Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын коло байгесин утту

0
Айсулуу Тыныбекова Азия оюндарынын коло байгесин утту

Айсулуу Тыныбекова XIX Азия оюндарында коло медал утту. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта коло байге үчүн беттеште казакстандык Ирина Кузнецованы 2:1 эсебинде жеңди.

Тыныбекова 2018-жылы Азия оюндарынын финалына чыгып, күмүш байге уткан. Алтын байгенин ээси монголиялык балбан Орхон Пурэвдродждун канынан допинг чыкканына байланыштуу кийинчерээк Азия оюндарынын алтын байгеси Тыныбековага берилген.

Айсулуу Тыныбекова 22-сентябрда Белградда өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү ирет дүйнө чемпиондугун утуп, Олимпиада оюндарына жолдомо уткан.

Азия оюндарында Айсулуу Тыныбекова алгачкы беттешинде таиланддык Сиросамббат Салинини уткан. Бирок кийинки бетттешинде жапониялык балбан Озака Нонокиге утулду. Озака финалга чыкканына байланыштуу Тыныбекова коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Бүгүн Айпери Медет кызы жана Нурзат Нуртаева Азиаданын алтын медалы үчүн, ал эми эркин күрөшчү Бекзат Алмаз уулу коло медал үчүн күрөшөт.

Айсулуунун байгесин кошкондо, Кыргызстандын Азия оюндарындагы байгесинин саны тогузга жетти. Балбандар Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана дзюдочу Эрлан Шеров Азия оюндарында алтын медал тагынды. Ал эми балбан Раззак Бейшекеев, ушу-саньда боюнча Авазбек Аманбеков менен Темирлан Аманкулов, жеңил атлетикадан Сардана Трофимова жана каратэден Назим Нурланов коло медал уткан.

Учурда Кыргызстан үч алтын, алты коло байге менен командалык эсепте 20-орунда келе жатат. Медалдардын саны боюнча Кытай (183 алтын, 103 күмүш, 57 коло), Жапония (44 алтын, 55 күмүш, 60 коло) жана Түштүк Корея (36 алтын, 47 күмүш, 82 коло) алдыңкы сапта.

Быйыл Азия оюндарына 45 өлкөдөн 12 500 спортчу катышып жатат. Алар спорттун 40 түрүнөн мелдешүүдө. Кыргызстандан спорттун 23 түрү боюнча 164 спортчу катышууда. Оюндар 8-октябрда жыйынтыкталат. (GT)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *