Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

УКМК жарандарды "каралардын" опузасы тууралуу кабарлоого чакырды

0
УКМК жарандарды

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) жарандарга кайрылып, опузалап акча талап кылган, рейдерлик кылган жана башка оор кылмыштарга барган уюшма кылмыш топтору жана алардын лидерлери, мүчөлөрү тууралуу маалыматтары болсо атайын кызматка кайрылууга чакырды.

"Учурда коопсуздук органдары уюшкан кылмыштуулукка каршы активдүү иш алып барып жатат. Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, жарандардын, инвесторлордун жана бизнес-коомчулуктун укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо, инвестициялык климатты чыңдоо максатында УКМК кылмыштуулукту жоюуга өзгөчө көңүл бурат. Буга байланыштуу уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилеринин жана активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен бардык жарандарды жана бизнес чөйрөнүн өкүлдөрүн мындай фактылар тууралуу билдирүүгө чакырат",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыш топторуна эскертүү берген. Ал 5-октябрда Токмок шаарында атайын кызматтын оңдолуп, жаңыланган имаратын ачып жатып, өлкөдө мындан "мыйзамдагы уурулар" болбосун айтып, жаңы лидер шайлоого, топ түзүүгө аракет кылгандар катуу жазаланарын билдирген.

УКМК 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.

Атайын Көлбаевди кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн маалымдаган.

Көлбаевдин аты акыркы жолу Бишкекте Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун уулунун тоюнан кийин аталган. Kaktus.media басылмасы жеке булактарына шилтеме берип, быйыл 17-сентябрда Акматбек Келдибеков борбордогу тойканалардын биринде уулун үйлөнткөнүн, ага экс-президент Сооронбай Жээнбеков, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Камчыбек Көлбаев баштаган адамдар катышканын жазган.

Тойдон кийин Келдибеков, Көлбаев, Матраимов жана тойго катышкан дагы бир чиновник УКМКга суракка барганын "Азаттыктын" ишенимдүү булактары билдирген.

Келдибеков 4-октябрда “Азаттыкка” берген комментарийинде мындай маалыматты четке какты. Анын уулунун тоюна баргандар суракка алынганы тууралуу УКМК да комментарий бере элек.

Райымбек Матраимов 4-октябрдын кечинде УКМКда сурак бергени тууралуу маалымат тараган. Азырынча расмий органдар комментарий бере элек.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *