Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Армениянын аскерлери ЖККУнун Кыргызстандагы машыгуусуна катышпайт

0
Армениянын аскерлери ЖККУнун Кыргызстандагы машыгуусуна катышпайт

Армениянын аскерлери Кыргызстанда 6-октябрда башталган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун эки апталык машыгуусуна катышпайт.

Казакстандын Коргоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, уюмга мүчө Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын аскерлери “Бузулгус боордоштук-2023” деп аталган машыгууга катышууда.

Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян өткөн айда Армения-АКШ аскердик машыгуусун утурлай "Еревандын коопсуздук жаатында Москвага толук ишенгени стратегиялык ката болгонун" билдирген. Кийинчерээк ал Еревандын ЖККУга мүчө болушу Армения үчүн "натыйжасыз" экенин кошумчалаган.

Расмий Ереван Москваны Армениянын коопсуздугун коңшу Азербайжандын агрессиясынан коргой албаганы үчүн айыптаган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мындан кийин армян бийлигине "АКШга ишенген мамлекеттердин тагдырын эске ала жүргүлө" деп кеңеш берген.

Азербайжан менен Армениянын ортосунда ондогон жылдарга созулган жаңжалдын себеби болгон жикчил Тоолуу Карабак аймагынын бийлиги 20-сентябрда Бакунун шарттарына баш ийип, багынып берген. Ал жактагы 120 миңдей этностук армяндын жүз миңден көбү Арменияга чыгып кетүүгө аргасыз болду. Армян бийлиги бул үчүн Бакуну "этностук тазалоого" айыптады, Азербайжан бул дооматты четке кагып, этностук армяндарды азери коомуна "реинтеграциялоо" аракетин көрүп жатканын билдирди.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *