Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

“Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын” башчысы алмашты

0
“Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын” башчысы алмашты

“Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы Талантбек Өмүралиев кызматтан алынып, анын ордуна Медер Темирбеков дайындалды. Бул тууралуу акционердик коом катталган “Кыргыз фондулук биржасы” кабарлады.

Өмүралиев бул кызматта төрт айдай иштеди. Ал иштен өз каалоосу менен арыз жазып кеткени маалымдалды.

Темирбеков мурда финансы министринин орун басары, Финансы министрлигиндеги Борбордук казыналыктын директору, Бюджет башкармалыгынын башчысы жана башка кызматтарда иштеген.

2022-жылы декабрда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасына алгачкы директор болуп кыргыз жарандыгын жаңыдан алган орусиялык Евгения Судец дайындалган эле.

“ПолитКлиника” басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиев менен байланыштарын иликтеп чыккандан кийин маселе парламентте да көтөрүлгөн. Евгения Судец 14-апрелде өз арызы менен кызматын тапшырып, анын ордуна Улан Сарбанов келген.

Сарбанов май айында иштен кетип, “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасына ээлик кылган Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги анын ордуна Талант Өмүралиевди дайындаган.

Министрлер кабинети тиешелүү мыйзамдын алкагында 2022-жылы 31-майда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасын түзүү токтомун чыгарып, ачык акционердик коом Юстиция министрлигинде 2022-жылы 25-июлда катталган.

Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *