КМШ саммити: Бишкектин мектептери эки күн онлайн иштейт
Бишкекте бардык мектептер жана бала бакчалар эки күн жабык болот. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 12-13-октябрь күндөрү борбор калаада Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) кезектеги саммити өтүп жатканына байланыштуу мектептер онлайн иштейт.
Вице-мэр Виктория Мозгачева мектептердин окуу процесси үзгүлтүккө учурабай турганын, иш онлайн улана берерин, ал эми бала бакчалар убактылуу иштебей турарын, мындай чечим Билим берүү жана илим министрлигинин саммитке байланыштуу буйругун аткаруу максатында кабыл алынганын, себеби кээ бир жолдор убактылуу жабылып турарын 8-октябрда "Азаттыкка" билдирди.
Бул күндөрү шаардын айрым борбордук көчөлөрүндө электр чыгырыгын айдоого да убактылуу чектөөө киргизилгени жатат.
13-октябрда Бишкекте КМШнын мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт. Бир күн мурда Кыргызстанга расмий сапар менен Орусиянын президенти Владимир Путин келет.
КМШ саммитинде уюмга мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгын кеңейтүү жана чыңдоо боюнча чечимдер кабыл алынат. Путиндин сапары алкагында эки өлкө ортосундагы актуалдуу маселелер жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү талкууланарын президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев 4-октябрда билдирген.
КМШ уюмуна бүгүнкү күндө Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан кирет. (RK)