Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4700 сомдон сатылып жатканы кабарланды

0
Бишкекте көмүрдүн тоннасы 4700 сомдон сатылып жатканы кабарланды

Энергетика министрлиги Бишкекте жарандарга көмүрдүн бир тоннасы 4700 сомдон сатылып жатканын 13-октябрда билдирди.

“Кыргызкөмүр” ишканасы Ден Сяопин 306Б дарегинде көмүр сатуу пунктун уюштурганы, учурда ал жерде 800 тонна көмүр бар экени маалыматта айтылат.

Мекеме билдиргендей, учурда Бишкек жылуулук борборун жана калкты көмүр менен камсыз кылуу графиктин алкагында жүрүп жатат.

Жакында оор жүк ташуучу автоунаалар менен көмүр ташылып келип, төмөнкү даректерде 4700 сомдон сатыла баштайт:

Мурманская 126;

Алыкулов 6 б;

Курманжан Датка-Айланма жол (кесилиште);

Ылдыйкы Ала-Арча айылы (Курманалиева көчөсү).

Энергетика министри Таалайбек Ибраев өткөн айдын башында Бишкекте Кара-Кеченин көмүрү сатыларын маалымдаган. Анда көмүр Балыкчыдан бери көздөй темир жол аркылуу ташылып келгендиктен бир аз арзаныраак түшөрүн, 5 миң сомдун тегерегинде болорун кошумчалаган.

Кыргызстандагы 30га жакын көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан. Нарындагы Кара-Кече көмүр кени “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасына таандык, анда 200дөй адам эмгектенет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *