Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Грузия Орусиянын Абхазияга база куруу аракетине тынчсыздануу билдирди

0
Грузия Орусиянын Абхазияга база куруу аракетине тынчсыздануу билдирди

Грузиянын Тышкы иштер министрлиги жикчил Абхазиянын башчысы Аслан Бжаниянын "Очамчира аймагында Орусиянын Аскер-деңиз флотунун жаңы базасы курулат" деген маалыматына тынчсыздануусун билдирди.

"Мындай аракеттер Грузиянын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн одоно бузуу жана Абхазия менен Цхинвал аймагын мыйзамсыз басып алууну мыйзамдаштырууга багытталган кезектеги чагымчыл аракет", - деп айтылат Тбилисинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле дүйнө коомчулугу Грузиянын эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн бекем колдой турганы белгиленип, Орусияны эл аралык милдеттенмелерди аткаруу, 2008-жылдын 12-августунда Евробиримдиктин ортомчулугу менен түзүлгөн ок атышпоо келишимин аткарууга жана Грузиянын ажырагыс аймактарын мыйзамсыз басып алууну токтотууга чакырган.

Абхазиянын башчысы мурдараак Орусиянын деңиз флотунун туруктуу базасын жайгаштыруу боюнча келишимге кол коюлганын айткан. Москва буга комментарий берген жок.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *