Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Индияда суу ташкыны 40тан ашуун адамдын өмүрүн алды

0
Индияда суу ташкыны 40тан ашуун адамдын өмүрүн алды

Индиянын Секким штатындагы Түштүк Лхонак көлү ташкындап, кеминде 41 адам көз жумду. Ондогон адамдар дайынсыз болууда.

20 миңден ашуун адам үй-жайын таштап кетүүгө аргасыз болду.

Суу ташкын жүздөгөн айылдарды, кошуна Бангладештин аймагындагы конуштарды да каптады. Сел 15 көпүрөнү кыйратып, шоссени жууп кеткени кабарланды.

Түштүк Лхонак көлү мөңгүлөрдүн эригенинен улам ташып кеткен. Спутниктен алынган сүрөттөргө караганда, көлдүн аянты сентябрдын аягында 170 гектарга жеткен. Ташкындан кийин көлдүн аянты 100 гектарга чейин кичирейген.

Эксперттер суу ташкынга күзгү муссон жамгыры себеп болгонун, быйыл жаан-чачын нормадан эки эсе көп жааганын билдиришти. Кырсыкка бир күн мурда Непалда катталган жер титирөө да түрткү болгону айтылууда.

Лхонак көлүнүн кооптуулугу тууралуу 2019-жылы эле штаттагы табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу башкармалыгы эскерткен. 

Секким штатында эксперттер кооптуу деп санаган 14 көл бар.

Окумуштуулар климаттын өзгөрүшү аба ырайына да таасир этип жатканын, абанын температурасы көтөрүлгөн сайын кургакчылык, өрт же тескерисинче суу ташкыны, катуу шамал, суук жана аптап күч алганын белгилешүүдө.

Дүйнөлүк метео уюмунун маалымдашынча, 1970-2021-жылдар аралыгында дүйнөдө 11 778 табигый кырсык катталган. Жыйынтыгында 2 миллиондон ашуун адам жапа чегип, жан-жаныбарлар жок болгон. Экономикага 4,3 триллиондук зыян келтирилген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *