Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 07.11.2023

"Сөз эркиндиги жок жерде коопсуздук жок". Журналисттерди санаага салган жаңы мыйзамдар

Azattyk.org 

Бүгүн, 7-ноябрда Кыргызстандын Маалымат жана басма сөз күнүнө карата сөз эркиндигин жана медианы колдоо максатында “Күч эркиндикте” деген онлайн акция жүрүп жатат. Демилге социалдык түйүндөрдүн көптөгөн колдонуучулары арасында колдоо таап, алар #күччындыкта #күчэркиндикте #cилавправде #силавсвободе #powerisinthentruth #powerinfreedom #кыргызстан #kyrgyzstan деген хештег менен билдирүүлөрүн жарыялап жатышат. Сөз эркиндиги жок болсо коопсуздук да болбой турганы, эркиндик жок болсо сөз эркиндиги да жок болору белгиленүүдө. Читать дальше...

Садыр Жапаров маалымат күнү менен куттуктап, журналисттердин жоопкерчилигин эскертти

Azattyk.org 

Журналисттердин жоопкерчилиги тууралуу маселени бүгүн 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата куттуктоосунда президент Садыр Жапаров көтөрдү. Кыргыз журналистикасы өлкөнүн эгемендик жылдарында улуттук, маданий жана тарыхый баалуулуктарды бекемдөөгө олуттуу салымын кошуп келе жатканын белгилеген мамлекет башчы жоопкерчилик да күчөгөнүн кошумчалады: “Бүгүн маалымат алмашуу чагылгандай тездик менен жүрүп жаткан мезгил. Керек болсо жаңылыктар бир нече секунданын ичинде Жер шарын айланып өтөт. Читать дальше...

Журналисттин жеке жашоосуна кийлигишүүнү токтотуу талабы айтылды

Azattyk.org 

Кыргызстандын эркин медиасы, көз каранды эмес журналисттери, блогерлери соңку кезде бийликтин жана фейктердин болуп көрбөгөндөй басымына кабылып жатышканы, мындай басымдын бири алардын жеке жашоосуна кийлигишүү экени медиа уюмдардын бүгүн 7-ноябрда бийликке жолдогон кайрылуусунда белгиленди. 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата жарыяланган бул билдирүүдө адамдын жеке жана үй-бүлөлүк жашоосуна кийлигишүү, видеого тартып алып, социалдык түйүндөргө жарыялоо, кибербуллинг сыяктуу көрүнүштөр... Читать дальше...

Пропаганда куралынан Эркиндик үнүнө айланган гезиттер. Кыргыз басма сөзүнүн бир кылымдык жолу

Azattyk.org 

Кыргызстанда 7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнү. Мындан туура 99 жыл мурда ушул күнү кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити жарык көргөн. "Азаттык" басма сөздүн 1924-жылдан берки жолун чагылдырган сүрөттөрдүн айрымдарын сунуштайт. Сүрөттөр Мамлекеттик архивден жана "Азаттыктын" жеке архивинен алынды.

"Паранжа, репрессия жана Эгемендик". Кыргыз гезиттери баскан бир кылым

Azattyk.org 

Кыргызстанда 7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнү. Мындан туура 99 жыл мурда ушул күнү кыргыз тилиндеги туңгуч “Эркин тоо” гезити жарык көргөн. "Азаттык" басма сөздүн 1924-жылдан берки жолун чагылдырган сүрөттөрдүн айрымдарын сунуштайт. Сүрөттөр Мамлекеттик архивден жана "Азаттыктын" жеке архивинен алынды.

Сөз эркиндигине арналган “Күч эркиндикте” онлайн акциясы өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн 7-ноябрда Кыргызстандын Маалымат жана басма сөз күнүнө карата сөз эркиндигин жана медианы колдоо максатында “Күч эркиндикте” деген онлайн акция жүрүп жатат. “Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы” уюму уюштурган акциянын максаты көз каранды эмес медианы колдоо жана өлкөдө сөз эркиндигин сактоо экени белгиленди. “Бул күндөрү парламентте жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө жана бейөкмөт уюмдар жөнүндө эки мыйзам долбоору каралууда. Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам Орусиянын чет элдик агенттер тууралуу мыйзамынын аналогу. Читать дальше...

Израил барымтадагы жарандары бошомоюнча аткылоо улана берерин билдирди

Azattyk.org 

ХАМАС тобунун колунда кармалып турган израилдик жарандар барымтадан бошотулмайынча Газа секторун аткылоо токтобой турганын 6-ноябрдын кечинде ABC News каналына курган маегинде Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху билдирди. Ошону менен катар ал гуманитардык максатта «тактикалык тыныгуулар» болушу ыктымал экенин айтты: «Барымтадагы биздин жарандар бошотулмайынча Газадагы аткылоо эч токтобойт», – деген Нетаньяху саат-сааты менен берилип жаткан тактикалык тыныгуу буга чейин да болуп келгенин... Читать дальше...

"Кыргызкөмүрдүн" мурдагы жетекчисин каматкан жагдай: министрдин арызы, Куреновдун карааны

Azattyk.org 

“Кыргызкөмүр” ишканасынын мурдагы жетекчиси Канатбек Ашырбаев жана анын кеңешчиси Турсунбай Шарапов “массалык башаламандыктар” беренесине шек саналып камалды. Оппозициялык активистке маалымат беришкенби? “Кыргызкөмүрдүн” мурдагы жетекчиси Канатбек Ашырбаев жана кеңешчиси Турсунбай Шараповдун кармалганын Бишкектин Биринчи Май райондук соту ырастап, шектүүлөр 4-декабрга чейин №1 тергөө абагына камакка алынганын билдирди. Алардын бөгөт чарасы 31-октябрда каралган. Адвокат Динара Субанкулова шектүүлөргө... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *