Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Жапаров КМШ алкагында ишкерлик кызматташтыгы жеңилдей турганын айтты

0
Жапаров КМШ алкагында ишкерлик кызматташтыгы жеңилдей турганын айтты

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн 13-октябрда Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинде эркин соода, суу жана тил маселесин көтөрдү.

Быйыл июнь айында Сочи шаарында кабыл алынган Кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин соодасы, инвестицияларды түзүү жана ишке ашыруу жөнүндөгү макулдашуу КМШнын бардык өлкөлөрүндөгү ишкерликти алдыга жылдырарын,  бизнес-өнөктөштөргө бардык өлкөлөрдө жол ачыларын айтты.

"Аны макулдашуу процедурасы абдан узакка созулду. Макулдашуу ратификациялангандан кийин КМШнын бардык өлкөлөрүндөгү ишкерлик алдыга жылып, бардык жерде иш алпаруусу жеңилдейт. Бизнес-өнөктөштөргө Шериктештиктин бардык өлкөлөрүнө жол ачылат – ал өлкөлөрдө кызмат көрсөтүүгө жана келечектүү долбоорлорго инвестиция салууга мүмкүнчүлүк алышат", - деди Жапаров.

Региондогу суу ресурстарынын 40% өлкө аймагындагы суулардан түзүлөрүн белгилеген Жапаров климаттын терс таасирин, аймактагы өлкөлөрдүн суу инфратүзүмдөрүнүн эскилиги жеткенин эске алуу менен өз убагында чара көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошону менен катар президент КМШда быйылкы жыл Орус тилинин жылы деп жарыяланганын белгилеп, орус тили ортодогу баарлашуу тили болуп кала берерине ишенимин билдирди. Кыргыздын чыгаан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары да  өз салымын кошконун, анын көбү орус тилинде жазылганын айтты.

Кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири санариптештирүү экенин айткан Жапаров  кыргыз тарап демилгелеген Санарип технологиялар боюнча билдирүүнүн долбоорун колдоону өтүндү.

13-октябрда Бишкек шаарында КМШ башчыларынын саммити өттү. Ага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян келүүдөн баш тартты. Молдова жыл башынан бери уюмдан чыгуу аракетин көрүп жаткандыктан жыйынга катышкан жок. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *