Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Гамбургда Европадагы алгачкы кыргызча IT конференциясы өтөт

0
Гамбургда Европадагы алгачкы кыргызча IT конференциясы өтөт

Германиянын Гамбург шаарында Маалыматтык технологияларга арналган Европадагы алгачкы кыргызча конференция өтөт. Дүйнөлүк IT жана технология, билим берүү эксперттери жаңылыктарды бөлүшүп, чет элдик адистердин айткандары кыргызча котормо менен сунушталат. IT тармагындагы тенденциялар талкууланып, жаңы ойлор жана мыкты идеяларды жайылтууга аянтча берилмекчи.

"Кыргыз-Немис IT" уюму 7-8-октябрда уюштуруп жаткан иш-чара "IT. Билим. Келечек" деп аталат. Ага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, Кыргызстандагы алгачкы эксперменталдык гимназияны түптөгөн Гапыр Мадаминов, Билим берүү жана илим министрлигинин, "Роза Отунбаеванын демилгелери" эл аралык фондунун өкүлдөрү да катышат.

Уюштуруучулар "Азаттыкка" кабарлашкандай, конференция төмөнкү максаттарды көздөйт:

• жаш муундарга IT тармагына багыт, дем берүү, илим-билим жолунда өз ордун табууга шыктандыруу;

• дүйнөлүк цивилизацияга, коомду өнүктүрүүгө салым кошуу.

Агартуучулук багытында "Кыргыз-Немис IT" уюму учурда Европада жаштардын миграциясы агымы күч алганын белгилеп, жаш муунга IT багытына жол көрсөтүү зарылдыгы жаралганын белгилейт. Уюм коммерциялык максатты көздөбөй турганын маалымдады.

Конференция Instagram түйүнүндөгү @kyrgyzgerman_it баракчасында чагылдырылат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *