Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

"БишкекВторРесурс" фирмасынын ээси Жапаровго жана Путинге кайрылды

0

“Тазалык” муниципалдык ишканасы менен соттошуп жаткан "БишкекВторРесурс" ишканасынын ээси, орусиялык ишкер Алексей Булаев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жолдоду. Ал 12-октябрда кайрылуу катын жана Бишкекте басма сөз жыйынында жасаган видео билдирүүсүн да жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялады.

Алексей Булаев өз кайрылуусунда бир жыл мурун Кыргызстанда инвестор катары иш баштаганын, анын соңу соттук процесстерге алып келгенине даттанды:

“Мен Кыргызстанда төрт жылдан бери иштейм. Биз ак ниеттүү инвесторбуз. Кыргызстанда компания ачып, керектүү техникаларга акча салып, Бишкек шаарынын Октябрь районунда таштанды чыгаруу тендерине 2022-жылдын күз айларында катыштык. Тендерден утуп чыгып, райондогу калкты жана чарбалык объектилерди тейлей баштаганбыз. Баары жөнгө салынып, ишибиз жүрүшүп жаткан, бизге эч кандай дооматтар жок болчу. Мэрия менен акимиат тендерге катышууга бизди өздөрү чакырышкан. Биз аларга бир жыл иштөө кызыксыз, инвестицияны актоо үчүн бизге кеминде үч жыл керек деп айтканбыз. Келишим да үч жылга түзүлгөн, ал кандайдыр бир одоно бузуу болсо сот аркылуу жокко чыгарылат деген шарт бар. Күтүлбөгөн жагдайда Октябрь райондук акимиаты, прокуратура жана милиция бизге чоң дооматтарды коё баштады. Ал көбөйүп отуруп, аягында кырдаал оорлоп кетти. Мунун баары айрым аткаминерлердин бизди кетирип, башка ордубузду компанияга бошотуу максатында уюштуруп жаткан кутуму окшойт деп ойлоп жатабыз”, – деди Булаев.

"БишкекВторРесурс" ишканасы Бишкек шаарынын Октябрь районунда таштандыларды чыгаруу боюнча тендерди утуп чыккан соң райондук администрация менен 2023-жылдын январында келишимге кол коюшкан. Бишкек шаардык мэриясы жана райондук акимиат "БишкекВторРесурс" өз милдетин аткарбай жатат деген жүйө менен июнь айында келишимди бир тараптуу үзгөн. Мындан соң "БишкекВторРесурс" сотко кайрылган.

Учурда Октябрь районунда таштанды чыгаруу милдети мурдагыдай эле “Тазалык” муниципалдык ишканасына жүктөлгөн. Ага карабай райондун жашоочулары “Тазалыктан” да, "БишкекВторРесурстан" да таштанды үчүн эсеп-дүмүрчөк (квитанция) алып жатышат.

Орусиянын президенти Владимир Путин 12-октябрда Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Бул күнү ал президент Садыр Жапаров менен жолугуп, 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) президенттеринин жыйынына катышат. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *