Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Бишкекте жылуулук качан берилери айтылды

0
Бишкекте жылуулук качан берилери айтылды

Бишкек мэриясы шаар тургундарына жылуулук качан бериле баштарын тактады.

Маалыматка ылайык жылытуу мезгили абанын орточо температурасы беш күн катары менен +8 градустан төмөн болгондо башталат.

Бишкек ЖЭБден жылуулукту берүү бир нече күнгө созулат. Биринчи кезекте мектептерге, бала бакчаларга, ооруканаларга, төрөт үйлөрүнө жана социалдык коргоо мекемелерине берилет. Андан кийинки кезекте жылуулукка карызы жок турак үйлөр, өнөр жай ишканалары жана мекемелер.

Турак жайды туташтыруудан мурда көп кабаттуу үйлөрдүн жогорку кабаттарындагы жылытуу приборлорундагы "Маевскийдин крандары" деп аталган система аркылуу абаны чыгаруу зарыл. Муну менен батирлерге жылуулук тез келет.

Былтыр Бишкекте жылуулук 26-октябрдан тартып бериле баштаган.

Синоптиктер 16-октябрдан тартып Кыргызстан боюнча күн жылый турганын болжоодо.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *