Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Бактияр Алиев: “Эрте пенсияга чыгуу” ченемин жоюу керек

0
Бактияр Алиев: “Эрте пенсияга чыгуу” ченемин жоюу керек

1-октябрдан тартып Кыргызстанда пенсия көбөйүп жатат. Кимге канча сом кошулат? Пенсия эмненин эсебинен көтөрүлүүдө? Улгайган куракта татыктуу жашаш үчүн жаш кезде кантип камдануу керек?

Ушул жана башка суроолорго Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы Бактияр Алиев жооп берди.

- 1-октябрдан тартып пенсия көтөрүлүп жатат. Бул акчаны кайдан таптыңыздар? Кимге канча сом кошулуп жатат?

- Бүгүнкү күндө өлчөмү көбөйүп жатканына байланыштуу бүт республика боюнча пенсияны кайра эсептөөнү бүтүрдүк. Өзүңүздөргө маалым болгондой, акыркы эки жылда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, дарыгерлердин, мугалимдердин, маданият кызматкерлеринин маянасы көбөйдү. Анын эсебинен Социалдык фондго да төлөмдөр өстү. Ошол төлөм эсебинен пенсияны көтөрүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду.

- Ошондо пенсия канча пайызга көтөрүлдү?

- Камсыздандыруу бөлүгү 38 пайызга көтөрүлүп жатат. Өзүңүздөр билесиздер, пенсия үч бөлүктөн турат. Биринчиси – бул пенсиянын базалык бөлүгү. Мамлекет жалпы пенсионерлерибизге базалык бөлүктү колдоо иретинде бюджеттин эсебинен төлөп берет. Ал азыркы учурда 3170 сом. Экинчиси – камсыздандыруу бөлүгү. Бул акча ишке жарамдуу жаран ай сайын алган маянасынын бир бөлүгүн Социалдык фондго төлөп келген суммадан чогулат. Жарандын эмгек стажы же алган айлыгы канчалык көп болсо, ошончо көп акча топтолот. Жыйынтыгында пенсияга чыкканда камсыздандыруу бөлүгү көп чогулган жарандын пенсиясы да жогору болот. Үчүнчүсү - бул 1996-жылга чейин иштегендер үчүн “СП1” деп аталган төлөм, ал жарандарды жеке эсепке алуу киргизилгенге чейинки камсыздандыруу бөлүгүнүн бир айлык маянасынын өлчөмү. Мындан тышкары, өзүңүздөр билесиздер, пенсиянын топтоо бөлүгү бар, ал жарандын жеке эсебине маянасынын эки пайыздык өлчөмүнөн эсептелет, ал эмгек акысынын жана чегерүүлөрүнүн эсебинен табылган инвестициялык кирешеден топтолот.

Мисалы, 10 миң сом өлчөмүндөгү пенсия болсо, андан базалык бөлүктү түзгөн 3170 сомду кемитебиз, ошондо 6830 сом чыгат. Мындан азыркы тапта мамлекет ар бир пенсионерге электр кубаты үчүн төлөп берип жаткан орточо 200 сомдук компенсацияны кемитебиз. Чыккан сумма болжол менен 6630 сом, ушуну эми 38 пайызга көбөйтөбүз. Ошентип, азыр 10 миң сом пенсия алып жаткан жаранга 1-октябдан тартып 2519 сом кошулат.

- Фейсбукта айрымдар “мурда ким аз алса аз кошулуп жатат, көп алгандардыкына көп сумма кошулуп жатат” деп жатат. Бул эми жарандар арасында социалдык ажырым чоңоюп кетпесин деген максатта айтылып жатса керек. Мындай пикирлерге кандай карайсыздар?

- Социалдык фонд жалпы пенсионерлердин таламын дайыма талашат. Социалдык фонддо дайыма камсыздандыруу принциби сакталышы керек. Мисалга алсак, аз өлчөмдө пенсия алып жаткан жарандар - булар узак мезгил аралыгында камсыздандыруу бөлүгү үчүн аз төлөм төгүп келгендер. Ошондой эле 2, 3, 5 жыл болуп, эмгек стажы жетпей калгандардын дагы пенсиясы аз болот. Эмгек стажы жетиштүү, Социалдык фондго чегерүүнү өз убагында төлөп жүргөн жарандардын саны 500 миңден ашуун.

Бул пенсионерлердин камсыздандыруу бөлүгүн биз жыл сайын индексация жасап, пенсиясын көбөйтүп турушубуз керек. Индексациянын суммасына формулага ылайык инфляция кирет, анан өткөн жыл үчүн көтөрүлгөн айлык акынын орточо суммасы алынат.

Былтыркы жылды ала турган болсок, айлык акы орточо 37 пайызга көбөйгөн. Индексация 13,9 пайызды түзгөн. Ушул эки сумма кошулат дагы, экиге бөлүнөт. Бул 26 пайызды түздү, бул пенсиянын өлчөмүн көтөрө турган чек болчу. Бирок биз 26% эмес, 38% көбөйттүк. Инфляция 14% болду, биз бул ирет пенсияны инфляциядан эки жарым эсеге көп көтөрдүк.

- Азыркы тапта республика боюнча 760 миңден ашуун адам пенсионер экен, пенсиянын орточо суммасы канча сомду түзөт?

- 1-октябрдагы көбөйүүнү кошкондон кийин пенсиянын орточо өлчөмү азыр 9330 сом.

- Бул маселе Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен Министрлер кабинетинин ортосунда талаш-тартыш жаратып, Конституциялык сотко чейин жетти эле. Жашоо минимумуна жетпеген пенсия алып жаткан жарандардын саны канча?

- 100 миңдин тегерегинде. Алар пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн аз төлөгөндөр. Алардын катарында фермерлер, дыйкандар, жер үлүшүнөн төлөп жаткандар, орто жана чакан ишкерлер бар. Жер үлүшүнөн төлөп жаткандарды ала турган болсок, алар айына 7 сом 80 тыйын, жылына 80-90 сом төлөшөт. Ал эми дарыгер, мугалимдер, мисалы, 20 миң сом айлык алса 17 пайызды жумуш берүүчү, 10 пайызды иштеген ар бир адам өзү төлөйт, жалпы 27 пайызды айлыгынан кармап калабыз.

Ошондо 20 миң алган кызматкер 4800-5000 сомду айына төлөйт. Ошентип, камсыздандырууну аз төлөгөндөрдүн пенсиясы аз, ал эми маянасынан көп төлөп жүргөндөрдүкү көп болот.

- Сиздер Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги менен ошол жүз миң адам чындап оор жагдайда жашайбы же жокпу – иликтеп көрдүңүздөр беле? Мисалы, ошол 80-90 сомдон төлөгөндөр жана аз пенсия алган адамдардын баары эле жакырчылыкта жашап жатат деп айтууга болобу?

- Социалдык фонддун иши Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинен айырмаланат. Негизи алар мамлекеттен берилген акчанын эсебинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берет. Биз болсо ким канча төлөсө, ошого жараша пенсиясын чегеребиз.

Мисалы, орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү менен жер үлүшүнүн ээлеринин төлөмдөрү биздин жалпы бюджетибизге түшкөн төлөмдөрдүн 0,6 пайызын гана түзөт. Бул 250 млн сомдун айланасы. Ал эми пенсияны төлөөгө келгенде, бул катмарга жалпы пенсиянын 40 пайызын беребиз, мисалы, 2022-жылы ушул 40 пайызды жабыш үчүн биздин бюджеттен 29 млрд сом төлөндү.

- Социалдык фонддун интернет барагында төлөмдөрдүн аздыгы менен катар мигранттардын акчасынын чет мамлекеттерде калып жатышы келечектеги коркунуч катары каралган экен. Ушундай жагдайдан кантип чыгалы деп жатасыздар? Анан жарандар жанагы сиз айткан 100 миң адамдын катарына кошулуп калбашы үчүн азыртадан кандай аракеттерди көрүшү керек?

- Эми Социалдык фонддун түзүлгөнүнө 30 жыл болду. Бардык жарандарыбыз Соцфонддун бар экенин жакшы билет. Учурда 765 миң пенсионер бар экенин да жакшы билет. Биз тынымсыз түрдө эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматында, бүгүнкү күндө эмгекке тартылган жарандардын жалпы саны 2 млн 581 миң адам.

Социалдык фондго өз каражатын чегерип жаткандардын саны 1 млн 400 миң жаран, алардын 900 миңи гана жетиштүү акча төлөшөт. Калган 500 миңдей адам айына 7-10 сомдон, жылына 70-100 сом төккөндөр. Алардын пенсиясы аз болот, анан убагы келип эс алууга чыкканда “эмнеге менин пенсиям аз” деген суроолор берилет. Учурдан пайдаланып мен айта кетет элем – Соцфондго убагында канчалык көп төлөсө, ошончо пенсия көбөйөт.

Ар бир иштеген адам ошол эле жумуш берүүчүгө кайрылып “убагы келгенде мен да пенсияга чыгам, менин пенсиям кандай болот?” деген талаптарды коюшу керек. Анткени ошол эле жумуш берүүчүлөр Социалдык фондго 17 пайызды төлөбөш үчүн жумушчунун да пенсиясын азайтып жатат.

- Ооба, ошондой болуп жатат. Себеби, жумушчу ошондой талап койгондон тартып эле жумуш берүүчүнүн кызматкерге мамилеси өзгөрөт. Анткени жанагы сиз айткан 17 пайызды иш берүүчү төлөгүсү келбейт. Мындай учурда мыйзамда жоопкерчилик каралганбы?

- Жоопкерчилик Кылмыш кодексинде да, Административдик кодексте да каралган. Учурдан пайдаланып жарандарыбызга кайрылып кетет элем, эгерде жумушка кирип жатсаңыздар ошондой талап коюшуңуздар керек, “менин иш стажым эсептелиши керек, Соцфондго төлөңүздөр” деши керек. Эгер ар бирибиз ушундай айтсак, жумуш берүүчү эч жакка кетпейт, ал төлөйт.

- Эмгек китепчесин толтуруу деле айрым компания, ишканаларда жакшы калыптанган эмес. Эмгек китепчесин электрондук вариантка өткөрүүнү карай элексиздерби?

- Мындай тажрыйба Орусияда кирген, бизде азырынча кире элек. Бул жаатта иштешибиз керек. Бирок Социалдык фонддо 1996-жылдан бери ким кайсы жакта иштеп, канча төлөп жатканы боюнча маалыматтар толук бар. Ошондуктан 1996-жылдан берки эмгек китепчесинин көп деле зарылчылыгы жок. Ал эми ага чейинки маалыматтарды жарандардан сурап жатабыз, анткени Социалдык фондго ага чейинки маалыматтар өткөрүп берилген эмес. Азыркы учурда жаңы мыйзамдын долбоорун демилгелеп жатабыз, депутаттарыбыз колдоп берсе, жарандар тек-жайын тастыктаган паспортун гана көргөзүп, ошонун негизинде эле пенсиясын чегерүүгө шарт, мүмкүнчүлүк түзүлөт.

- Жарандар сиздерге өз акчасын ишенип берип жаткандан кийин ал каражатты кантип майнаптуу пайдаланып жатасыздар? Аны кантип сактап, көбөйтөсүздөр?

- Бул жаатта иш жакшы жүрүп жатат. Мисалы, былтыр 2022-жылы биздин топтомо фондубузга жалпысынан 35 млрд сом чогулду, анын көлөмүн быйыл 42-43 млрд сомго чыгарабыз деп турабыз. Топтомо фонддун акчасынын 85 пайызын мыйзамга ылайык мамлекеттик баалуу кагаздарга салышыбыз керек, 15 пайызын коммерциялык банктарга депозитке коюп, акча иштеп табуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мамлекеттик кагаздарга бүгүнкү күндө 10-18 пайыздан салып жатабыз. Ал эми коммерциялык банктардын коюмун Улуттук банк аныктап турат, ал канча болсо, биз он коммерциялык банкка ошончо менен беребиз. Акыркы эки жылдагы анын коюму 13-18 пайыз болуп жатат.

- Акыркы учурда жарандар пенсиясынын бир бөлүгүн ипотекага алганга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошол акча кандай шарттар менен берилип жатат? Ал акчаны алгандан кийин пенсиясы кемип калбайбы?

- Бул шарттарды былтыр киргизгенбиз, бул төлөмдөр үчүн 2023-жылга 1,3 млрд сомго чейин каражат каралган. Ал акчаны жарандар эми быйылтан баштап ипотеканын баштапкы төлөмүнө эле эмес, кредиттин өзүн да жапканга колдонсо болот. Жарандар ал акчаны алганы менен, ал адам качан пенсияга чыкканда пенсиясынын өлчөмүнө таасирин тийгизбейт.

- Бириккен Улуттар Уюмунун квалификациясы менен өлкөлөр “улгайган улут”, “улгайып бараткан улут” жана “жаш улут” деп бөлүнөт эмеспи. Кыргызстан кайсы категорияга кирет? Мамлекет пенсионерлерди татыктуу каражат менен камсыздай албай калбашы үчүн кайсы жумуштарды жүргүзүшү керек деген ойдосуз?

- Дүйнө жүзү боюнча, анын ичинен Кыргызстанда деле, акыркы 15 жылда адамдардын орточо жаш курагы төрт жылга узарды. Улуттар Уюмунун квалификациясы боюнча “улгайган адам” деп 60-65 жаш эсептелет. Кыргызстанда мындай курактагы адамдардын саны 378 миң. Алар биздин мамлекеттин жарандарынын жалпы санынын 5,4 пайызын түзөт. БУУнун квалификациясы боюнча жалпы калктын 4 пайызын ушул курактагылар түзсө, ал мамлекет “жаш мамлекет” деп эсептелет. Ал эми 4-7 пайызды түзгөн улут “картайып бараткан” улут делет, ал эми 7 пайыздан көп болсо, ал улут “улгайган” деп эсептелет.

- Демек, ошондо сиздерде максаттар көп экен да?..

- Ооба, октябрь айында мыйзам долбоорун киргизип жатабыз, депутаттар тарабынан колдоо табат деп ойлойбуз. Бүгүнкү күндө аял кишилер пенсияга 58де, эркектер 63 жашында чыгышат. Ошол эле маалда айрым жарандардын эрте пенсияга чыгууга укугу бар – аял кишилер 55 жашында, эркектер 60 жашында.

Ошол “эрте пенсияга чыгуу” деген ченемди жоюшубуз керек болуп жатат, себеби азыр жыл сайын пенсияга чыккан жарандардын 54 пайызын ушул эртелеп эс алууга кетип жаткандар түзүүдө. Эмне себептен ал ченемди жокко чыгарууну көздөп жатабыз? Биринчиден, андай адамдар колуна пенсияны аз алып калып жатат. Экинчиден, бул Соцфонддун төлөмдөрүнүн чоң бөлүгүн түзүп жатат.

- Бийик тоолуу аймактарда жашаган жарандардын да пенсияга чыгуу курактары боюнча демилге көтөрүп жүрдүңүздөр эле, анын соңу кандай болду?

- Ооба, буга чейин ушундай мыйзам долбоорун сунуштаганбыз. Өзүңүздөргө маалым – тоолуу аймактарда эгер үч балалуу болсо, аял кишилер 45 жашынан пенсияга чыгышат. Ал эми курагы боюнча аялдар 50, эркектер 55 жашта эс алууга кетишет. Биз ар бир пенсия курагына үч жылдан кошолу дегенбиз, бирок ал мыйзам долбоору колдоо тапкан жок.

- Дагы бир талаш жаратып келаткан маселе иштен кетпеген пенсионерлердин мамлекеттен алып жаткан каражаттары болгон эле. Сиздер, Министрлер кабинети, пенсия да алып, айлык акы да алып жаткандарды мамлекетке карата адилетсиз мамиле жасап жатат деп эсептейсиздерби?

- Мамлекеттик кызматкерлер бүгүнкү күндө пенсиясын дагы, айлыгын да алып жатат. Биз пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн төлөнгөнүн туура деп эсептейбиз, бирок ошол эле маалда мамлекет бюджеттин эсебинен төлөп берип жаткан базалык бөлүктөгү 3170 сомду жаран айлык алып жаткан маалда токтотуп турууну туура көргөнбүз. Бирок бул мыйзам долбоору дагы парламенттен колдоо тапкан жок. Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбооруна бул пункт кирген жок.

- Акыркы жылдардагы тенденция кандай – жарандар Социалдык фондго төлөмдү көп чегере баштадыбы?

- Негизинен мамлекет тарабынан айлык акылар көбөйүп жатпайбы, Социалдык фондго ошонун эсебинен эле төлөмдөрдүн өлчөмү өстү. Жалпысынан "көп төлөсөм, пенсиям да көп болот экен" деген кескин  умтулуулар байкала элек...

- Бул эми жарандардын мамлекетке жана Социалдык фондго болгон ишениминин көрсөткүчү эмеспи?

- Ишеним болгондо... Эми жарандар пенсияга чыкканда “эмне себептен менин пенсиям аз” деп жатпайбы?! Менин оюмча, бул жерде жарандар тарабынан кайдыгер мамиле болуп жатат. “Ошол эле АКШ, Жапония, Европа мамлекеттеринде пенсия көп экен” деп айтышат биздин жарандар. Туура, анткени ал мамлекеттерде пенсияга төлөм чегерүү маданияты аябай бийик деңгээлде. 20-30 жаштагы балдар-кыздар эле келечекке, улгайган чагына кам көрө башташат. Мамлекет ал жактарда маянасынын жарымына чейин кармап калат. Бизде болсо айына 10 сомдон төлөп жаткандар арбындыгын жогоруда айттым.

- Социалдык фондго төлөмдүн көлөмү чоң деген да нааразычылыктар айтылып жүрөт, буга кандай пикирдесиз?

- Мындан 12 жыл мурда Соцфондго төлөм 39% болчу, анда да төлөм жогору дешкен, андан бери 12 пайызга төмөндөттүк. “Жеңил өнөр жайында кийим-кече тиккендер тармагында өтө көп киши иштеп жатат, анын төлөмдөрүн азайтсаңар, көмүскөдөн чыгып, көп төлөй баштайбыз” дешкен. Мындай сунуш “Легпром” бирикмеси тарабынан берилген. Биз ага макул болуп жеңил өнөр жайдыкын 27 пайыздан 6 пайызга мына алты-жети жыл мурда төмөндөтүп бергенбиз.

Бирок кийим тиккен ишкерлер мурда кандай жашыруун иштеп келсе, азыр деле ошондой жашыруун иштеп жатат. Эми курулуш тармагындагылар “биздин төлөмдөрдүн өлчөмүн 14 пайызга чейин азайтып бергиле” деп сунуштап жатышат, биз ага деле барганы турабыз. Бирок төлөмдөр көбөйүп кетерине эч кандай кепилдик жок. Бул жерде жарандар жумуш берүүчүлөргө пенсиялык төлөм боюнча талап коймоюнча абал ушул бойдон эле калат го деген ойдомун.

- Дагы бир маселе – бул эмгекке жарамдуу, ал-күчкө толуп турган, акчасынын бир бөлүгүн Социалдык фондго чегере турган жарандарыбыздын 1 миллиону чет мамлекеттерде эмгек миграциясында жүргөнү. Алардын акчасын тартуу, аларды Кыргызстанда пенсияга чыгаруу боюнча кандай жумуштарды жүргүзүп жатасыздар?

- Эмгек боюнча эл аралык уюм бар, алардын ченеми боюнча бир пенсионерге үч иштеген адам болгондо жагдай жакшы деп эсептелет. Биздин мамлекетте бир пенсионерге 0,8 адам туура келет, башкача айтканда, бир кары адамыбызга бир жумушчу да толбойт. Бул биз үчүн чоң көйгөй. Анткени ошол чет өлкөлөрдө жүргөн активдүү жарандарыбыз ушул жерде иштешсе жакшы болмок. Биз Орусия Федерациясы менен 2020-жылы келишим түздүк, анын негизинде Орусияда иштеп жүргөндөрдүн төлөмдөрү эмгек стажы катары, төлөм катары кабыл алына баштады.

Мисалы, жаран Орусиядан пенсияга чыга турган болсо, анын Кыргызстанда иштеп жүргөн күндөрү пенсияга эсептелет, тескерисинче, Орусияда иштеп жүрүп Кыргызстандан пенсияга чыга турган болсо, ал мамлекеттеги иштеп жүргөн жылдары эмгек стажы катары саналат. Ушундай эле келишимдер Казакстан, Түркия, Армения менен түзүлгөн. Мисалы, Түркияда биздин алты жараныбыз пенсияга чыкты, алар түрк жарандары кандай жеңилдиктерди пайдаланса, ошондой эле укуктарга ээ болушту. Туштүк Корея менен да бул жаатта иштер жүргүзүлүүдө.

- Мисалы, кайсы бир жаран “мен ушунча жыл Социалдык фондго төлөм чегербей келдим эле” десе, же “буга чейин эч нерсе төлөгөн эмесмин, эми төлөйм” десе, канча суммадан башташы керек?

- Албетте, бул бизде каралган, аны биз “өз ыктыяры менен төлөө” деп коёбуз. Анын так суммасы жок, 100 сом болобу, 50 сом болобу – айырмасы жок. Канча сумма болсо дагы кабыл алабыз. Жанагы жылына 100 сомдон төлөп жаткан катмар дагы мындан пайдаланса болот.

- Маегиңизге ыракмат.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *