УКМК Бишкекте кримтөбөл Камчы Көлбаев жок кылынганын ырастады
Кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкектеги кармоо операциясынын жүрүшүндө жок кылынды.
Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы ырастады. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, бүгүн, 4-октябрда Бишкектеги Blonder pub эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн.
Анын жүрүшүндө Көлбаев жана анын жансакчылары күч органдарына ок аткан. Натыйжада Көлбаев жана анын жансакчысы жок кылынды. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, операцияга көп сандаган күч кызматкерлери жана чопкутталган автоунаалар тартылган.
Күбөлөрдүн айтымында, ок атышуу болуп, күч органдарынын бир кызматкери жараат алган. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматынын жана ритуалдык кызматтан атайын машинеси да келди. Буга чейин бул жерге башкы прокурор Курманкул Зулушев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев келип кеткенин журналисттер кабарлашкан.
Көлбаевдин адвокаты Сергей Манукян азырынча эч кандай маалыматы жок экенин, операция болгон жерге кире албай жатканын "Азаттыкка" билдирген.
49 жаштагы Камчы Көлбаев Кыргызстанда кылмыштуу топтун жетекчиси катары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) каттоосунда турат.
2012-жылдын декабрында "кылмыштуу топ түзгөн, курал жана маңзат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонуп, адам уурдаган" деп айыпталып, камалган.
Көлбаев эл аралык кылмыштуу уюмдун мүчөсү катары АКШнын Мамлекеттик департаментинин "кара тизмесинде" турат.
Ошол жылы ал мекенинде “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган” деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы бошонуп чыккан.
УКМК Көлбаевди 2020-жылы октябрь айында кылмыштуу топ түзүүгө айыптап кармаганын билдирген. Бирок төрт айдан кийин тилкат менен абактан чыккан. Атайын кызмат 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешени адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгонун билдирген.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда криминалга каршы чечкиндүү аракеттер жүрөрүн белгилеп, кылмыштуу топторго мыйзам бузбоого жана өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырык таштаган.