Кримтөбөл Көлбаевди кармоо операциясы жүрүп жатат
Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) кармоо операциясы жүрүп жатат. Бул маалыматты “Азаттыкка” бир нече ишенимдүү булактар ырастады.
“Азаттыктын” кабарчысы кармоо операциясы болуп жатат делген “Учкун” басмаканасынын жанындагы эс алуучу жайлардын биринин жанында турат. Ал Blonder Pub кафесинин алдында укук коргоо органдарынын кызматкерлери турганын айтты.
Андан тышкары эки “Тез жардам” унаасы турат. Окуя болгон жерге башкы прокурор Курманкул Зулушев жана саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да келди.
Буга чейин атайын операция жүрүп жаткан аймакта ок атышуу болгону кабарланган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Башкы прокуратура азырынча эч кандай расмий маалымат бере элек.
Камчы Көлбаевдин аты акыркы жолу Бишкекте Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Акматбек Келдибековдун уулунун тоюнан кийин аталган.
Kaktus.media басылмасы жеке булактарына шилтеме берип 17-сентябрда Акматбек Келдибеков борбордогу тойканалардын биринде экинчи уулун үйлөнткөнүн, ага экс-президент Сооронбай Жээнбеков, бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Камчы Көлбаев баштаган адамдар катышканын жазган. Тойго атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев келгенде Камчы Көлбаев иш-чарадан кетип калганы айтылган.
Бул тойдон кийин Акматбек Келдибеков, Камчы Көлбаев, Райымбек Матраимов жана тойго катышкан дагы бир чиновник, Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Канатбек Тургунбеков УКМКга суракка барганы кабарланды.
Акматбек Келдибеков 4-октябрда “Азаттыкка” берген комментарийинде маалыматты четке какты:
“Эч кандай андай болгон жок баары жалган”, - деди Келдибеков. Ал азыр Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында жүргөнүн кошумчалады.
Акматбек Келдибековдун тоюуна баргандар суракка алынганы тууралуу УКМК да комментарий бере элек. “Азаттык” Канатбек Тургунбеков менен байланышып мындай жооп алды:
“Мен тойго баргам. Бир сааттай отуруп кеттим. Бирок жанагыларды көргөн жокмун. Тойго кечигип да бардым. Тойго барган кишини эмнеге суракка чакырыш керек? Андай маселе жок. Мен кеч бардым да. Акмат экөөбүз илгертен доспуз. Кыргызчылык деген бар да”.
“Азаттык” суракка алынган делген башка адамдар менен байланыша алган жок. Радио аларга да микрофон берүүгө даяр.
Соңку күндөрү атайын кызмат Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганы боюнча бир нече маалыматтарды берген.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 28-сентябрда эле Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун эки мүчөсү “опузалап талап кылуу” фактысы менен кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын кабарлашынча, шектүүлөр Көлбаевдин кылмыштуу тобунун абакта жаткан мүчөлөрү менен сүйлөшүп алып, Токмок шаарынын тургунун коркутуп, 2500 доллар талап кылышкан. УКМК 26-сентябрда шектүүлөр акча талап кылган тургундан 210 миң сом алып жаткан жеринен кармалганын кабарлаган.
Атайын кызмат Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү ар кандай кылмышка шек саналып кармалганын байма-бай жарыялап келет. Кримтөбөл атыккан Камчыбек Көлбаевге козголгон соңку кылмыш иши 2021-жылы кыскарганы август айында белгилүү болгон.
УКМК Камчы Көлбаевди 2020-жылы октябрь айында кармап, ал кылмыштуу топ түзүүгө айыпталып жатканын билдирген, бирок төрт айдан кийин тилкат менен абактан чыккан. Мекеме 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешени адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгонун билдирген.
Камчы Көлбаев 2008-жылы Москвада “мыйзамдагы ууру” макамын алганы айтылган. Аны АКШ 2012-жылы дүйнөдөгү таасирдүү наркобарондордун тизмесине кошкон. Ошол жылы ал мекенинде “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган” деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы бошонуп чыккан.