Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2023

Новости за 29.11.2023

"ИДП 1 трлн". Өкмөт айткан өнүгүү, жан кейиткен жакырчылык

Azattyk.org 

Өкмөт Кыргызстандын ички дүң өңдүрүмүнүн көлөмү 1 трлн сомдон ашканын жарыялады. Акылбек Жапаров бийликтин реформалык кадамдары өлкө экономикасын 2023-жылы 4,5% көтөргөнүн билдирүүдө. Бирок адистер арасында мындай билдирүүлөргө көп ишенбей тургандары да бар. Алар инфляция жана калктын реалдуу кирешесинин өсүшү көңүл жылытпай, өкмөт өндүрүштү алга сүрөө ордуна, ишкерлерди камчылап, салыкка басым жасап жатканын белгилешет. Кыргыз өкмөтү өткөн аптада өлкөдөгү экономикалык көрсөткүчтөр менен мактанып... Читать дальше...

Парламент желекти өзгөртүү долбоорун биринчи окууда кабыл алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документке 66 депутат “макул”, сегиз эл өкүлү “каршы” добуш берди. Долбоорго депутаттар Нилуфар Алимжанова, Сеидбек Атамбаев, Дастан Бекешев, Тазабек Икрамов, Арсланбек Малиев, Кубанычбек Самаков, Максатбек Сарбагышев жана Эмил Токтошев каршы добуш берди. Жыйында долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов коомчулукта желектеги күндүн нуру күнкарама сыяктуу көрүнөрүн, ушундан... Читать дальше...

Шакиев туу алмашса анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрө турганын билдирди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Жыйында долбоордун авторлорунун бири, депутат Улан Примов коомчулукта желектеги күндүн нуру күн карама сыяктуу көрүнөрүн, ушундан улам күндүн толкун сымал нурларын түздөп коюу сунушталып жатканын айтты. Желектин сунушталган вариантында туунун нурлары тик чачырап, түндүктүн ортосундагы чамгарагы үчтөн төрткө көбөйтүлүп жатат. Документтин дагы бир автору, спикер Нурланбек Шакиев туу өзгөртүлсө... Читать дальше...

Спикер Жогорку Кеңеш нотариалдык орган эмес экенин айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев акыркы учурда депутаттарга сын доомат көбөйгөнүн айтты. Ал Жогорку Кеңештин 29-ноябрдагы жыйынында сөз сүйлөп парламентте бардык маселе боюнча талаш-тартыштар болорун, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш экенин билдирди. Спикер Нурланбек Шакиев да Жогорку Кеңешке айтылган сындарга жооп берип, депутаттар идеялардын, программалардын айланасында талаш-талкуу кылышы керек экенин айтты. “Парламент жөн эле добуш берип, кол коюп отурган нотариалдык орган эмес. Жогорку... Читать дальше...

Жемкорлукка каршы күрөш, кылтакка түшкөн кеңешчилер

Azattyk.org 

Президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн кеңешчиси көмүр казуучу ишкананын жетекчисинен "200 миң доллар пара талап кылган" деп атайын кызмат тарабынан кармалып, камакка алынды. Кыргызстанда буга чейин дагы ар кайсы аткаминерлердин кеңешчилери ири суммада пара менен кармалган учурлар болгон. Ноябрдын башында президент Жапаров Кыргызстанда коррупция 90% жоюлуп, жемкорлуктан түшкөн каражат менен бюджет көбөйүп жатканын билдирген. "Кеңешчимдин жосуну таң калтырды" Өткөн апта соңуңда президенттин... Читать дальше...

Кара-Суу базарынын соодагерлери нааразылык акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Оштогу Кара-Суу базарында иштеген ондогон соодагерлер көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, 29-ноябрда Кара-Суу районунун администрациясынын алдына нааразылык акцияга чыгышты. Бул тууралуу “Азаттыкка” акцияга катышып жаткан ишкерлер кабарлады. Ал соодагерлер ККМге каршы экенин жана 2024-жылдан баштап буга чейин калып калган товарлардын эсеп-фактурасы жок болсо айып салынат деген чечимге каршы болуп жатканын айтты. Ишкерлердин айрымдары администрациянын имаратына кирип... Читать дальше...

Директорлор үчүн сынакта тогуз талапкер жогорку упай алды

Azattyk.org 

28-ноябрда Бишкекте өткөн Кыргызстандагы кесиптик лицейлердин жана коллеждердин директорлоруна сынакта 153 талапкердин тогузу гана жогорку упайга ээ болду. Мындай маалымат Билим берүү министрлигинин сайтында жарыяланды. Буга чейинки сынакта 138 талапкердин бешөө гана жогорку упайга ээ болгон. Билим берүү мекемелеринин жетекчилерин кайра дайындоо эрежесинин талаптарына ылайык, жетекчилери тиешелүү упай албаган мекемелерге кийинчерээк дагы сынак жарыяланат. Сынак төрт бөлүмдөн туруп, анда мыйзамдар... Читать дальше...

Кыргызстан Ооганстанга гуманитардык жардам жиберди

Azattyk.org 

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Ооганстанга гуманитардык жардам жиберди. 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, беш тонна өсүмдүк майы, 500 керебет, 1000 жууркан-төшөк жүктөлгөн автоунаалар 29-ноябрда Ош шаарынан чыгып кетти. Андан тышкары Эл аралык жарандык коргонуу уюму бөлгөн 1 миллион сомго аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, таттуу-тарапа, гигиеналык каражаттар алынды. 7-октябрда Ооганстандын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында очогунда күчү 6,3 балл болгон жер титирөө катталган. Читать дальше...

Европа өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 70 млн евро бөлөт

Azattyk.org 

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга 70,43 млн евро бөлөт. Тиешелүү документке Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-ноябрда Лондондо сөз болуп жаткан банктын президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушканда кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы бере турган акчанын 47,3 млн евросу Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоого (Балбай баатыр айылынан – Каракол шаарына чейин), 14,63 млн евросу Кыргызстанда электр тармагын санариптештирүүгө... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *