Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Грек-рим күрөшү боюнча федерациянын вице-президенти Ахрор Иминов тергөө бүткүчө, 4-декабрга чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты аталган соттун басма сөз кызматы ырастады.
Ахрор Иминов уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган деген шек менен кармалганын 11-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген. Атайын кызмат Иминов Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрүн каржылап келгенин, ал Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен козголгон иштин алкагында кармалганын тактаган.
Иминов жүк ташыган бир катар компаниялардын ишине кийлигишип, алардын кирешесинин болжол менен 30% кылмыштуу топтордун орток кассасына чогултууга катышып жүргөнү кабарланган.
Ахрор Иминовдун жактоочулары жана жакындары бул боюнча азырынча комментарий бере элек.
УКМК 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.
Атайын кызмат муну улай эле Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. Андан бери да Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар бир катар кишилер кармалды. (ErN)
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.
ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД ПРЕДЛАГАЕТ СЕНСАЦИОННО УЛУЧШИТЬ НАЛОГОВУЮ СФЕРУ!
Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона

Лидера группы «2RBINA 2RISTA» арестовали за показ экстремистской символики
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона
Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге
СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.