Кемпир-Абад иши: айыпталуучулар сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү
4-октябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурумда айыпталуучудар судьяга ишенбөөчүлүк көрсөттү.
Сот өтүнүчтү четке какты.
Бүгүнкү соттук отурумга камакта жаткан 11 айыпталуучу алынып келген эмес. Судья аларды соттук териштирүү бүткөнгө чейин четтеткени кабарланды.
Жактоочулар судьянын бул чечими мыйзамга каршы келерин айтууда.
Мунун алдында райондук соттун алдында Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалгандардын жакындары, туугандары сот процессинин ачык өтүшүн талап кылган акцияга чыккан.
27-сентябрда Кемпир-Абад иши боюнча белгиленген сот болбой калган. Буга сот процесси өтчү залда аудио жана видео жаздыруу аппараттары иштебегени негиз болгон. Мунун алдында сот отурумун ачык өткөрүүнү талап кылган шектүүлөр залдан чыгарылган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Ушундан улам сот жабык өтүп жатат.
Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деген айып койгон. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпатташкан. (MKt)