Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Боррел: Миллион адамды 24 саатта эвакуация кылуу мүмкүн эмес

0
Боррел: Миллион адамды 24 саатта эвакуация кылуу мүмкүн эмес

Учурда Бээжинде иш сапар менен жүргөн Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Израилдин Газанын түндүгүндөгү 1,1 млн адамды эвакуация кылуу талабын "аткаруу такыр мүмкүн эместигин" белгиледи.

Би-Би-Синин маалыматында он миңдеген жай тургундар Израил жердеги операциясын баштарын жарыялагандан кийин Газанын түштүгүн карай качууда.

"24 саатта миллион адамды жайгаштырган абалды элестетип көрсөңүз, гуманитардык каатчылык гана болушу мүмкүн", - деген Боррел.

Ал Израил жай тургундардын өмүрүн сактоо үчүн эл аралык гуманитардык укуктун чегинен чыкпашы керектигин эскертти.

"Позиция белгилүү, - деди Боррел. Кайсы гана укук болбосун (мамлекеттин өзүн коргоо укугу) чеги болот. Бул чек - эл аралык укук".

Буга чейин БУУнун жетекчиси Антониу Гутерриш Газанын түндүгүндө кеминде 1,1 млн адам бар экенин, мындай учурда массалык эвакуацияга чакыруу кооптуу экенин билдирген.

Жума күнү Израил армиясы Газа тилкесинин түндүгүндөгү тургундарга 24 саат ичинде түштүктү көздөй жер которууну эскерткен. Алар операция алдында Газа тилкесинде бир катар рейддерди жүргүзгөн. Рейд учурунда ХАМАС туткунга алган израилдиктердин бир нече сөөгү табылган.

Израилде өткөн ишембиде ХАМАС кол салганда 1300 адам каза болгон. Газа тилкесине жооп катары урулган соккуда акыркы маалыматтар боюнча 1900 адам өлгөнү кабарланды.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *