Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

"Карып, бизди тааныбай калыптыр". Он беш жыл жоголгон жубайлар Казакстандан табылды

0

Кыргызстандын 15 жылдан бери дайынсыз болуп келген жарандары Казакстандын Жамбыл облусунда табылды.

Жубайлар казак айылдарынын биринде бирөөнүн малын багып, короо-жайын карап жүргөн. Туугандарынын айтымында, үч жолу казак полициясына кайрылып, жардам сураганынан тыянак чыккан эмес. Ушул тапта бул үй-бүлөнүн жакындары жана 80ден ашкан энеси кыргыз бийлигинен алардын паспортторун калыбына келтирип, өз мекенине кайтарып берүүнү суранып жатат.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу бул үй-бүлөгө документ жасалып жатканын, алар кулчулукта кармалбаганын айтууда.

Бишкек шаарынын тургуну Элмира Рыскелдиева 15 жыл дайынсыз кетип, бир ай мурда Казакстандан табылган 51 жаштагы бир тууган агасы Бакыт Рыскелдиев менен 53 жаштагы жеңеси Элмира Токтосунованын азыркы абалына кабатыр.

Анын айтымында, Казакстандан тапкан кезде агасынын тиштери түшүп, бетине тырык пайда болуп, бир бутунан аксап калган. Ал эми жеңесинин ички органдарына эт өсүп, тез арада медициналык жардам алышы керек болуп турат.

Элмира бир тууганы Бакытты соңку ирет 2007-жылы февраль айында көргөн. Ал учурда Бакыт Рыскелдиев аялы менен Токмоктогу кыргыз-казак чек арасына жакын айылдардын биринде күнүмдүк жумуштарда иштеп жүргөн экен.

Бир жыл өтпөй бир туугандардын ортосунда байланыш үзүлгөн.

"Агамдын дайыны чыкпай калгандан бери кабатыр болуп жүрдүм. Бир нече жолу кыргыз-казак чек арасына издеп бардым, бирок таппадым. Кийин Бакыт абамды "Казакстандын Ак-Терек айылында каза болуптур" деген суук кабар уктук. Бирок муну 80 жаштагы апама айткан жокпуз, аядык. Туугандарыбыз менен куран окуп коелу деп Казакстандын Ак-Терек айылына барганбыз. Ошол жерден бир киши агамды бир апта мурда мал карап жүргөндө көргөнүн айтты. Айыл четиндеги мал сарайлар бири-биринен абдан алыс жайгашкан экен. Биз аларды кыдырып, сураштырып отуруп агам жашаган үйдү таптык. Көрсө ал жеңем менен жергиликтүү Адилет аттуу тургундун малын багып жүрүптүр. Кийингени жупуну, тиши күбүлгөн, бетинде тырык пайда болуп, сылтып басып калган экен. Адеп бизди тааныган жок, өзүбүз тууралуу айтып бергенден кийин дароо "алып кеткиле" деди. Жеңемдин курсагы 7-8 айлык боюнда бар аялдыкындай чоңоюп кеткен экен, ичинде киста өсүп кеткенин, эки-үч айлык өмүрү калганын айтты", - деди Элмира.

Уулун күтүп, зарыккан эне бийликтен жардам күтөт

80 жаштагы Жамый Рыскелдиева дайынсыз болуп кеткен уулу табылгандан бери жол карап отурат.

Жакында эле социалдык тармактар аркылуу кыргыз бийлигине видео кайрылуу жасап, уул-келинин өз мекенине кайтарууга жардам сураган.

Баатыр эне баласы Казакстанда жүргөнүн, бирок паспорту жоктугуна байланыштуу үйүнө алып келүү мүмкүн болбой турганын айткан.

Бакыт Рыскелдиев аялы Элмира экөө Жамбыл облусуна караштуу Ак-Терек участогунда Адилет аттуу казак жаранынын сарайында малын багып, чарбасын жүргүзүп келген.

Карындашынын айтымында, ал жерге Адилет агасын бир эле ай иштеп бер деп алып барып, 15 жыл кармаган. Короо толо кой, уй, жылкы бакканы үчүн бул үй-бүлө 120 миң теңге айлык алып турган. Бирок тапканы тамак-ашынан артпай, өп-чап турмушта күн кечирүүгө аргасыз болгон.

Бөтөн жерде иштеген Бакыт Рыскелдиев карындашы Элмирага үч ирет качып, полициянын колуна түшүп калганын да айтып берген. Андай учурларда полиция Рыскелдиевди мал сарайдын ээсине кайтарып турган экен. Бакыт казак-кыргыз чек арасындагы "Кордай" өткөрмө бекетине келип, колунда паспорту жоктугунан улам артка кетүүгө аргасыз болгон.

Кыргызстандан агасын издеп барган бир туугандары Бакыт Рыскелдиевди казак-кыргыз чек арасына жакын жайгашкан айылдардын бирине тааныштарыныкына алып келген.

Жеңеси Элмира Токтосунова болсо иштеген жерин таштап кетүүдөн коркуп, кийин карыз кылып коюшу мүмкүн деп ошол жерде калууга мажбур болгон экен.

"Агам азыр толук маалыматты айтып бере элек. Өзүбүз дагы маселени козгогубуз келбейт, анткени агамды үйдө тогуз бир тууганы жана 80ден ашкан энебиз күтүп отурат. Бирок "бизди алып кеткиле" дегенинде бир мандем бар. Агам, балким, кайра чыгарбай алып калат деп коркуп жаткандыр. Аны сабады, кордук көрсөттү деп айта албайм, себеби билбейм. Бирок абалы начар экен, 70-80 жаштагы абышкадай карып кетиптир. Тиштери түшүп, бир буту аксап жүрөт. Азыр биз Кыргызстанга кайтып келдик. Бирок агам менен жеңем Казакстанда калды. Биз аларды чыгарып кетишибиз керек, үйдө апам күнү-түнү уктабай күтүп отурат. Тиктегени терезе, улам сурайт. Эне үчүн 15 жылдан бери уулун күтүү тирүүнүн тозогу болсо керек. Бизге "Бакыт каза болду" деген жаңылыш кабар келгенде да апама айткан эмеспиз. Туура кылган экенбиз. Агам эмнеси болсо да тирүү. Эми биз аны кайтарып алсак экен деп эле турабыз. Келгенден кийин үйдөн бардыгын айтып берсе керек, ошондо бизге жардам керек болот".

Элмира башка бир туугандары менен агасын ал иштеп, жашап жүргөн мал сарайдан алып кетип баратканда алдынан Адилеттин бир тууганы тосуп чыккан. Ага Бакытты Кыргызстанга алып келип, энеси менен учураштырып, кайра алып келерин айтышкан.

"Бөтөн жерде болгондуктан ушундай сөздөрдү айтып, алдоого туура келди", - деди Элмира.

Азыр бул үй-бүлөнү Кыргызстанга чыгарып кетүү кыйынга турууда. Бакыт Рыскелдиевдин да, Элмира Токтосунованын да колунда тек-жайын тастыктаган эч кандай документ жок.

"Бул түгөйлөр кулчулукта болгон эмес"

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов менен байланышканыбызда кыргызстандыктардын окуясы тууралуу маалыматы бар экенин айтты. Ал маселени көзөмөлдө экенин кошумчалап, 16-октябрда бул үй-бүлө консулдукка келерин, тек-жайын аныктоо, убактылуу документ берүү маселеси ошондо караларын да кошумчалады.

Консулдун маалыматына ылайык, Бакыт Рыскелдиев жана Элмира Токтосунова Казакстандын Карасай айылындагы Ак-Терек участогунда өз каалоосу менен жергиликтүү тургундун үйүндө мал карап иштеп, ал үчүн сүйлөшүлгөн айлыгын алып турган.

"Окуя биздин көзөмөлдө турат. Бакыт Рыскелдиев Казакстанга өз ыктыяры менен кетип, өз каалоосу менен иштеп жүргөнү белгилүү болду. 16-октябрда Рыскелдиев биздин консулдукка келет. Биз өзүнүн каалоосуна жараша документтерин даярдап беребиз. Эгер Кыргызстанга жетип паспортумду жасатам десе, убактыуу паспорт берилет", - деди консул.

Азыр Казакстандын аймагында расмий эсеп боюнча 35 миңден ашык кыргызстандык жашап, иштейт. Бейрасмий эсепте алда канча көп болушу ыктымал.

Ариповдун маалыматына караганда, ай сайын Кыргызстандын Алматыдагы консулдугу 15-20 кыргыз жаранынын документтерин жаңыртуу, кайра калыбына келтирүү маселелерин чечип турат.

Жыл сайын миңдеген кыргызстандык жумуш издеп чет өлкөлөргө кетет. Алардын арасында жумуштан да, акчадан да жок, алданып мекенине кайта албай калган же кулчулукка кабылгандары да кездешет. Ушу тапта миграциядан ары дайынсыз кеткенин айтып, Кызыл чырым уюмуна Кыргызстандан отуздай киши кайрылган.

Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматында айтылгандай, Казакстанда документи жок кыргызстандыктар кулчулукка кабылган учурлар катталып келет.

Көз каранды эмес укук коргоо уюмдарынын иликтөөлөрү боюнча, кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *