Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Жаза аткаруу кызматы абактарда абал тынч экенин маалымдады

0
Жаза аткаруу кызматы абактарда абал тынч экенин маалымдады

Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) кримтөбөл Камчы Көлбаевдин өлүмүнөн кийин абактарда тополоң чыкканы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирип, колониялардын баарында абал тынч экенин тактады. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз катчысы Ызаат Тургунбаева айтты.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймактарындагы бардык абактарда абал тынч. Иш штаттык режимде, кадимкидей жүрүп жатат. Интернетке чыккан маалыматтардын баары калп. Петровкадагы абакта соттолгон адамдар топтолуп турганы тартылган сүрөттү да чыгарышыптыр. Ал мурунку сүрөт болушу мүмкүн. Бүгүн бизде андай факт болгон жок”, – деди ал.

Мунун алдында “мыйзамдагы ууру атыккан” Камчы Көлбаев операция учурунда жок кылынган соң абактарда тополоң чыкканы кабарланган. Социалдык түйүндөрдүн айрым колдонуучулары абактарда кишилер жыйналып турганы тартылган сүрөттөрдү да таратышкан.

Кылмыш дүйнөсүнүн ана башы аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда кармоо операциясы учурунда жок кылынды. Операция Бишкектеги Blonder pub эс алуу жайында жүргөн.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, анын жүрүшүндө Көлбаев ок атуучу куралдарды колдонуу менен куралдуу каршылык көрсөткөн. Атайын кызматкерлери ага эскертүү иретинде ок атышкан. Дарыгерлер ал октон алган жараатынан ошол жерде каза болгонун тастыкташты. Бул окуяга катышкан УКМК кызматкерлери жана жарандар арасында жабыркагандар жок.

Атайын кызмат расмий маалыматында кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн кошумчалады.

Жумагулов былтыр 30-июлда №21 абактын (Бишкектеги №1 тергөө абагы) бөлмөлөрүнүн биринде бычакталып каза тапкан. Жаза аткаруу кызматы аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнүн маалымдаган. УКМК Жумагуловду 2022-жылы 15-июлда опузалап акча талап кылган деген негизде кармаган. Ошол эле күнү Биринчи Май райондук соту аны 7-сентябрга чейин №21 абакта кармоо чечимин чыгарган.

2020-жылы октябрь айында УКМК “мыйзамдагы ууру” атыккан Камчы Көлбаевди кармаган. Ага “кылмыштуу топ түзүү” беренеси менен айып коюлган. Кримтөбөл төрт айдан кийин тилкат менен абактан чыккан. Ошол учурда атайын кызмат 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгонун билдирген. УКМК калган акчаны өндүрүү улантыларын маалымдаган.

Быйыл август айында Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) "уюшкан кылмыштуу топ түзүү” беренеси менен козголгон кылмыш иши токтотулганы тууралуу маалыматтар чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга байланыштуу комментарий берген эмес. Ошондон бери анын кылмыш иши жөнүндө маалымат чыга элек болчу. 

Көлбаев 2008-жылы Москвада "мыйзамдагы ууру" макамын алганы айтылып жүрөт. Аны АКШ 2012-жылы дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Андан кийин, 2014-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга 1 млн доллар сыйлык жарыялаган. 2017-жылы аны "кара тизмеге" киргизген.

2012-жылы ал мекенинде “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган” деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы чыккан.

Ички иштер министрлигинин буга чейинки маалыматтарында айтылгандай, Кыргызстанда Камчыбек Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн уюшкан кылмыштуу үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *