Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Бишкекте бир катар көчөлөрдө коомдук транспорт үчүн тилкелер бөлүнөт

0
Бишкекте бир катар көчөлөрдө коомдук транспорт үчүн тилкелер бөлүнөт

Бишкекте дагы бир катар көчөлөрдө коомдук транспорт үчүн жол тилкелери бөлүнөт. Бул тууралуу шаар мэриясы 5-октябрда билдирди.

Анда жыл аягына чейин төмөнкү көчөлөрдө коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке пайда болот:

Байтик Баатыр-Абдрахманов көчөлөрүндө Жибек - Жолу проспектисинен Токомбаев көчөсүнө чейин;

Жибек-Жолу проспектисинде Лермонтов көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;

Манас проспектисинде Жибек-Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин;

Ахунбаев көчөсүндө Садырбаев көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин;

Ден-Сяопин проспектисинде Фучик көчөсүнөн Алыкулов көчөсүнө чейин;

Чүй проспектисинде 7-апрель көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин;

7-апрель көчөсүндө Жибек-Жолу проспектисинен Анкара көчөсүнө чейин.

Бишкекте быйыл сентябрь айында коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке Токомбаев көчөсүндө пайда болгон. Анда 12-кичи райондон баштап, Байтик баатыр көчөсүнө чейин белгиленген.

Бишкек мэриясы бул пилоттук долбоор болгонун, эгер бул тажрыйба ийгиликтүү болсо, калаанын башка көчөлөрүндө да өзүнчө тилкелер бөлүнөрүн билдирген. Бул жол тилкелери менен башка унаалардын жүрүүсүнө тыюу салынат жана бул үчүн айып салынат.

Бишкек мэриясы шаардыктар коомдук транспортко көбүрөөк түшүүгө кызыкдар боло тургандай система түзүүгө киришкенин мэр Эмилбек Абдыкадыров 2-сентябрда журналисттерге билдирген. Ал автобус, троллейбус жүргөн чоң жолдорго алар үчүн өзүнчө тилке ачуу бул системаны иретке келтирүүнүн негизги ыкмасы экенин айткан. Айрым аялдамалардын орду өзгөрүп, жол боюна машина токтотууга тыюу салынарын белгилеген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *