Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Новости за 30.10.2023

Караганды: Кендеги кырсыкка ким жооптуу?

Azattyk.org 

Казакстандын Караганды облусундагы көмүр чыккан шахтадагы кырсыкта каза тапкан ондогон кенчинин сөөгү жерге берилди. 28-октябрдагы кырсыкта өлгөн шахтерлордун саны 46га жетти. Кенчилердин тек-жайын аныктоо кыйынчылык жаратууда. Казакстандын Башкы прокуратурасы тергөө амалдарын баштады.

Ташкентте Палестинаны колдоо акциясына чогулгандар суракка алынды

Azattyk.org 

Өзбекстандын милициясы 29-октябрда баш калаа Ташкенттеги Амир Темур проспектисинде Палестинаны колдоо митингин өткөрүүгө аракет кылган жүздөн ашык кишини кармап, алардын көбүн сурактан кийин кайра бошоткону белгилүү болду. Бул тууралуу Өзбекстан парламентинин мурдагы депутаты Расул Кушербаевдин Телеграмдагы каналына жана Gazeta.uz басылмасына шилтеме кылып “Азаттыктын” өзбек кызматы 30-октябрда кабарлады. “Жүздөн ашуун адам чогулганы кабарланат. Укук коргоо кызматкерлери акция тууралуу алдын ала билишкен. Читать дальше...

Франция радикал исламды карманат деген орусиялык 39 кишини депортациялайт

Azattyk.org 

Франциянын ички иштер министри Жералд Дарманен радикалдуу исламды карманат деп саналган орусиялык 39 киши депортацияланарын билдирди. Бул тууралуу министр RMC радиостанциясынын эфиринде айтып, ал кишилердин аттары, жашы же башка маалымат менен бөлүшкөн жок. Дарманендин айтымында, Орусия бийлигине Франциядан чыгарылчу кишилердин тизмеси тапшырылды. Анткени, Орусиянын макулдугусуз аларды депортациялоого болбойт. Москва жарандарын кабыл алууга даяр болууга тийиш. Министр “кара тизмеге” киргендер азыр “катуу көзөмөлгө алынганын” кошумчалады. Читать дальше...

Газа абадан жана артиллериядан соккуга кабылды

Azattyk.org 

ЦАХАЛ Газада 600дөй бутага сокку урулганын билдирди. Эл аралык коомчулук барымтада отурган бейкүнөө жарандарды бошотууну талап кылууда. Жекшембиде Махачакаланын аэропортун миңдей киши басып алды. Тополоңдо 20дан ашуун адам жабыркаганы, полиция 60 кишини кармаганы кабарланды.

БУУнун баяндамачысы тажик бийлигин журналисттерди бошотууга чакырды

Azattyk.org 

БУУнун укук коргоочулардын абалы боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лолор Тажикстан бийлигин камалган журналисттер менен блогерлерди бошотууга кайрадан чакырды. Х (мурдагы Твиттер) социалдык түйүнүнө жазган постунда Лолор Тажикстандын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Жонибек Хикмат менен кездешүүдө Далер Имомали, Абдулло Гурбати жана Ульфатхоним Мамадшоеваны азат кылууга үндөгөнүн жазды. Жолугушуу 24-октябрда Нью-Йоркто өткөн. “Озоди” радиосунун маалыматына ылайык, былтыр Тажикстанда сегиз журналист жана блогер 7-12 жылга кесилген. Читать дальше...

Иранда хижаб үчүн кармалган кыз көз жумду

Azattyk.org 

Израил Газа тилкесин абадан бомбалап, артиллериядан аткылоону улантты. ЦАХАЛ 600дөн ашуун бутага сокку урганын билдирди. Казакстандын Караганды облусундагы Костенко шахтасында кырсыктан каза тапкан 46 кишинин сөөгү табылды. Иранда 17 жаштагы Армита Гераванддын сөөгү жерге берилди. Британиянын Кыргызстандагы элчиси “Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбооруна тынчсыздануусун билдирди.

Дары-дармек департаментинин директору айып пул төлөп, абактан чыкты

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин жетекчиси Айнура Абалиеваны "Пара алуу" беренеси боюнча айыптуу деп тапты. Буга байланыштуу соттун чечими 30-августта чыккан. Бирок коомчулукка бул маалымат 30-октябрда гана белгилүү болду. Чечим чыкканын аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастап, Абалиева эки жылдык мөөнөткө мамлекеттик же муниципалдык кызматты ээлөө укугунан ажыратылып, мамлекеттин эсебине... Читать дальше...

Жалал-Абад: Кызылча оорусунан улам эки мектеп убактылуу жабылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиясынын чечими менен №2 жана №7 мектептер окуучулар үчүн убактылуу жабылып, аралыктан окутууга өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн 30-октябрда “Азаттыкка” мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, буга кызылча (корь) оорусуна кабылган окуучулар көбөйүп кеткени себеп болду: “Жалал-Абад шаарында кызылча илдетине кабылгандардын саны 144 адамды түздү. Алардын 85и мектеп курагындагы өспүрүмдөр. Учурда Жалал-Абад... Читать дальше...



Мексикада катуу бороондо каза болгондор 48 кишиге жетти

Azattyk.org 

Мексиканын Акапулько шаарында "Отис" бороону (ураган) аз дегенде 48 кишинин өмүрүн алды, алты кишинин дайыны белгисиз. Өткөн шаршембиде болгон жаратылыш кырсыгынан 900 миңдей киши электр жарыгысыз калды, 270 миңден ашуун турак жай жана 600 мейманкана зыян тартты, инфраструктура талкаланды. Акапульконун жашоочулары өкмөттү жетиштүү жардам бербейт деп күнөөлөп жатат. Бороондон кийин шаарда азык-түлүк, бензин, суунун тартыштыгы жаралды, талап-тоноолор башталды. Бийлик бир нече күндөн кийин жабыркаган... Читать дальше...

Исмаиловдун мандаты боюнча чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Жогорку Сот Фархат Исмаиловду Жогорку Кеңештин депутатынын мандатынан ажыратуу тууралуу эки соттук инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырганын 30-октябрда аталган мекемеден билдиришти. Былтыр апрелде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Ата Журт Кыргызстан" фракциясынын депутаты Фархат Исмаиловдун жана "Альянс" фракциясынын мүчөсү Фарходбек Алимжановдун жогорку билими жөнүндөгү документтери жасалма болуп чыкканы тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) маалымат берилгенин билдирген. Читать дальше...

Акылбек Жапаров иш сапары менен Британияга барат

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 27-ноябрда иш сапары менен Британияга барат. Бул тууралуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер 30-октябрда маалымат жыйында билдирди. Ал өкмөт башчынын сапарынын алкагында эки бизнес форум өтө турганын, ишкердик жаатында кызматташуу да талкууланарын белгиледи. “Британия менен Кыргызстандын алакасы улам оңолуп келе жатат. Бул процесс Кыргызстан эгемендик алгандан бери жүрүп келе жатат. Элчилик ортодогу кызматташтыкты жакшыртуу үчүн болгон аракетти көрүп келет. Читать дальше...

Кыргызстан менен Кытай Кара-Кечеде көмүр кенин байытуучу завод курат

Azattyk.org 

"Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен кытайлык "Жиксиу Ксинке Диншен Коал Вошинг Эквипмент" компаниясынын ортосунда Кара-Кече көмүр кенинин аймагында көмүрдү байытуу заводун биргелешип куруу жөнүндө келишимге кол коюлду. Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, келишимге "Кыргызкөмүрдүн" директору Азамат Сеиткожоев жана кытайлык компаниянын директору Го Шу Цай кол койду. Ага ылайык, заводдун курулушун биргелешип жүргүзөт жана тараптардын узак мөөнөттүү долбоорлорду чогуу ишке ашырат. Тараптар... Читать дальше...

Быйыл 9 айда Өзбекстандан 181 миңден көп киши эмиграцияга кетти

Azattyk.org 

Быйыл 9 ай ичинде Өзбекстандан 181 миңден көп киши чет жактарга көчүп кетти. Бул тууралуу кошуна өлкөнүн Статистика агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, эмиграцияга кеткендердин 42 пайызын эркектер, калгандарын аялдар түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү, тагыраак айтканда, 81,3% Казакстанга, 15,3% Орусияга, 0,5% Кыргызстанга, 0,5% Түштүк Кореяга жер которгон. Агенттик былтыркы ушул эле мөөнөт менен салыштырганда Каракалпакстандан кеткендер 168,4 %, Навои облусунан кеткендер 143,7%, Ташкенттен кеткендер 115,4% көбөйгөнүн аныктаган. Читать дальше...

Британ элчиси "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзамга тынчсыздануу билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алган "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынса, Британиянын Кыргызстандагы жарандык коомго көрсөткөн колдоосуна тоскоолдук жаралышы мүмкүн. Бул тууралуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер 30-октябрдагы маалымат жыйында билдирди. "Биз элчилик катары да буга чейин мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануу билдиргенбиз. Азыр да бул боюнча БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн кыргыз бийлигине жолдогон кайрылуу катына көңүл бурууга чакырабыз", - деди элчи. Читать дальше...

Казино ойногон кыргыз жарандарын 2-5 жылга соттоо сунушу даярдалууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда казиного кирген кыргыз жарандарын 2-5 жылга эркинен ажыратуу сунушу даярдалып жатканы бүгүн 30-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында айтылды. Жыйында "Оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, долбоор оюн-зоок ишинин түрлөрүн бир жерге, бир оюн чөлкөмүнө жайгаштырып, топтоону камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Читать дальше...

Энергетика министрлигинин кышка камылгасы "жакшы" деп табылды

Azattyk.org 

Энергетика министрлигине караштуу мекемелер 30-октябрда Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын эксперти Беназир Нурлановдун, министр Таалайбек Ибраевдин жана энергетикалык компаниялардын жетекчилеринин катышуусунда тогуз айдын жыйынтыгын талкуулады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.  Анда министрликтин кышкы-күзгү мезгилге даярдыгы “жакшы” деп табылды. “Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ишканасы бул аралыкта 128 кошумча трансформаторлорду орнотуп... Читать дальше...

Индияда темир жол кырсыгында кеминде 14 киши каза болду

Azattyk.org 

Индиянын Андхра-Прадеш штатында эки жүргүнчү поезд кагылышканда бери дегенде 14 киши каза болду, дагы ондогону жараат алды. «Рейтерс» агенттиги маалымдагандай, эки вагон рельстен чыгып кетти, бийлик кырсыктын себептерин иликтөөдө. Алдын ала маалыматка караганда, поезддин бирин башкарып бараткан айдоочу «токто» деген белгиге баш ийбей койгон. Кырсык бир поезддин зым арканы үзүлүп кетип, ал токтоп калганда, экинчиси аны маңдайынан сүзгөндө болгон. Бир нече ай мурун Индия эң чоң темир жол кырсыгын башынан кечирген. Читать дальше...

Мамлекеттик ипотека: KFW аркылуу 1,5 миңдей насыя берилди, өтүнмө кабыл алуу убактылуу токтоду

Azattyk.org 

Кыргызстанда Германия каржылаган мамлекеттик ипотека программасы аркылуу соңку эки айда былтыркы бир жылга салыштырганда 4,5 эсе көп насыя берилгенин, жаңы өтүнмөлөрдү кабыл алуу убактылуу токтогонун бүгүн 30-октябрда Мамлекеттик ипотека компаниясынан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, Германия өнүктүрүү банкы каржыланган «Кыргыз Республикасында турак жайды каржылоо» (KFW) программасынын үчүнчү фазасы боюнча быйыл сентябрь, октябрь айларында 1 млрд 350 млн сомдон ашык суммага 670 ипотекалык насыя берилди. Читать дальше...

ЖК комитети Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин ишин жабык карап жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин 2023-жылдагы иши тууралуу маалыматты жабык угуп жатат. Маселени жабык короону тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев суранды. Мекеменин ишмердиги тууралуу элчи Актилек Мусаева маалымат берүүдө. Кыргызстан соңку жылдары Бээжин менен ар тараптуу карым-катнашын арттырып жатат. Өткөн жумада Кытайдын премьер-министри Ли Цян Бишкекке расмий сапар менен келип, эки өлкө ортосунда 12 документке кол коюлган. Читать дальше...

Аба ырайы: аймактарда жаан, тоолордо кар жаайт

Azattyk.org 

"Кыргыз гидромет борбору" билдиргендей, 31-октябрда эртең менен жана күндүз жана 1-2-ноябрь күндөрү Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. 31-октябрда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал. 31-октябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Читать дальше...

Тогуз айда казинодон дээрлик 59 миллион сом салык түштү

Azattyk.org 

2023-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандагы казино ишмердүүлүгүнөн 58 млн 950 миң сом салык алынды. Бул тууралуу Финансы министрлигинин тогуз айдагы бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчётунда маалымдалат. Бул каражат жалаң республикалык бюджетке түшкөн. Республикалык бюджеттин бул аралыктагы кирешеси жалпы 259,4 млрд сом болду. Мунун 188,8 млрд сому салыктык киреше, 60,4 млрд сому салыктык эмес кирешелер жана калганы атайын каражаттар. Расмий маалыматтарга ылайык, жыл башынан бери Кыргызстанда... Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасындагы тыгында үч жүздөн ашуун машина турат

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекетинде бүгүнкү күнгө, 30-октябрга карата Казакстан тарапка чек ара текшерүүсүнөн өтүүгө кезекте турган оор жүк ташуучу машиналар 335 экенин “Азаттыкка” Чек ара кызматынан билдиришти. Мекеменин басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаеванын айтымында, машиналардын көбү айыл чарба продукциясын жүктөп бараткандар: “Адатта бул мезгилде ушундай эле болот. Себеби баары түшүмүн жыйнап, башка өлкөлөргө жөнөтүп жатышат. Биз тараптан да, казак тараптан да жүк ташууда эч кандай чектөө жок”. Читать дальше...

Израил Газаны абадан бомбалап, артиллериядан аткылоону улантты

Azattyk.org 

Израил Газа тилкесин абадан бомбалап, артиллериядан аткылоону улантты. Жөөт армиясы – ЦАХАЛ акыркы бир нече күндө согушкерлердин буталарына 600дөн ашуун сокку урганын билдирди. Тилкедеги дарыгерлер дүйшөмбүгө караган түнү бери дегенде 20 киши каза таап, ондогону жараат алганын маалымдады. Аскерлер танктардын коштоосунда анклавга киргени, эл аралык коомчулук карапайым элди коргоого чакырууда. Газада күйүүчү май, тамак-аш, таза суу тартыш болуп, гуманитардык кырдаал оорлошуп баратат. Жекшембиде Газага 33 оор машина менен азык-түлүк... Читать дальше...

Мектеп: жоюлган ата-энелер фондунун күңгөй-тескейи

Azattyk.org 

Кыргызстанда Президенттин жарлыгы жана Министрлер кабинетинин чечими менен билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салынган. Азыр мектептерде ата-энелер фонду жоюлуп, акча чогултуу токтогону айтылууда. Бул бир жагынан алкоого татыса, экинчи тарабынан мектепте көйгөй жаратты. Буга чейин Бишкектеги айрым мектептеринде ата-энелер фонду каржылап келген күзөтчүлөр кызматтан кетип, алардын ордуна мугалимдер кезектешип күзөтчүлүк кылып жатканы айтылууда. Билим берүү министри бул маселе жакын арада чечилет деп ишендирди. Читать дальше...

Айылына жол салган мигранттар

Azattyk.org 

Оштун Ноокат районундагы Ак-Булак айылынын тургундары эки чакырымдай жолду өздөрү эле асфальттап алды. Жолду  оңдоого кеткен 11 миллион чыгымдын көпчүлүгүн Ак-Булактын миграцияда жүргөн балдары көтөргөн.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *