Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Бишкек мэри “Ош” базары көчүрүлө турган жерди атады

0
Бишкек мэри “Ош” базары көчүрүлө турган жерди атады

Бишкектин мэри Эмилбек Абдыкадыров калаадагы “Ош” базары жана башка объектилерди шаар сыртына чыгаруу жумуштары келерки жылы ишке ашарын маалымдады. Бул тууралуу ал 4-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Эл өкүлү Русланбек Жакышов “Ош” базарын көчүрүү боюнча маалымат чыккандан бери бул борбордогу коомчулукта талкуу болуп жатканын белгилеп, аталган базар кайсы жерге көчүрүлөрүн сурады. Мэр базар көчүрүлө турган жердин орду аныкталганын тактады.

“Бир гана “Ош” базарын эмес, Чыгыш жана Батыш автобекеттерин, “Сары-Өзөн” базарын сыртка чыгаралы деп пландап жатабыз. Жер маселеси чечилген. Фучик көчөсүндө баратканда айланма жолго жетпей, 160 гектар жер каралды. Азыр долбоордук иштерди жүргүзүп жатабыз. Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун бул жөнүндө тапшырмасы бар. 2024-жылдын жазында базарларды сыртка чыгаралы деп жатабыз”, – деди Эмилбек Абдыкадыров.

Ал мындан тышкары курулуш материалдарын саткан “Баткен” базарын жана башка базарларды да шаар сыртына чыгаруу маселеси каралып жатканын кошумчалады.

“Ош” базары шаардын чет жакасына көчүрүү идеясы мурдатан айтылып келген. Азыркы мэр Эмилбек Абдыкадыров аталган базар, Чыгыш жана Батыш автобекеттери шаардын сыртына жылдырыларын 2-сентябрда коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн жол тилкелерин текшерүү учурунда билдирген.

Мындан кийин жергиликтүү башка аткаминерлер журналисттерге “Ош” базары “Манас” аэропортуна бараткан жол боюна, Пригородное айылына жакын жерге көчүрүлүшү мүмкүндүгүн айтышкан. Бул жай мэр Эмилбек Абдыкадыров айткан Фучик көчөсүндөгү жерге дал келип жатат.

Бишкектеги Ош базары буга чейин үч-төрт жолу өрттөнгөн. Андан жабыркагандар "базарды көчүрүү максатында атайын ушинтишти" деген божомолдорун айтышкан. ИИМ ошол кезде Ош базарындагы өрткө байланыштуу бир нече версия каралып жатканын, ал атайылап өрттөлгөн болушу да мүмкүн экенин маалымдаган.

Жолдогу тыгынга байланыштуу базардын тегерек-четин тазалоо иштери буга чейин дагы жүргүзүлүп, көп жыйынтык берген эмес. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *