Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Казакстанда никаб жана хижабга тыюу салуу маселеси каралат

0

Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги коомдук жайларда хижаб жана никаб кийип жүрүүгө тыюу салган чараларды карайт.

Бул тууралуу 6-октябрда Астанадагы брифингде аталган мекеменин башчысы Аида Балаева билдирди.

"Коомдук жайларда тыюу салуу эрежелерин карап чыгып, кандайдыр бир сунуштарды беребиз. Бул дүйнөдө колдонулган тажрыйба, анткени маселе улуттук коопсуздукка барып такалат. Коомдук жайларда жүзүн жаап жүргөндөрдүн ким экенин аныктоо өтө кыйын”, - деди Балаева.

Ошол эле маалда ал "бул маселе коомчулук менен бирге караларын" кошумчалады.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Эреже катары, кара кездемеден жасалат. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет.

Буга чейин чейин Балаева мектептеги хижаб кийген окуучулар маселеси тууралуу айтып жатып, Казакстан байистүү (светтик) мамлекет экенин эске салган. Ал мамлекеттик саясат диний эрежелер аркылуу эмес, мыйзамдар аркылуу жүргүзүлөрүн билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *