Кыргызстанда 264 миң гектар жайыт жараксыз абалга кептелди
Кыргызстанда жараксыз абалга кептелген жайыттардын аянты өстү. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгын угуу учурунда белгилүү болду.
Депутат Шайлообек Атазов айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго айыл чарба, мал чарбасы, бузулган жайыт жерлер жөнүндө да собол узатып, министр ага минтип жооп берди.
“Кыргызстанда 9 млн 34 миң гектар жайыт бар. Анын 45% тоо-таштар болуп эсептелет. Калганы мал жайганга жарай турган жерлер. Ошонун ичинде 264 миң гектар жер деградацияда деп такталды”, – деди Аскарбек Жаныбеков.
Шайлообек Атазов министрге “ушул жагдайга алып келгениңиз үчүн уялбайсызбы?” деген суроо узатып, Жаныбеков алды бир жерге ашыкча жайгандан улам маселе жаралып жатканын айтты. Ал жайыттарды калыбына келтирүү үчүн быйыл 99 миң тонна 500 килограмм үрөн алынып, 300 гектар үрөн тилкелери даярдалып, калганы жайыттарга себилгенин маалымдады.
Кыргызстанда соңку жылдары 240 миң гектар жайыт деградацияда экени маалымдалган. Жаңы статистика мындан 24 миң гектарга көп экенин көрсөттү.
Айыл чарба министрлиги мурдараак 2023-жылы бузулган жайыттарды кайра иштетүү үчүн Орусиядан үрөн алынып, эксперименталдык аянттарга себилип жатканын кабарлаган. 2024-жылдын жаз айларынан тартып жайытка делген чөптүн уруктары алыскы жайлоолорго себилери да айтылган.
Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстанда учурда 1 млн 750 миң 467 бодо мал, 6 млн 278 миң кой, 547 миң баш жылкы бар. (ErN)