Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Мирзиёев 30 жылдан берки кыргыз-өзбек маселелери азыр чечилип жатканын белгиледи

0
Мирзиёев 30 жылдан берки кыргыз-өзбек маселелери азыр чечилип жатканын белгиледи

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда 30 жылдан бери чечилбей келген маселелер азыр чечилип жатканын 13-октябрда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев билдирди.

Бишкекте өткөн Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) саммитинин соңунда Кыргызстандын демилгеси боюнча Мирзиёевге бул уюмдун Ардактуу белгиси тапшырылды. Аны өзбек президентине Кыргызстандын башчысы Садыр Жапаров тапшырды.

“Соңку жылдары биз Кыргызстан менен көп нерсеге жетиштик. 30 жылдан бери бул өтө татаал маселелерди чечүүгө эч ким чыгынган эмес. Садыр Нуркожоевичтин жана Өзбекстандын президентинин эрки менен биз көп маселелерди чечтик”, - деди Мирзиёев.

Ортодогу чек ара боюнча делимитация жана демаркация процесси жыйынтыкталганын президент Садыр Жапаров быйыл 27-январда Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келип кеткенде айткан. Ал бул күндү тарыхый күн деп атап, чек ара маселесине чекит коюлганын билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан жер маселеси былтыр өлкөдө чоң саясий темага айланган. Бийлик Кыргызстандын кызыкчылыктары толук корголгонун билдирген. Анын жери өзбек тарапка өтүп жатат деген кооптонуусун айтып чыккан жыйырмадан ашуун саясатчы жана активист камакка алынган. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *