Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 04.10.2023

Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакырылганы белгилүү болду

Azattyk.org 

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 4-октябрдын кечинде Улуттук коопсуздук комитетинде суракта экени маалым болду. Бул тууралуу "Азаттыктын" күч органдарындагы ишенимдүү булактары билдиришти. Буга чейин Матраимовдун суракка киргенин, ал кайсы иш боюнча чакырылганы азырынча белгисиз экенин жергиликтүү маалымат каражаттары да жазып чыгышкан. УКМК азырынча комментарий бере элек. Мунун алдында Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек)... Читать дальше...

Мас абалда кызматтык машинеде жүргөн милиция кызматкерлери иштен алынды

Azattyk.org 

Ысык-Көл облусунда туристтик экологиялык милиция кызматкерлери мас абалда кызматтык автоунаада жүргөнү боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыкты. Натыйжада эки милиционер иштен кеткенин Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. "Ысык Көлдөгү милиция кызматкерлеринин терс жүрүм-турумуна мыйзам чегинде эң олуттуу жана катаал чечим чыгарылды. Кызматтык иликтөөдө туристтик - экологиялык взводдун М.Т. жана Н.у.А. аттуу эки кызматкерин ички иштер органдарынын катарынан чыгаруу чечими кабыл алынды", - деп жазылган билдирүүдө. Читать дальше...

Салык кызматы тогуз айда 132 млрд сом чогултту

Azattyk.org 

Мамлекеттик салык кызматы январь-сентябрь айларында 178 млрд 654,2 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Маалыматта айтылгандай, муну менен белгиленген план 2,1 млрд сомго ашыкча аткарылган. Жыйналган сумма былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 30,5 млрд сомго көп экени да айтылат. Тогуз айдагы топтолгон каражаттардын ичинен 132 млрд 54,2 млн сом салык жана төлөмдөргө туура келет. Бул сумма былтыр январь-сентябрда 111 млрд 755,4 млн сомду түзгөн. Читать дальше...

Ноокат, Чоң-Алайда митингге чогулууга тыюу салынды

Azattyk.org 

Оштун Ноокат, Чоң-Алай райондорунда митинг, тынч жыйындарга чогулууга убактылуу тыюу cалынды. Буга чейин Өзгөн районунда да чектөө кирген. Милиция коомдук коопсуздукту сактоо үчүн ушундай чаралар каралганын билдирүүдө.

Жаза аткаруу кызматы абактарда абал тынч экенин маалымдады

Azattyk.org 

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин абактарда тополоң чыкканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирип, колониялардын баарында абал тынч экенин тактады. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева айтты. “Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймактарындагы бардык абактарда абал тынч. Иш штаттык режимде, кадимкидей жүрүп жатат. Интернетке чыккан маалыматтардын баары калп. Петровкадагы абакта соттолгон... Читать дальше...

УКМК Көлбаев боюнча операцияны Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө байланыштырды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн маалымдады. Бул тууралуу УКМК тараткан маалыматта айтылат. Атайын кызмат 4-октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкектеги кармоо операциясынын жүрүшүндө жок кылынганын ырастады. Маалыматка ылайык, Бишкектеги Blonder... Читать дальше...

УКМК Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынганын ырастады

Azattyk.org 

Кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкектеги кармоо операциясынын жүрүшүндө жок кылынды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы ырастады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги Blonder pub эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн. Анын жүрүшүндө Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок аткан. Натыйжада Көлбаев жана анын жансакчысы жок кылынды. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, операцияга көп сандаган күч кызматкерлери жана чопкутталган автоунаалар тартылган. Читать дальше...

Рамзан Кадыров кызына "Эл артисти" наамын берди

Azattyk.org 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров 24 жаштагы кызы Айшатка "Эл артисти" наамын ыйгарды. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналына жазды. Апта башында Айшат Кадырова жумурияттын вице-премьерлик кызматына көрсөтүлүп, аны атасы кубаттаган. Айшат Кадырова Чеченстандын маданият министри болуп 2021-жылдын октябрында дайындалган. Ага чейин бир жыл маданият министринин биринчи орун басары болуп иштеген. Кремлдин ишенимдүү кишиси катары сыпатталган Рамзан Кадыровго жана анын кызына АКШ, Евробиримдик, Жапония санкция салган. Читать дальше...



Алиев Пашинян менен Испанияда жолугушуудан баш тартты

Azattyk.org 

Азербайжандын президенти Илхам Алиев Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен беш тараптуу жолугушууга катышуудан баш тартканын АПА агенттиги билдирди. Ал 5-октябрда Испаниянын Гранада шаарында өтүшү керек. Жыйынга Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель, Франциянын президенти Эммануэл Макрон жана Германиянын канцлери Олаф Шольц да катышары күтүлүүдө. Маалыматка ылайык, Алиев жыйынга Түркиянын өкүлдөрүнүн катышуусун талап кылып, бирок мунаса табылган эмес. Буга өзгөчө Германия менен Франция каршы чыкканы айтылууда. Читать дальше...

Баткенде журналисттер психологиялык жардам боюнча окуудан өттү

Azattyk.org 

4-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргоо адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борбору, “Чек арасыз дарыгерлер” (Médecins Sans Frontières, MSF) уюму менен биргеликте Баткен облусунун журналисттери үчүн алгачкы психологиялык жардам көрсөтүү боюнча атайын окутуу өткөрдү. Окутуу Баткен облусундагы журналисттердин психологиялык абалын жакшыртууга багытталган. “Журналисттер маалыматты жайылтууда маанилүү ролду ойношот. Кризис болгон учурларда маалымат берип жүрүп журналисттер өздөрү чоң стресске дуушар болушат. Читать дальше...

Теги орусиялык окумуштуу химия боюнча Нобел сыйлыгын алды

Azattyk.org 

Химия боюнча Нобел сыйлыгы быйыл АКШда эмгектенген үч окумуштууга берилди. Алар - Массачусетс технологиялык институтунан Мунги Бавенди,  Колумбия университетинен Луис Брус жана Nanocrystals Technology Inc компаниясынан Алексей Екимов. Сыйлык аларга "кванттык чекиттерди ачкандыгы жана синтез үчүн" ыйгарылды. Теги орусиялык 78 жаштагы Алексей Екимов мындай кристаллдарды алгачкылардан болуп ачкандардын бири. Өлчөмү бир нече нанометрдик кристаллдык бөлүкчөлөр нанотехнологиянын негизги объектилеринин бири. Читать дальше...

Акылбек Жапаров кымбатчылыкты импорт менен түшүндүрдү

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы кымбатчылыктын себептери жөнүндө түшүндүрмө берип, муну дүйнөдөгү инфляция менен байланыштырды. Бул тууралуу ал 4-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Эл өкүлү Жанарбек Акаев өлкөдө азык-түлүк, курулуш материалдары, көмүр, күйүүчү майдын жана башка нерселердин кымбаттоосу уланып жатканын белгилеп, бул боюнча өкмөт кандай чараларды көрөрүн сурады. Ал мындан улам кыйналган адамдар өтө көбөйүп кеткенин билдирди. Читать дальше...

УКМК кыргыз жери Тажикстанга өткөнү жөнүндөгү сөздөрдү төгүндөдү

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Кыргызстандын жери Тажикстанга өттү деген сөздөр айтылган, социалдык тармактарга жарыяланган видео тууралуу комментарий берди. Анда мындай маалыматтарды жокко чыгарды. "Кайсы бир кызыктар тараптар кыргыз жеринин тажик тарапка өткөнү тууралуу социалдык тармактарда жана Жалпыга маалымдоо каражаттарынын айдыңына жарыялап, мамлекеттик органдардын ишин жокко чыгарууга байланыштуу максаттуу иш алып барып жатат. Деструктивдүү колдонуучулар тараткан маалымат чындыкка коошпойт. Читать дальше...

Бишкектеги Камчы Көлбаевди кармоо операциясы

Azattyk.org 

4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) кармоо операциясы жүрүп жатат. “Азаттыктын” кабарчысы операция болуп жаткан “Учкун” басмаканасынын жанындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында жүрөт.

Балбан Акжол Махмудов Азия оюндарынын чемпиону болду

Azattyk.org 

Балбан Акжол Махмудов XIX Азия оюндарында алтын медал тагынды. Махмудов бүгүн, 4-октябрда грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта финалда ирандык Амин Кавиянинежадды жеңип, Азия оюндарынын чемпиону болду. Буга чейин Акжол Махмудов 2018-жылы Азия оюндарынын күмүш медалын тагынган. Бул Акжол Махмудовдун акыркы эки жумадагы экинчи жеңиши. Сентябрдын аягында Махмудов Белградда өткөн дүйнө чемпионатында экинчи жолу дүйнө чемпиону болгон. Махмудов мелдешти чейрек финалдан баштап, буга чейин эки атаандашын утуп, финалга чыккан. Читать дальше...

Абак күндөлүгү: Ачык коом, дин, адабият тууралуу ойлор...

Azattyk.org 

Олжобай Шакир - жазуучу, публицист жана коомдук ишмер, жарандык активист. Учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (“Массалык башаламандыктар”) менен кылмыш иши козголгон. Ал өзүнө тагылган айыпты четке каккан. Олжобай Шакир абактан жазган үчүнчү катын адвокаты аркылуу берип жиберген. Адамдар убакыттын, эркиндиктин убалынан коркпойт. Убакытка, эркиндикке баары кесир мамиле кылышканын ойлонбойт. Жада калса абактагылар эркиндикке канчалык зар болуп отурушса да... Читать дальше...

Кримтөбөл Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) кармоо операциясы жүрүп жатат. Бул маалыматты “Азаттыкка” бир нече ишенимдүү булактар ырастады. “Азаттыктын” кабарчысы кармоо операциясы болуп жатат делген “Учкун” басмаканасынын жанындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында турат. Ал Blonder Pub кафесинин алдында укук коргоо органдарынын кызматкерлери турганын айтты. Андан тышкары эки “Тез жардам” унаасы турат. Окуя болгон жерге башкы прокурор Курманкул Зулушев жана саламаттык... Читать дальше...

Бишкек мэри “Ош” базары көчүрүлө турган жерди атады

Azattyk.org 

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров калаадагы “Ош” базары жана башка объектилерди шаар сыртына чыгаруу жумуштары келерки жылы ишке ашарын маалымдады. Бул тууралуу ал 4-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Эл өкүлү Русланбек Жакышов “Ош” базарын көчүрүү боюнча маалымат чыккандан бери бул борбордогу коомчулукта талкуу болуп жатканын белгилеп, аталган базар кайсы жерге көчүрүлөрүн сурады. Мэр базар көчүрүлө турган жердин орду аныкталганын тактады. “Бир гана “Ош” базарын эмес... Читать дальше...

Кемпир-Абад иши: абактагылардын камактагы мөөнөтү узартылды

Azattyk.org 

4-октябрда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, абакта жаткандардын баш коргоо чарасы каралып, 4-декабрга чейин узартылды. Кийинки соттук отурум 11-октябрга белгиленди. Бул тууралуу "Азаттыкка" адвокат Кантемир Турдалиев билдирди. "Биз эми шаардык сотко аппеляция менен кайрылабыз", - деди Турдалиев. Бүгүнкү соттук отурумга абактагы айыпталуучулардын баары, 11 киши алып келинген эмес. Алардын жактоочуларынын билдиришинче, судья аларды сот жараяны аяктаганга чейин процесстен четтеткен. Жактоочулар... Читать дальше...

Балбан Жоламан Шаршенбеков Азия оюндарынын чемпиону болду

Azattyk.org 

Балбан Жоламан Шаршенбеков Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан XIX Азия оюндарында алтын медал тагынды. Шаршенбеков бүгүн, 4-октябрда грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта финалда жапониялык Айата Сузукини далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңди. Шаршенбеков буга чейин үч атаандашын утуп, финалга чыккан. Алгач тажикстандык Асламжон Азизовду, чейрек финалда түштүк кореялык Чуң Ханжаени (9:0), жарым финалда өзбекстандык Исломжон Бахрамовду (11:0) уткан. Күрөштүн ушул түрүнөн 77 килограмм... Читать дальше...

Көлбаевди кармоо операциясы: окуя болгон жерге башкы прокурор Зулушев келди

Azattyk.org 

Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатат деген жерге, "Блондер паб" кафесине башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев келди. Бул тууралуу ошол жерде жүргөн кабарчыбыз Айбек Бийбосунов кабарлады. Мунун алдында "Азаттыкка" ишенимдүү бир катар булактар шаарда Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканын билдирген. Күбөлөрдүн айтымында ок атышуу болду, күч органдарынын бир кызматкери жараат алганы айтылууда. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматынын машиналары келди. Читать дальше...

Ереван Тоолуу Карабактагы армяндардын лидерлеринин кармалышын айыптады

Azattyk.org 

Армения Тоолуу Карабактагы армян тектүү калктын лидерлери Аркадий Гукасян, Бако Саакян, Араик Арутюнян, Давид Ишханян, Рубен Варданян жана башкаларды Азербайжандын күч органдары кармаганын айыптады.  Армениянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө Баку диалогго карабай кескин кадамдарга барганы, кармоолор негизсиз болуп жатканы белгиленген. Азербайжанда бир катар маалымат каражаттары өкмөттөгү ишенимдүү булактарга таянып, жикчил Тоолуу Карабактын мурдагы үч президенти - Араик Арутюнян... Читать дальше...

Бишкекте кримтөбөл Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатканы кабарланды

Azattyk.org 

Бишкек шаарында кылмыш дүйнөсүнүн ана башы аталган Камчы Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатат. Бул маалыматты "Азаттыкка" ишенимдүү бир катар булактар ырастады. Күбөлөрдүн ырастышынча, кармоо операциясы "Учкун" басмаканасы жайгашкан райондо өтүп жатат жана ок атышуу болуп жатканы, күч органдарынын бир кызматкери жарадар болгону дагы айтылууда. Азырынча Көлбаев тууралуу расмий маалымат бериле элек. Август айында Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) "уюшкан кылмыштуу топ түзүү” беренеси менен козголгон... Читать дальше...

Бишкекте дагы тогуз тез татым түйүнү убактылуу жабылды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору дагы тогуз тез татым түйүнү жабылганын кабарлады. Текшерүүнүн жыйынтыгында 247 миң смодук айып пул салынды. Мунун алдында аталган борбор 37 тез татым жайын текшерип, алардын 10ун убактылуу жапкан эле. Аларга 588 миң сом айып пул салынган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тамак-ашка жапырт ууланган окуядан улам шаардагы тез татым түйүндөрүн текшерүүнү тапшырган. Шаардагы тез татым түйүндөрүндө шаурмадан жапырт уулангандардын... Читать дальше...

Адам укугу боюнча координациялык кеңеш Аселдин окуясын талкуулады

Azattyk.org 

Бүгүн, 4-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги астында Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү. Анда Бириккен улуттар Уюмунун балдар укугу боюнча Конвенциясынын аткарылышы тууралуу өткөн айда Женевада жасалган баяндама тууралуу сөз болду. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Кыргызстанга көчүп келген этникалык кыргыздардын маселелери тууралуу маалымат берип, мониторингдин жыйынтыгы менен тааныштырды. Жыйында Бишкекке жакын Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактап... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *