Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Чок-Талда тойго барып ууланган 23 адам ооруканага кайрылды

0
Чок-Талда тойго барып ууланган 23 адам ооруканага кайрылды

Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында үйдө өткөрүлгөн тойдогу тамак-аштан ууланганын айткан 23 адам ооруканага кайрылды. 

Бул тууралуу "Азаттыкка" райондук санитардык-эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Алина Токтоназарова билдирди.

Маалыматка ылайык, 5-6-октябрда 23 адам ооруканага кайрылып, алардын бири жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Алардын ичинен бир адам Балыкчы шаарындагы ооруканага, дагы бирөө Тоң районунун ооруканасына барганы белгилүү болду.

"Бүгүн, 7-октябрь, саат 12:00ге карата ооруканада беш адам дарыланууда, жандандыруу бөлүмүндө жаткан бейтап палатага которулду. Баарынын абалы туруктуу. Калгандары абалы канааттандырарлык деген негиз менен үй көзөмөлүнө чыгарылды", - деди Токтоназарова.

Анын айтымында, тойдогу тамак-ашты Бишкек шаарынан чакырылган үч ашпозчу даярдаган, текшерүү учурунда алар медициналык кароодон өтпөгөнү маалым болгон. 

Той 5-октябрда саат түшкү 12де башталып, саат 17 чамасында бүткөн.  Алгач эки адам уулануу белгиси менен Чок-Талдагы ФАПка кайрылган. Ууланууга кайсы азык себепкер болгону иликтенүүдө. 

Тойго баш-аягы 45 адам катышкан. 

Кыргызстанда буга чейин дагы аш-тойлордо, тез татым жайларында, кафе-ресторандарда жапырт ууланган учурлар болгон.

Октябрдын башында Бишкек шаарында тез татым түйүндөрүндө 70тен ашуун адам шаурмага ууланган. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы ооруканага 36 адам жаткырылганын, алардын арасында 10 жаштан 14 жашка чейинки беш бала бар экенин билдирген.

Жыйынтыгында шаардагы жыйырмага чукул тез татым ашканасы жабылып, санитардык нормаларды бузганы үчүн аларга жалпы 300 миң сомго жакын айып пул салынганы кабарланган.(AyK/ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *