Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Жакынкы Чыгыш: жүз миңдеген киши үй-жайсыз калды

0
Жакынкы Чыгыш: жүз миңдеген киши үй-жайсыз калды

Израилдин бийлиги ХАМАС радикал тобун «жер менен жексен кылууга» убада берди. Газа тилкесине 12-октябрга караган түнү урулган Израил армиясынын соккулары 51 кишинин өмүрүн алганын жергиликтүү бийлик кабарлады. ХАМАС экстремисттик тобунун Израилге кол салуусунан башталган жаңжал алты күндөн бери эки тараптан жалпы 2500дөй адамдын өмүрүн алды.

Израил армиясынын аба соккуларынан улам жүздөгөн палестиндер учурда мектеп, ооруканалардын имараттарында баш калкалоого аргасыз болууда.

"Беш күндөн бери суу, тамак-аш жок. Кайда барышты билбейбиз. Бала-чака көп бул жерде. Үй-жайсыз калдык. Бул - адилетсиздик. Дүйнө каякты карап турат? Шордуу эл экенбиз да", - деп Газанын тургуну Тайсар Халлас оор үшкүрүнөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы билдиргендей, калкы 2,3 миллион адамды түзгөн Газада үй-жайын таштап качууга мажбур болгондордун саны 338 миңге жетти.

Израил өкмөтү Газаны толук блокадага алып, электр жарыгын, суу берүүнү токтоткон. Энергетика министрлиги экстремисттик топтун туткунундагы израилдиктер бошотулмайынча блокада улана берерин эскертти. Израил бийлигинин эсебинде, ХАМАС радикал тобу барымтага алган адамдарды жер алдында жашырып жатышы мүмкүн. Бул тууралуу Израил Коргонуу армиясынын өкүлү Жонатан Конрикус CNN телеканалына курган маегинде айтты.

Израилдин БУУдагы атайын жана туруктуу элчиси билдиргендей, ХАМАСтын барымтасында 150дөй киши бар.

Алардын көбү Supernova музыкалык фестивалында туткунга түшкөндөр. Радикал топтун чабуулунан кийин иш-чара өткөн жерден 260тай кишинин сөөгү табылган.

Эл аралык Кызыл чырым комитети барымтадагыларды бошотуу аракетин көрүп жатканын билдирди.

"Биз ХАМАСтын жана израил бийлигинин расмий өкүлдөрү менен байланыш түзүп жатабыз. Туткундарды зыянга учуратпай бошотууну өтүнөбүз. Барымтадагылар менен байланышууга шарт түзүп берүүнү суранабыз", - деп жазылат билдирүүдө.

Израилдин эскертүүсү

Учурда жүз миңдеген аскерлер Газа тилкесине жакын жерде топтолуп турат. Армия жер үстүндөгү операция башташы мүмкүн. Бирок азырынча бийлик тиешелүү чечим кабыл ала элек. Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху ХАМАСты “Ислам мамлекети” террордук тобуна теңеп, анын жоочуларына каршы күрөштү улантууга убада берди.

" ХАМАС - «Ислам мамлекети» сыяктуу эле радикал топ. Дүйнө «Ислам мамлекети» жок кылынгандай эле, ХАМАС дагы талкаланып, түп-тамырынан жок кылынат", - деди израил өкмөт башчысы.

12-октябрда Израилге барган АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өкмөт башчы Беньямин Нетаньяху менен жолукту. Ал андан кийин Иорданияда падыша Абдалла жана Палестин автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен кезигип, жаңжалды жайгаруу жолдорун талкуулашы күтүлүүдө. Буга чейин кырдаалды жеңилдетүү үчүн колдон келген аракетин көрүп жатканын Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган дагы билдирген.

Ал арада дүйнөнүн ар кайсы шаарларында израилдиктерге жана палестиналыктарга тилектештик билдирген акциялар өтүүдө.

ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Газа тилкесинен Израилге жапырт ракеталык чабуул жасаган. Чабуул учурунда ондогон киши барымтага алынып, Газа секторуна жеткирилген. Израил өлкөдө согуштук абал жарыялап, жөөт армиясы Газага сокку ура баштаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *