Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2023

Иранда белгилүү режиссер жана анын аялы киши колдуу болду

0
Иранда белгилүү режиссер жана анын аялы киши колдуу болду

Иранда белгилүү режиссер Дариуш Мехржуи жана анын аялы өз үйүндө бычакталып өлтүрүлдү. Бул тууралуу 15-октябрда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

IRNA агенттиги прокуратура өкүлү Хоссейн Фазелиге шилтеме кылып билдиргендей, алардын сөөгүн кызы ишембиде Тегерандан 30 чакырым аралыкта жайгашкан үйүнө барганда көргөн.

Маалыматтарга ылайык, учурда иликтөө жүргүзүлүүдө. Маркумдун жубайы мурдараак соцтармактан коркутууга кабылганын билдирген, алардын өлүмүнүн себеби тууралуу расмий маалымат бериле элек. 

83 жаштагы режиссер 1970-жылдары Иран кино индустриясынын түптөөчүлөрдүн бири болгон. Ал тарткан тасмалары үчүн көптөгөн сыйлыктарды алган. Мехржуи өткөн кылымдын 60-жылдары Лос-Анжелестеги Калифорния университетинде окуган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *