керек болчу. Бирок техникалык жактан кыйынчылыктар болуп жатат. Биз ТикТоктогу тэгдерди аныктап... Читать дальше...

Газа тилкесинде Казакстандын жараны кызы менен набыт болду

Azattyk.org 

Газа тилкесинде Израилдин аба соккуларынан Казакстандын жараны жана анын кызы набыт болгонун расмий Астана 23-октябрда билдирди. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, казакстандык аял Газа тилкесинде жашаган палестинге турмушка чыгып, көп жылдан бери ошол жакта турган. Жакынкы Чыгышта жаңжал башталганы Казакстан 124 жаранын аймактан алып чыгып кетти. Министрлик Газа тилкесинде жана Израилде жүздөгөн казакстандык бар экенин кабарлаган. 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери... Читать дальше...

Кемпир-Абад ишине бир жыл: "Биз идея үчүн күрөштүк"

Azattyk.org 

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген жыйырмадан ашуун саясатчы, активист жана укук коргоочулардын жапырт кармалганына толук бир жыл болду. Сегиз ай дегенде иш сотко өткөнү менен дале баштапкы соттук угуу аяктай элек. Кармалгандардын көбү үй камагына чыкканы менен дагы ондон ашык киши камакта отурат. Укук коргоо органдары аларды “бийликти басып алууга” айыптаса, аны камактагылар “саясий куугунтук” деп четке кагат.... Читать дальше...

ХАМАС Израилдин чабуулдарынан Газада 5000 киши өлгөнүн билдирди

Azattyk.org 

ХАМАС радикал кыймылы көзөмөлдөгөн Газанын Саламаттык сактоо министрлиги 23-октябрда билдиргендей, блокадада калган аймакта Израил армиясынын аба чабуулдарынан жалпысынан беш миңден көп кишинин өмүрү кыйылды. Алардын экми миңдейи балдар экени кабарланды. Бул сандар канчалык так экенин көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес. 7-октябрда ХАМАС куралдуу тобу Израилге кол салып, 1400дөй киши мүрт кеткен. 200дөн көп кишини экстремисттик топ барымтага алган. Израил армиясы согуш жарыялап, Газа тилкесине абадан сокку уруп... Читать дальше...

Баткенде жабылган мечиттердин бири ачылды

Azattyk.org 

Баткенде атайын текшерүүдөн кийин 32 мечит жана 5 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү токтотулду. Алар “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамдын, архитектуралык, санитардык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын сакталбагандыгы үчүн деген жүйө менен жабылган. Бир мечит уруксат кагаздарын алып, кайрадан эшигин ачты. Баткен облусунда 535 мечит, 16 диний билим берген мекеме бар. Алардын көпчүлүгү негизинен демөөрчүлүктүн эсебинен жана ашар ыкмасы менен курулган.



Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Имран Ханга дагы бир айып тагылды

Azattyk.org 

Пакистандын Равалпинди шаардык соту 23-октябрда мурдагы өкмөт башчы Имран Ханга жана экс-тышкы иштер министри Шах Махмуд Курешиге жашыруун документтердин ачыкка чыгып кетиши боюнча айып такты. “Техрик-е-Инсаф” партиясынын лидери Хан жана анын орун басары Куреши экөө тең  айыпты моюнга алуудан баш тартышты. Былтыр апрель айында кызматтан кеткенине байланыштуу маалымат жыйында Хан жашыруун дипломатиялык документти көрсөткөн. Колундагы документ анын кызматтан алынышына "АКШнын катышы бар экенинин далили" деп айткан. Читать дальше...

Президент Жапаров Раззаковдун кызына кыргыз жарандыгын берди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун кызы Элмира Раззаковага Кыргызстандын паспорту менен Бишкек шаарынан сатып алынган батирди тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Жолугушууда Жапаров кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө Раззаковдун ролу чоң болгонун белгиледи. “Анын “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” деген накыл кеби жөн эле айтылып калбастан, ар бир адамдын, айрыкча өлкө жетекчилеринин жүрөгүнөн түнөк таап... Читать дальше...

Бишкекте мектептер менен бала бакчалар эки күн онлайн окутууга өтөт

Azattyk.org 

Бишкек шаарында 25-27-октябрь күндөрү Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ), Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) жана Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйындары өтөт. Ошондой эле Кытайдын премьер-министри Ли Цян мамлекеттик сапар менен, ал эми монгол өкмөт башчысы Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ жумушчу сапар менен келет. Бул иш-чараларга байланыштуу шаардагы мектептер менен бала бакчалар эки күн онлайн окутууга өтөт. Ошондой эле бул күндөрү Бишкектин айрым көчөлөр маал-маалы менен жабылып турат. Читать дальше...

Параспортчулар Хусан кызы алтын, Абдувалиев күмүш медалга ээ болду

Azattyk.org 

Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азиянын паралимпиада оюндарында Хайитхон Хусан кызы парадзюдодон алтын медаль утту. Бул Кыргызстандын тарыхында Азиянын паралимпиада оюндарындагы алгачкы алтын байгеси болуп калды. Спортчу 48 кг чейинки салмакта мелдешке чыгып, эки ирет күрөштү. Алгач жарым финалда индонезиялык Новиа Ларассаттини утуп чыкты. Финалда жапониялык Хангаи Шизуканы 1 мүнөт 25 секунд ичине жеңип, 1-орунду ээледи.   Ал эми жеңил параатлетикадан спортчу Жалалидин Абдувалиев күмүш медалга ээ болду. Читать дальше...

Казакстанда мурдагы юстиция министри Марат Бекетаев эки айга камалды

Azattyk.org 

Казакстандын соту мурдагы юстиция министри Марат Бекетаевди сот эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин өкүлү Арман Алибек 23-октябрда «Азаттыктын» казак кызматына билдирди. Экс-министрдин кармалганы 21-октябрда белгилүү болгон. Ал "кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шек саналууда.  Тергөөнүн версиясына караганда, Бекетаев кайсы бир компаниянын кызыкчылыгы үчүн келишимдерди түзүп, "мамлекетке ири зыян келтирген". Жергиликтүү маалымат каражаттары өз булактарына таянып... Читать дальше...

Арменияга жакын жерде азери-түрк аскердик машыгуулары башталды

Azattyk.org 

Азербайжандын Коргоо министрлиги өнөктөшү Түркия менен биргеликте Армениянын чек арасынан алыс эмес жерде аскердик машыгууларын баштаганын 23-октябрда билдирди. "Мустафа Кемал Ататүрк-2023" деп аталган машыгууларга 3000дей жоокер катышып жатканы белгилүү болду. Этностук армяндар отурукташкан, 2020-жылы Баку өз көзөмөлүнө кайтарган аймакта өтүп жаткан машыгуулар 25-октябрда жыйынтыкталат. Ал арада 23-октябрда Тегеранда Орусия, Азербайжан, Армения жана Түркиянын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтүүдө. Читать дальше...

"Клооп Медианын" иши боюнча сот 3-ноябрда уланат

Azattyk.org 

Бишкектин Октябрь райондук сотунда 23-октябрда “Клооп Медиа” басылмасын жабуу боюнча алдын ала соттук угуу аяктап, кийинки жараян 3-ноябрга белгиленди. Бул тууралуу “Клооп Медиа" социалдык тармактагы баракчасына жазды. Басылма билдиргендей, кийинки отурумда сот прокуратуранын “Клоопту” жабуу боюнча арызын карай баштайт. Райондук сот бул боюнча маалымат бере элек. 6-октябрда буга чейинки соттук отурумда "Клооп Медианын" өкүлдөрү Юстиция министрлигин жараянга үчүнчү тарап катары катышуусун өтүнүп, сот аны канаттандырган. Читать дальше...

Жогорку Кеңешке Кыргызстанда казино ачкан ишкерлер чакырылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 23-октябрда “Оюн-зоок иши жөнүндөгү” мыйзамга алымча-кошумча киргизүү долбоорун биринчи окууда карады, бирок чечим кабыл алууну кийинкиге калтырды. Анда баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекова документте букмекердик контораларды, тотализаторлорду жана оюн автоматтарын казинолордун ичине гана жайгаштыруу тууралуу жобо жазылганын билдирди. "Долбоор оюн-зооктун түрлөрүн бир жерге жайгаштырып, топтоштуруу максатында иштелип чыккан. Читать дальше...

Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга быйыл бюджеттен 817 миллион сом бөлүнгөн

Azattyk.org 

“Камбар-Ата-1” ГЭСин курууго өкмөттөн жалпысынан 1,5 миллиард сом каралган, анын 817 миллиону быйылкыга бөлүнүп, анын 617 миллиону пайдаланылган. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев парламентте Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 23-октябрдагы жыйынында билдирди. "Бюджеттен жалпысынан 1 миллиард 355 миллион сом каралган. Анын 817 миллионун быйыл сарптайбыз. Бүгүнкү күндө Камбар-Ата аянтына чейинки жол салынып жатат. Жумушчулар үчүн шаарча салынат. Андан сырткары тоннел менен көпүрө салынып жатат. Читать дальше...

Орусияда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун журналисти 5-декабрга чейин камалды

Azattyk.org 

Орусияга караштуу Татарстандын борбору Казан шаарында сот “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Алсу Курмашеванын камактагы мөөнөтүн 5-декабрга чейин узартты. 23-октябрдагы соттук жараянга журналисттер киргизилген жок. Курмашева 18-октябрда "чет элдик агент" катары каттоодон өтүүдөн баш тартканы үчүн кармалганы кабарланган. Орусияда мындай айып үчүн беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Курмашева өзүнө тагылган дооматтарды мойнуна алуудан баш тартты. Радионун татар-башкыр кызматынын редактору... Читать дальше...

Айзаданын өлүмү: Мурдагы милиция башчысынын сотунда ондон ашуун күбө суралды

Azattyk.org 

Уурдалып өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу окуяда шалаакылыкка айыпталып жаткан мурдагы милиция башчысынын сотунда ондон ашуун күбө суралды. Бул тууралуу 23-октябрда “Азаттыкка” жабыркаган тараптын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди. Анын айтымында, азыр күбөлөрдүн сурагы уланууда, дагы 3-4 күбөнү уккандан кийин иштин материалдарын изилдөө башталат, андан соң тараптар жарыш сөзгө өтөт. Күбөлөрдүн баары ошол кезде милициянын тийиштүү бөлүмдөрүндө иштеп тургандар. Бишкек... Читать дальше...

Газа: Израил жердеги операцияны токтотуу үчүн шарттарын жарыялады

Azattyk.org 

Израил армиясынын Газа тилкесине жердеги аскердик операциясы ХАМАС радикал тобунун согушкерлери барымтадагыларды бошотуп, куралын таштаса гана башталбайт. Бул тууралуу Израилдин Коргонуу армиясынын расмий өкүлү Жонатан Конрикус австралиялык ABC телеканалына курган маегинде айтты. “Эгер ХАМАС карапайым тургундарды калкан катары колдонуп, жашырынган жерлеринен чыгып, барымтадагы жарандарыбызды кайтарып, эч кандай шартсыз багынып берсе, согуш токтойт”,-деди Конрикус. Анын айтымында, бул согуштун максаты - ХАМАСты түп тамырынан бери жок кылып... Читать дальше...

Красноярск: аварияда мерт болгон кыргыз жаранынын сөөгү Ошко жеткирилет

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетининин жыйынында депутат Айбек Осмонов Орусиянын Красноярск шаарында ири жол кырсыгында каза тапкан кыргызстандык жарандын сөөгүн мекенине жеткирүүгө байланыштуу маселе көтөрдү. Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 21-октябрда Краясноярск-Абакан жолундагы ири кырсыкты мерт болгон төрт адамдын бири кыргызстандык жаран болгонун, маркумдун сөөгү 24-октябрда Ошко жеткирилерин билдирди. Эмгек, социалдык камсыздоо... Читать дальше...

Ысыктан улам быйыл буудайдын дүң жыйымы 26,5% аз болду

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйыл жайында абанын температурасы өтө жогору болгондуктан вегетациялык мезгилде буудайдын дүң жыйымы 26,5% кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Бастырылган буудай алгачкы кабыл алынган салмакта былтыр сентябрдын соңуна карата 623 миң тонна болсо, быйыл 458 миң тонна болду. Арпанын жыйымы 32,6 % кыскарды – былтыр 571 миң тонна, быйыл 385 миң тонна болду. Муну менен катар, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырганда жашылча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы 8,2%... Читать дальше...

Тенгиз Бөлтүрүктүн иши тергелип бүтүп, сотко өттү

Azattyk.org 

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн иши тергелип бүтүп, сотко өттү. Ага козголгон кылмыш иши боюнча материалдар Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна келип түшкөнүн мекеменин басма сөз кызматы 23-октябрда “Азаттыкка” билдирди. Азырынча жараяндын күнү белгилене элек. Бөлтүрүк жана аны менен чогуу иштеген бир нече адам “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу былтыр сентябрда кармалган. Эсеп палатасы “Кумтөр Голд Компанини" Бөлтүрүк жетектеп турган убакыт... Читать дальше...

Ысык-Көлдөн март айынан бери 22,5 миңдей тонна таштанды чыгарылды

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдөн март айынан бери, 188 күндүн аралыгында жалпысынан 22 441 тонна таштанды жана 123 миңден ашык метр тор чыгарылганын кабарлады.  Учурда суучулдар көлдүн Түп районунун Курмөнтү айылынан Чоң-Өрүктү айылдарына чейинки аралыгын таштандыдан арылтууну улантып жатканын билдирди.  Июнь айында президент Садыр Жапаров көлдүн булганып жатканын, торлорун калтырып кеткен браконьерлерди сынга алган. 1998-жылы өкмөттүн токтому менен Ысык-Көл облусунун аймагында биосфералык аймак түзүлгөн. Читать дальше...

ЖКнын комитети Түрк инвестициялык фондун түзүү келишимин жактырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети "Түрк инвестициялык фондун уюштуруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун биринчи окууда карап, аны жактырды.  Анда экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр фондго бирдей каражат бөлөрүн, башкы кеңсеси Стамбулда жайгашарын маалымдады. "Фонддун уставдык капиталы 350 миллион доллар болот. Ар бир тарап уставдык капиталды бирдей өлчөмдө - 70 миллион доллардан төлөйт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *