"АЮ" компаниясынын директору кармалды
"АЮ" компаниясынын директору, издөөдө жүргөн Тыныбек Исаев бир нече күн мурун кармалып, камакка алынды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы ырастады. Маалыматка ылайык, аны менен кошо издөөгө алынган дагы бир жаран кармалды.
"Экөөнүн тең бөгөт чарасы каралып, соттун чечими менен камакка алынды", - деп билдирди маалымат кызматы.
8-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту "АЮ" компаниясынын негиздөөчүсү, учурда чет мамлекетте жүргөнү айтылган ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан камакка алган. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин экс-президенти Абдыкеримовго Кылмыш-жаза кодексинин төрт беренесинин негизинде айып тагылган.
Ал өзү кылмыш иштери боюнча комментарий бере элек.
Президент Садыр Жапаров быйыл жазында "Кабар" агенттигине курган маегинде, "Аю" компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Ишкана "кустуруу" өнөктүгүнүн курмандыгы болду деген пикирлерди четке каккан. Ал мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келген деген жүйө келтирген.
"АЮ Холдинг" мындан 20 жыл мурда негизделген. Курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет, алардын катарында "АЮ Курулуш", "АЮ Гранд", "АЮ Лизинг", "АЮ Гарант", "Токмок булз", "Ак сарай" жана башкалар бар.(ZKo)